Понедельник, 20 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек МАТКАЛЫКОВ: Кызыл-Кыя калкыбыз сыймыктанган шаарга айланат”

Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдык тарыхы бар. Шаар күндөн күнгө таза жана тыкан шаарга айланып, ар тараптан өнүгүп баратканын шаардыктар, жергиликтүү калк сыймыктануу менен айтышат. Шаар айрыкча, 2021-жылы Асилбек Маткалыков мэр болуп келгенден бери өсүү жолуна түшкөнүн белгилей кеткенибиз калыстык болор. Дегеним, Кызыл-Кыя шаары 2021-2025-жылдарга карата өнүгүү программасынын негизинде алдыга кадам таштоодо. Алып карасак, 2023-жылдын ичинде шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, инфраструктурасын жакшыртууга, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган кыйла иштер аткарылган. Ал эми шаардын мэри Асилбек МАТКАЛЫКОВ 2023-жылдын ичинде шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субъектилери шаардын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө өздөрүнүн салымын кошушканын, ошондой эле макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ иштер жасалганын айтып, Кызыл-Кыя жалпы кыргыз журту сыймыктанган шаарга айланарына ишенимин билдирди.

Өткөн жылдагы өсүштөр

2023-жыл ичинде өндүрүлгөн өнөр-жай продукцияларынын көлөмү 762,0 млн. сомду түзүп, өсүү 122,5%ды түзгөн.
Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы чакан жана орто бизнес-тин субъекттери өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топ ийгиликтерге жетише алышты. Башкача айтканда, 2023-жылдын ичинде 253,4 млн. сомдук өнөр-жай продукциясы өндүрүлгөн.
2023-жыл ичинде капиталдык салымдардын көлөмү 304,6 млн. сомду түзүп, жеке ишкерлердики 187,6 млн. сом болсо, мекеме ишканалардын каражаттары 117,0 млн. сомду түздү.
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында турак-жай имараттарынын курулушу боюнча 2023-жылда жалпы 86 батир курулуп, өткөн жылга салыштырмалуу 101,2% аткарылган.

Салык жыйноо

2023-жылга карата план боюнча 490,3 млн. сом белгиленген болсо, факт жүзүндө 501,7 млн. сом жыйналып, 102,3% аткарылды же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 206,5 млн. сом ашыкча жыйналып, өсүү – 170,0%ды түздү.
Республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча 2023-жылдын 12 айына карата план 301,8 млн. сом болсо, факт боюнча 301,8 млн. сом жыйналып – 100,0% аткарылган.
Ал эми жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча 2023-жылдын 12 айына карата план 188,4 млн. сом болсо, факт боюнча жергиликтүү бюджет казынасына 199,9 млн. сом салык жыйналып – 106,1% аткарылды.
Социалдык төлөмдөр боюнча 2023-жылдын 12 айына карата план 410,4 млн. сом болсо, факт боюнча 412,8 млн. сом жыйналып – 100,6% аткарылган.
Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы: Кызыл-Кыя шаары боюнча киреше бюджеттин планы 224,1 млн. сомго бекитилип, жыйынтыгында 236,8 млн. сом жыйналып – 105,7% аткарылган.

Инвестиция тартуу

Шаардагы экономика жана социалдык чөйрөгө түз чет элдик инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча, 2023-жылдын 12 айында 664,7 млн. сомдук инвестициялар тартылды.
Түрткү берүүчү гранттардын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттин салымын кошуу аркылуу Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан 6 долбоор сунушталып, жактырылып, аткарууга алынды: Жалпы 6 долбоорго 21,4 млн. сом акча каражаты жумшалып, анын ичинен үлүштүк дем берүүчү грант эсебинен 13,3 млн. сом, ал эми жергиликтүү бюджет эсебинен 8,1 млн. сом акча каражаты жумшалган.

Жаңы ишканаларды ачуу

– 2023-жыл ичинде шаардык мэриянын колдоосу менен жеке ишкерлер аркылуу 38 кичи жана орто бизнес тармагында кызмат көрсөтүү, өндүрүш объекттери ачылып, 506 жумуш орундары түзүлдү.
Ал эми, Кызыл-Кыя шаар-дык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан жалпы шаар аймагында жарандарды жумуш менен камсыздоо максатында 1051 жаран жумуш менен камсыздалган.

 

“2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасы” жол картасынын аткарылышы

Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2022-жылы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан долбоорлор сунушталып, үч долбоор бекитилген.
Атап айтканда:
– Кызыл-Кыя шаарынын Кургак -Сай участогунда “Дүң соода комплексин” куруу;
– “Декоративдүү гүлдөрдү жана бактарды өстүрүү үчүн күнөскана куруу”;
– “Кагаз баштыктарын жана каптарды чыгаруу” цехин куруу долбоору.
Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аталган программанын алкагында бөлүнгөн 500,0 млн. сомдун ичинен, Кызыл-Кыя шаарына 50,0 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, курулуш иштери аткарылууда.

Долбоорлор ишке ашырылууда

Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосунда кызматташуу иш-чаралар планын ишке ашыруу Жол картасынын алкагында шаар аймагындагы калктуу конуштарга коомдук транспорт каттамдарын жүргүзүү, шаардын социалдык көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” заводунан 10 бирдик коомдук транспорт жана 2 даана катуу калдыктарды ташуучу атайын техникалары финансылык лизинг аркылуу сатып алынды.

Шаардын ички жана тышкы жол тармагы

2023-жыл ичинде жерги­ликтүү бюджеттин эсебинен муниципалдык менчик департаменти тарабынан шаар аймагындагы ички жолдорду капиталдык оңдоо иштеринде ички көчөлөргө 2168 м3 шагыл ташылып, 1080 м3 топурак чыгарылды, 480 метр аралыктагы арыктар, 680 метр аралыктагы темир-бетон лотоктор жана сел өтүүчү каналдары тазаланды.

Атайын техникаларды сатып алуу

Калкка коммуналдык чарба тармагындагы кызмат көрсө­түүлөрдүн сапаттуу аткарылуусун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 12,5 млн. сомго 4 атайын техникалар сатып алынды.
ӨКМ тарабынан Кызыл-Кыя шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө 3 даана атайын техникалары берилип, ӨКБүнүн техникалык базасы чыңдалды.
Баткен өнүктүрүү фонду аркылуу 2,3 млн. сомго “фронталдык погрузчик” атайын техникасы сатып алынды.

Калкты таза суу менен камсыздоо

«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык мекемеси аркылуу “Исфайрам” участкасында эки трансформатор, бир генератор жана суу пайдалануучу 4 насос бар, кубаттуулугу 145 киловаттык, 600-620 куб суу саатына келүүдө.
“Кулуштан” участкасында 7 трансформатор 9 скважина бар, анын ичинен 7 скважина иштеп 350-400 куб суу саатына келүүдө.
“Так-Тек” участкасында 5 скважина бар, анын 2сү иштеп, саатына 120 куб суу келүүдө. Шаар аймагында жалпысынан 384км суу куурлары жайгашкан жана 24 км саркынды суу куурлары жайгашкан.
Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жумуштар аткарууга алынып, жалпы суммасы 12,3 млн. сом акча каражаты жумшалды.

Шаардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен аткарылган жумуштар

– Советская жана Комсомольская көчөлөрүндөгү орно-тулган саркынды куурларына кошумча 400 м аралыкка диаметри 200 мм саркынды куурлары орнотулду. Жалпы суммасы 2,9 млн. сомду түздү;
– Кулуштан участкасындагы 1,8 км аралыктагы диаметри 315 мм болгон суу куурлары алмаштырылып, диаметри 315 мм полиэтилен суу куурлары коюлду –жалпы суммасы 6,9 млн. сомду түздү.
– Долбоор аркылуу Северный көчөсүндөгү диаметри 63 мм болгон 1500 метр суу куурлары жаңыдан орнотулду. Жалпы суммасы 1,2 млн. сомду түздү.
– “Восток 2-1” конушун таза суу куурларын куруу үчүн – 2,9 млн. сом акча каражаты жумшалды.
– Ударник көчөсүндө 1200 метр аралыктагы суу куурлары алмаштырылууда – жалпы суммасы 1,4 млн. сомду түзүүдө.

“Караван” аймактык башкармалыгынын аткарган иштери

“Караван” аймактык башкармалыгына аймактык башкармалыктын социалдык ин­фратүзүмүн жакшыртуу, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында 2023-жылга карата жергиликтүү бюджет эсебинен 22,0 млн. сом акча каражаты ажыратылып берилген. Ошондой эле кошумча иш-чараларды аткаруу үчүн 4,7 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, жалпы 26,7 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
Жаңы конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында дем берүүчү грант жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы узундугу 3 км 200 метр узундуктагы суу түтүкчөлөрдүн 1 км 550 метр аралыктагы суу түтүкчөлөрү толугу менен алмаштырылды. Жалпы баасы 4 500 000 сомду түзгөн.

Социалдык кепилдиктер

Кызыл-Кыя шаарында 2023-жылдын аягына 13554 үй-бүлө, анын ичинен 2307 үй-бүлө аз камсыз болгон жакыр үй-бүлө катары каттоодо турат.
2023-жылдын аягына 2307 үй-бүлө 2022-жылга салыштырмалуу 0,6% көбөйгөн. Себеби, ички миграциянын жана башка аймактардан Кызыл-Кыя шаарына көчүп келген үй-бүлөлөрдүн эсебинен жакырчылык өскөн.
– Ата-энеси тышкы жана ички миграцияда жүргөн балдардын тизмелери такталып, алардын саны 1025 баланы түздү. Ата-энеси миграцияга чыгып кеткен 4 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жоктугу аныкталган. Бул жашы жете элек балдардын жакын туугандары менен тийиштүү профилактикалык жумуштар, ата-энелери менен байланышып, түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Эмгек рыногу жана эмгек акы

2024-жылга карата Кызыл-Кыя шаарынын калкынын экономикалык активдүү бөлүгү болжол менен 28455 адамды түзөт, иш менен камсыз болгондору болжол менен 27661 адамды түзөт. Жалпы иштебегендердин саны болжол менен 2050 адамды түзөт.
2023-жылдын аягына шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө каттоодо тургандардын саны 394 адам, алардын ичинен расмий түрдө жумушсуз деп табылганы 209 адам. Жумушсуздарды убактылуу ишке орноштуруу жана айлык акы менен камсыз кылуунун негизги формасы болгон коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 257 адам тартылды. 2023-жыл ичинде шаарда 929 (672 шаардын мэриясынын көмөктөшүүсү менен, 257 республикалык бюджеттин эсебинен) жумуш орундары түзүлүп, 207 адам туруктуу ишке жайгашты. Ошентип 2023-жылдын аягына жумушсуздуктун деңгээли расмий түрдө 0,73%ды түзөт, өткөн 2022-жылга (1,0%) салыштырмалуу 0,27% төмөндөгөн.

Билим берүү тармагы

2022-2023-окуу жылында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептеринде башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо 100% ишке киргизилип, алардын ичинен №12, 3 мектептер Бириккен Улуттар Уюмунун “Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк” программасынын негизинде байытылган ун менен камсыздалып келүүдө.
Ал эми калган Эл аралык уюмдардын каржылоосу аяктагандыгына байланыштуу ата-энелердин кошумча ык-тыярдуу салымына өткөрүлүп, бүгүнкү күндө жакшыртылган тамак, анын ичинде жумасына 1 жолу витаминдүү салат, чайдын ордуна кургатылган мөмө-жемиштерден компот, эт кошулган тамак берилип жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар