Понедельник, 20 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

“Насыкеме жолуктурган Кудайыма ыраазымын”

Мындан туура 14 жыл мурун, белгилүү композитор, кыргыз музыкасынын корифейи, Кыргыз Республикасынын гимнинин музыкасынын авторлорунун бири, белгилүү дирижёр, Кыргыз эл артисти Насыр Давлесов менен маек куруп, улуу композитордун жакасына чаң жугузбай кастарлаган Сабира апанын чайын ичкен элем. Тун уулумдун аты Залкар экенин уккан композитор “Балаңды алып кел, батамды берейин” деген болчу. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп, ана барам, мына барам болуп отуруп ал киши кийинки жылы өтүп кетти. Жакында айтылуу композитордун үйүнө баш багып, 85ке чыккан Сабира апа менен баарлаштым. Атактуу инсандын акылы, эс тутуму мурдагыдай эле тунук байбичеси бизге кызыктуу маек куруп берди.

“Мунун баарын өзүң үйрөткөнсүң десем каткырчу”

– Мен ал учурда Фрунзедеги медициналык окуу жайынын 2-курсунда окуп, бош убактымда окуу жайдагы ышкыбоздук ийримдерине катышып, ырдап калчумун. 1957-жылы Москвада дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин VII маданий фестивалы өткөн. Ошол фестивалга катышууга хор, бий жагынан таланты бар жаштар тандалып калды. Эртеси комсомолдун борбордук комиссиясында тандоо болуп, хорго мен да тандалдым. Бизди атактуу Султан Юсупов деген хормейстер даярдап, фестивалга чейинки союздар аралык конкурстан ийгиликтүү өттүк. Агезде 28 жаштагы Насыке бизге жетекчи болгондуктан баарыбыз аны агай дечүбүз. Фестивалга чейин дагы бир нече күн бар болгондуктан Насыр агай негедир мени Москвадагы театр, ресторандарга чакыра баштады. Анда мен он жетидеги жапжаш кызмын. Чакырган жерине жалгыз барбай жаныма курбу кыздарды алып алам. Агай баарыбызды сыйлайт же театрга киргизет. Бир күнү ал мага “Мен эмнеге сага мындай мамиле кылып жатканымды түшүнүп жатасың да ээ?” деди. Ал учурда агайга сөз кайтарыш деген кайда, эмне дээримди билбей унчукпай кутулдум. Көрсө, ошол учурда эле а киши мени сыртыман жактырып, байкатпай кайтарып калыптыр.
Москвадан келгенден кийин Калый экөө мени жеңелери даяр турган үйгө ала качып келип, жоолук салышты. Ошентип Насырга колукту болдум. Кудай турат, мени Насыкем абдан сыйлап, кадырлап, мага бардык мүмкүнчүлүктү түзүп берди. “Тигиндей бол, мындай бол” деп бир катуу сөз айткан жок. Тескерисинче, улуулук кылып мени жумшактык, маданияттуулук менен жакшы тарбиялап алды. Кийин экөөбүз очор-бачар болуп калганда бир нерсени кичине туура эмес жасап койсом сылык гана “Ай мамка, минтсең болмок да” деп койчу. Андайда жөн турбай “Мен сага эч нерсе билбей жапжаш бойдон келгем, мунун баарын мага өзүң үйрөткөнсүң” деп каяша кылсам каткырып калчу.

“Насыкеме жолуктурган Кудайыма ыраазымын”

– Мугалимдерим, окуу жайдын директору Байдалиева абдан жакшы кишилер эле. Турмушка чыкканымды уккан директор мени чакырып алып “Сенден мыкты дарыгер чыгат. Бекер кылып жатасың. Окууңду бүтүрүп ал. Сени шаарга практикага жиберсем барбай коёсуң” деп 3-курсту окутпай туруп мени Быстровкага мамлекеттик практикага жиберди. Практиканы жакшы бүтүрүп келдим. Ал учурда Фрунзеде үч эле балдар ооруканасы бар болуп төртүнчүсү жаңы ачылып жаткан. Мени ошол жакка жиберишти. Ал жактан физиотерапевт медайым жок деп мени курортологияга адистешүүгө жөнөтүштү. Ал жерден ийгиликтүү окуп келип №4 балдар ооруканасында иштедим.
Окуп, иштеп жүрүп Насыкем экөөбүз эки уул, бир кыздуу болдук. Кызыбыз Чолпон улуттук консерваторияда жалпы фортепианодон сабак берип жүрүп, доцент болду. Кийин ал катуу ооруп 50 жашында каза болуп калды. Анын кайтыш болушу абышкам экөөбүзгө тең оор тийди. Чолпон өтүп кеткенден бир жылдан соң Насыкем 82 жашында кайтыш болду.
Улуу балабыз Баатырбек жаш чагында гитарада мыкты ойноп, студентттик ансамбль менен Казакстанга чейин барып келген. Кичүү балабыз да музыкалык аспаптарда ойноп жүрдү. Бирок, Насыкем балдарына “Профессионалдуу музыкант болбогон соң өзүңөр үчүн эле ойногула” деп койду. Ошентип алар музыкант болбой, экөө тең экономист болду. Баатырбек быйыл 66 жашка чыкты. Кичүү уулубуз Айбек “Керемет Банк-тын” директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштейт. Эки уул, бир кыздан алты небере көрдүк. Алардын баары үйлүү-жайлуу болушкан. Ушул тапта тогуз чөбөрөбүз бар. Кыскасы, Насыкеме жолуктуруп, ушундай балдарды, небере, чөбөрөлөрдү берген Кудай Таалага ыраазымын.

“Тарых, калыстык үчүн муну айтпасам болбойт”

– Абышкам достукка абдан бекем эле. Калый Молдобасанов экөө 14 жашынан таанышып, эң ынак достордон болушту. Биз Калый менен кошуна турчубуз. Кимибизде ысыгыраак тамак болсо эки үй-бүлө чогулуп ичебиз. Бир жолу биздикинде тамак ичип калдык. Бир кезде Калый бутунан тура алгыс мас болумуш болуп 10-класстагы уулубуз Баатырбекке “Балам, мени үйгө жеткир” деди. Баатырбек Калыйды жонуна көтөрүп жөнөсө Калый тимеле бутун сүйрөп шалактайт. Уулум аны маңдайкы үйдүн подъездине чейин көтөрүп барса ал бутуна шак тура калып Баатырбекти кучактап өөп: “Азаматсың уулум. Биз ушинтип кыялданчу эмес белек ээ, Насыке?!” деп абышкамды далыдан таптап жатпайбы. Чынында мен экөөнүн достугундай достукту башкалардан көрө алган жокмун.
Албетте, Калый бирөөгө жашынып атак ала турган инсан эмес. Ал өзү аты тарыхта алтын тамга менен жазылып калган улуу талант. Анын өзүнүн эле деңгээли бийик. Бирок, тарых үчүн бир нерсени айтып койбосом болбойт. Себеби, акыркы учурда Кыргыз Республикасынын гимни боюнча калыстык болбой жатат.
Убагында Кыргыз Республикасынын гимнинин музыкасын жазууга конкурс жарыяланып, белгилүү композиторлор чыгармаларына аты-жөнүн көрсөтпөй туруп тапшырышкан. Ошол учурда гимнге жазылган музыкалар радио, телевидение аркылуу элге жарыяланып, элдин сыноосуна да коюлуп жатты. Негедир башка авторлордуку, Калыйдыкы приставкалары менен сонун уктурулуп жатып эле Насыкеникине келгенде телевидениенин үнү тыртылдап, техникалык себептерден улам делинип аягына чейин угузулбай калды. Ошондо мен абдан жаман болдум. Насыр болсо сыр бербей “Ничего мамка, мени билгендер, чыгармаларымды угуп жүргөндөр өздөрү түшүнөт. А түшүнбөгөндөргө айтып, суранып да кереги жок. Эч жакка барбагыла” деп койду. Кийин Жогорку Кеңеште легендарлуу парламент депутаттарына Калыйдын эле музыкасын угузушуптур. Ошондо депутаттар “Эмнеге союз кезиндегидей кылып бир эле музыканы угузуп жатасыңар? Буга альтернатива жокпу?” деп чыгышат. Ошондон кийин депутаттарга Насыр Давлесовдун музыкасы да уктурулуп, алардын көбү Насыкеникин жактырышып, аныкы өтө турган болуп калат. Ошондо Калыйды да, Насыкемди да кыя албаган депутаттар “Экөөңүздөрдүкү тең жакшы болуптур, 14 жашыңардан бери да дос экенсиздер. Эми экөөңүздөр авторлош болгула. Буга макул болсоңуздар эле биз бир добуштан колдоп берели” дешет. Насыкем ак көңүл да, ал дароо макул болот. Калый өтө сыпайы, намыскөй киши болчу. Ал бир аз тартынып жатып макул болуптур. Ошентип гимндин Насыр жазган музыкасынын башына Калыйдын “В стане Манаса” симфониялык картинасынын 7 тактын кошуп, кайра өткөрүшкөн. Ошол гимнди өткөрүп жатканда баары кол чабышып, авторлор чыксын десе Калый сахнага чыкпай койду. Муну азыр айтып жаткан себебим, кай жерге барсаң эле гимндин музыкасынын автору Калый Молдобасанов дешет. Андай болсо авторлош деп экөөнү тең айтышыбыз керек да.
Былтыр өлкө гимнинин кабыл алынган күнү майрамдалып жатканда Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев телевидениеден сүйлөп жатып “Кандай чыгарма болбосун башталганда эле кимге таандык экени билинет” деп гимндин музыкасы тууралуу айтып жатат. Анан ал телеберүү бүткөн соң алып баруучу гимндин музыкасын Калый Молдобасанов жазган деп оозу-мурду кыйшайбай туруп айтты. Аны угуп алып мен чалкаман кетттим. Балдарым “Койчу апа, эл өзү билип, ажыратып алат” деп мени жубатып коюшту. Кийин кошуна кемпир Ысык-Көлдүн Түп районундагы бир музейге барса гид гимн тууралуу айтып келип, ал дагы гимндин музыкасын Калый Молдобасанов жазган дептир. Аны айтып кошунам да нааразы болуп келди. Кыскасы, ушинтип гимн тууралуу карапайым элге туура эмес маалымат жайылып жатат. А билбеген карапайым калк аны туура деп кабыл ала берет экен. Муну айтып улгайганда бирөөнүн көңүлүн оорутуп, бир бүтүн болуп калган Какем менен Насыкемдин достугуна шек келтиргим келбейт. Бирок, эл да мени туура түшүнөт деп ойлойм.

“Бир алтын доор өтүп кетиптир”

– Чыгармачыл чөйрөдө жолдошум экөөбүз “Айдар, Айша” деген операнын, “Бойдоктор” деген музыкалык комедиянын, “Эмне үчүн?” сыяктуу мыкты ырлардын автору Акмат Аманбаев, хормейстер Чанай Жумаканов, олуттуу чыгармаларды жараткан композиторлор Таштан Эрматов, Мукаш Абдраев, драматург Бексултан Жакиев, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, театр ишмерлери Амангелди Керимбаев, Асанбек Асакеев, Казакстандын белгилүү композитору Эркегалый Рахмадиев жана башка бир топ мыкты инсандар менен жакын мамиледе болдук. Ал учурда азыркыдай “Тигинин үйү же машинеси жок экен”, “Ал мага тигини берген жок, мындай кылбады”, “Бул орус, тигил өзбек”, “Оштук, таластык” деп бөлүнмөй, таарынышмай жок болчу. Адамдар бири-бирине байлыгына, мансабына, кызматына карап эмес, адамгерчилигине жараша мамиле кылышчу. Кыскасы, коммунизмге жетебиз деп жүрүп, чыныгы коммунизмди, жыргал жашоону баштан өткөрүппүз. Союз доорунда тигинден ашып түшсөм, эки-үч кабат үй салсам деген атаандашуу деле болбоптур.
Туулган күн, майрамдарда жоро-жолдоштор чогулуп алып шаар сыртына чыгып эс алып келчүбүз. Айылдан кымыз, эт-аш келип калса да аны үй-бүлөбүз менен эле жеп албай, санаалаштар чогула калып майрамдап ийер элек. Кыскасы, адамгерчилик биринчи орунда турган алтын доор өтүп кетиптир.
Мукаш Абдраевдин жубайы Урият, Какемдин кемпири Үпөл, Эстебестин келинчеги Рая, Амангелдинин байбичеси Фатима, Асанбек Асакеевдин аялы Фатима, Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира жана мен болуп алты-жети кемпир дайыма чогулуп турчубуз. Бексултан менен Сабира өтүп кеткенден кийин эле арабыз солгундап калдык. Байкуш Бексултан ооруп жатса да шеринебизге келип турчу эле. Башында биздин отуруштарыбызга Күлүйпа Кондучалова баш болуп келип турчу эле, кийин ал да өтүп кетти.

P.S. Сабира апанын айтымында, Насыр Давлесовдун үй-бүлөсүнүн атынан көп жылдардан бери Кеминдеги Насыр Давлесов атындагы мектептеги жакшы окуган он балага 1000 сомдон, Токмоктогу Насыр Давлесов атындагы Республикалык маданият жана искусство колледжинде үч балага 10 миң сомдон жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтундагы Насыр Давлесов иштеген кафедранын муктаж болгон үч студентине ар жылы 15 миң сомдон стипендиялар берилип турат экен.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар