Вторник, 7 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Жалал-Абад шаарында 1500 окуучу “Манас» айтты

 Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад шаарында 1500 окуучу “Урааным Манас” аталышындагы “Манас” айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында «Манас» айтышты.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев катышып, «Манас» айтып жаткан окуучуларга ийгилик каалашты.

Белгилей кетсек, сынак президенттин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында 20-апрелден 11-майга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар