Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Кыргызстандык хоккейчилер таиланддыктардан жеңилди

Кечээ Бишкекте шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын дүйнө чемпионаты старт алган. Бүгүн Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Таиланддын командасынан 9:4 эсебинде жеңилип калды.

Беттешти «УТРК Спорт» телеканалы түз эфирден көрсөттү.

Белгилей кетсек, кечээ Түркмөнстан Люксембургга утулуп, ал эми Мексика Түштүк Африкага жеңилип калды.

Бүгүн кыргызстандыктар Люксембург командасы менен ойнойт. Беттештер “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчада болот.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар