Воскресенье, 19 мая, 2024
20.1 C
Бишкек

Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Баку шаарында өткөн VI Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык форумуна алкагында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Беларустун маданият министри Анатолий Маркевич менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максутовдун ушул жылдын июнь айынын биринчи жарымында Беларусияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча өтүнүчүн билдирди. Беларус тарап сунушка макул болду.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар