Вторник, 21 мая, 2024
14.1 C
Бишкек

Ысык-Көлдө ойлоп табуучулардын эл аралык жаштар форуму өттү

Ысык-Көл облусунда “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлорунун эл аралык жаштар форуму болуп өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чара 23-апрелден 27-апрелге чейин созулду. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын жаш техниктери жана ойлоп табуучулары катышышып, түрдүү номинациялар боюнча илимий-техникалык жана ойлоп табуучулук долбоорлорду сунушташты.

Форумдун катышуучуларынын эмгегин КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери, илимдин докторлору, окумуштуулар, ойлоп табуучулар, Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖОЖдорунун академиктери жана профессордук-окутуучулук курамы кирген калыстар тобу баалады.

Сынактын максаты – билим берүүнүн жана илимий-техникалык чыгармачылыктын сапатын жогорулатууга, долбоорлоо, илимий-изилдөө жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө салым кошуу, ошондой эле Кыргызстандын келечектеги инженердик элитасы үчүн чечимдерди кабыл алууга жаштардын практикалык катышуусу болуп саналат.

Жеңүүчүлөр жана орундарга ээ болгондор I, II жана III даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, мелдешке борбор калаадагы мектептердин “Бишкек жылдыздары” курама командасы катышып, 4 алтын жана бир коло медалга ээ болушту.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар