Пятница, 17 мая, 2024
23.1 C
Бишкек

Нарын району 54 миң көчөт олтургузууну пландоодо

Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” ЖЧКсы “Жашыл мурас” өнөктүнө катышты 27- апрелде Нарын районунда жашылдандыруу акциясы өтүп, ага Нарындагы ири инвестициялык компания катары саналган Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” ЖЧКсы да катышты.

“Биз, Президент Садыр Жапаровдун курчап турган экосистеманы коргоо, калыбына келтирүү максатында демилгелеген “Жашыл мурас” өнөктүгүн туруктуу колдоого алабыз. Андыктан компания ишмердик жүргүзгөн Нарын райондук администрациясы, Миң-Булак айыл өкмөтү менен биргеликте бүгүн ийне жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү Улуу Жибек жолунун боюна тигип жатабыз. “Бучук” алтын кенин иштетүүнү максат кылган компаниябыздын урааны да “Таза технологиялар!” деп аталып, биринчи кезекте экологияны өз калыбында сактоону, уулу таштанды, химиялык зыяндуу заттарды өндүрүшкө пайдаланбоону максат кылып келебиз. Өткөн жылы да Нарын мамлекеттик университетин менен бирге Солтон-Сары жайлоосундагы автожолдун жээгин тазалап, жайлоону 10 тоннага чукул таштандыдан арылтканбыз”,- деди инвестициялык компаниянын генералдык директору Сюй Говей.

Ал эми Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нуридин Султанов райондо тазалык жана жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатканын билдирди.

“Өлкө башчысы Садыр Нургожоевич БУУнун трибунасында дүйнө калкына экологияны сактоо, калыбына келтирүү, жашыл экономикага өтүү чакырыктарын жасап, Кыргызстанда “Жашыл мурас” экологиялык өнөктүгүн баштаганын билесиңер. Мына ошол өнөктүктү кызуу колдоого алып, облус жетекчилиги “Бир адамдан — бир көчөт” долбоорун баштаганбыз. Биздин Нарын району быйылкы жылы жалпысынан 54 миң ийне жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү олтургузабыз. Учурда айыл өкмөттөргө, мекеме-ишканаларга жашылдандыруу өнөктүгү боюнча берилген тапшырмалар кызуу жүрүп жатат. Бүгүн Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” компаниясы көчөт отургузуп жатышат. Компания Нарын районундагы эң ири инвестор. Жыл сайын районубуздагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө 50 млн. сом өлчөмүндө соцпакет катары каражат берип, дотациядан чыгарды. Компаниянын түз инвестициясы, курулуш материалдарын, азык түлүк сатып алууларга, жумушчу орундарын толтуруу, салык жана башка төлөмдөрү аркылуу Нарын району облуста биринчи орунга чыктык. Өндүрүш ишин баштаса мындан да жакшы жыйынтыктар болот”,-дейт райондун акими.

Эске сала кетсек, аталган компания Президент Садыр Жапаровдун уруксаты менен 2022-жылдын августь айынан тарта Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” алтын кенинде курулуш иштерин баштаган. Өндүрүш быйылкы 2024-жылдын ичинде ишке киришээри күтүлүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар