Четверг, 9 мая, 2024
29.1 C
Бишкек

Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кармалды

2019-2020-жылдары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп турган Эркинбек Чодуев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Чодуевге Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иш козголгон. Ал «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан жалпы аянты 50 гектардан ашык жерин мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жиберген. Келтирилген зыян, алдын ала эсеп боюнча, 500 млн сомго жетет.

Чодуев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар