Вторник, 21 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Азыркы тапта жеринде №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тынымсыз иш алып барып жаткандыгы айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, айдоочулар алыс жолго чыгардын алдында аба ырайынын шартын эске алуу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүсү зарыл.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар