Воскресенье, 19 мая, 2024
14.1 C
Бишкек

Лейлек районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Лейлек районунун Сары-Дөбө айылында 150 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мектептин ачылуу аземине президент Садыр Жапаров онлайн режиминде, облус башчысы Абдикарим Алимбаев жеринде катышты.

«Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда, андыктан ар бир курулган мектеп агартуу максатын көздөйт», — деди өлкө башчысы онлайн режиминде катышып жатып.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, 150 орунга ылайыкташкан мектеп бир жыл ичинде курулуп бүтүп, учурда 216 окуучу билим алууда.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар