Воскресенье, 5 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Америкадан бери жол баскан, балким Ленин отурган сандык

Бир ирет Роза Айтматованын үйүнө бардым. Эженин иштөө бөлмөсүндө эки сандык турган экен. Бири кадыресе сандык болсо, экинчиси таптакыр башкача көрүндү. Мен эжеден «Бул кайдан келген сандык? -деп сурап калдым. Ал күлүп: «Сандыктарымдагы буюмдарды иретке келтирип жаткамын»,- деп калды. Анан ошол өзгөчө сандыктын тарыхын айтып берди.

1957-жылы атабыз реаблитация болду. Ошондон кийин апама 2 бөлмө үй беришти. Ал кезде апам Чыкеў менен бирге жашачу. Андыктан, мамлекет берген үйдү Илгизге берүүнү туура көрүштү. Бирок, ал «Мен Илимдер академиясында иштеп жатам. Үйгө кезекке туруп койгом, кезегим келип калды»,- деп албай койду. Эжем энергетик эле, анын дагы үйгө кезеги жакындап калыптыр. Андыктан, «Атасын көрбөй калды эле, ушу Роза алсынчы»,– дешип бизге беришти.

Биз ага көчүп келдик. Эки бөлмөлүү үй экен. Хрущевка деп коет, бөлмөлөрү тар, кууш эле. Бирок, биз үчүн бул өтө кубанычтуу окуя болду. Себеби, үй-бүлөбүз менен бир кемпир-чалдын үйүндө жашап, кыйналып жүргөнбүз. Ойлосом, ошол үйдө 28 квартира болсо, экөө эле кыргыздарга берилиптир, калганы орустар эле. Ал кезде кыргыздарга шаардан батир алуу оор болчу, чынында.

Мына ошол квартирада немец жашайт экен. Анын аялы Украинада жашаган немец экен да, согуш учурунда алардын баарын депортация кылып, Украинадан түндүккө жөнөтүшүптүр. Ошол кезде ал аял бойго жетип турган кыз болсо керек. Анан сүрүлүп барган бир немец жигит экөө таанышып, бир-бирин жактырып, баш кошкон экен.

Ал кишинин атасы Казань университетинде окуп, Ленин менен таанышып, экөө бир-бирине жакын жолдош болуп калат. Анан Ленин бийликке келгенде, аны досу катары чакырып, Америкага соода жаатында өкүл болуп барат. Бирок, ал бир аз иштегенден кийин эле Ленин ооруп калып, Москвага кайра келет.

Ал учурда самолет жок. Сандыктын ичине буюмдарын салып, кемеге салып, жол жүрүп олтуруп Москвага кайтып келген экен. Анан ошол коўшу аял айтып калчу эле: «Бул сандык кайын атамдыкы болгон соў, Ленин келип, балким ушул сандыкка олтургандыр» – деп. Анткени, ал киши Америкадан келгенде Ленин менен жолугушуп турган.

Кийин Ленин өлгөн соң, Сталин анын кадрларын репрессиялаган. Анан ал сандык уул-келининде калат. Алардын баласы согуш башталганда 18-19 жашта болгон. Ал өзүнүн кызматы боюнча чек арада болгон экен. Ал кезде жол жүрүш үчүн сандык өтө ыўгайлуу буюм болгон. Ошентип бул сандык менен түндүккө кеткен экен. Түндүктө кыз менен жигит үйлөнүп, Сталин өлгөндөн кийин түндүктөн кетсеўер кете бергиле, бирок, Москва, Ленинград, Киевге барбайсыўар деп, алар Кыргызстанды тандап алышыптыр. Фрунзеге ушинтип келип, жашап калышкан экен. Ал аял менен жакшы мамиледе элем. Ал кезде даяр көйнөк жок, кездеме сатып алып барып ага тиктирчүмүн. Көйнөктү абдан жакшы тикчү. Ошентип жүрүп, экөөбүздүн мамилебиз жакшы болуп кеткен.

Бир кезде немецтер Германияга кете башташты. Тиги аял кетпейм дечү эле, бир күнү кетебиз деп калыптыр. Биз жылуу маанайда  коштоштук. Алар анан бул сандыкты менин кызым Айгүлгө таштап кетишти. Себеби, кызым да ал аялга барып, кийим тиккенди үйрөнчү эле. Ошентип, Америкадан бери көп жерди баскан сандык биздин үйдө калды. Бул сандыктын таржымалы ушул, – деди Роза эже.

Жумагүл   БАРКТАБАСОВА, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар