Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

Чүйдө 46 гектар кайракы жерге жүзүм тигилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев  Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында бош жаткан кайрак жерлерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен иштетүү, жүзүм, мөмө жемиш бактарын тигүү боюнча алдыда аткарыла турган иштер менен таанышты.

Коюлган талап, пландарга ылайык быйылкы жылы Кемин районунун Чым-Коргон айылынды 38 гектар, Чүй районунун Искра айылында 8 гектар кайрак жер өздөштүрүлүп, жүзүм тигилмей болду.

“Кимдер кооператив түзсө, мамлекеттин балансындагы өздөштүрүлбөй бош жаткан кайрак жерлерди берип, аны иштетүүгө каржы булактарын караштырып, арзан насыя жана тамчылатып суугаруу системасын орнотуп берүү, ал түгүл МТСтерди берүү жагын пландаштырып жатабыз. Натыйжада, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын көлөмү артат, сапаты жогорулайт, дыйкандар дагы кирешеге чыгышат”, — деди Төрөбаев.

Бул аракеттер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен экспорттук потенциалын жогорулатары айтылды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар