Воскресенье, 19 мая, 2024
20.1 C
Бишкек

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүүдө

Баткен облусунда учурда тийиштүү кызматтар селдин кесепетин жоюу боюнча ыкчам иш аракеттерди көрүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ 5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында сел жүргөн.

Табият кырсыгынын кесепетинен Лейлек районунда 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жер төлөөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөлөрдү агызган. Балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулгуп, 4 бодо мал селге аккан.

Түнү бою жеринде жарандык коргонуу кызматтары иштеди. Бүгүн саат 07:00го карата сел кирген турак үйлөрдүн жер төлөөлөрү толук тазаланды.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар