Воскресенье, 5 мая, 2024
19.1 C
Бишкек

Профессор Илимидин АБДУРАСУЛОВ: “Суунун баркына жете билсек…”

     Жыл сайын дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин өлкөдө суу ресурстарынын бүткүл дүйнөлүк күнү 22-мартта белгиленет. Бул күн 1993-жылы БУУнун генералдык ассамблеясы тарабынан жарыяланган.
Биз суу ресурстары, анын ичинде ичүүчү суу айланасындагы маселе боюнча техника илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын жана эл аралык Инженердик академиясынын анык мүчөсү, Нью-Йорк академиясынын мүчөсү, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору АБДУРАСУЛОВ Илимидин Абдурасулович менен маектешкен элек.

-Илимидин Абдурасулович, кийинки жылдарда климаттын өзгөрүшү менен ичүүчү суу, дегеле суу таңсыктыгы кадыресе байкалууда. Бул көрүнүштү кайсы бир деңгээлде жумшартууга болобу?

– Таза суу менен камсыздоодо эң биринчилерден болуп элди керектүү көлөмдө, белгиленген сапатта камсыздоо болуп саналат.

Суу булагы катарында жердин үстүн­дөгү – дарыялардын, булактардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын сууларын жана жердин астындагы сууларды пайдаланабыз.

“Таза суу – өмүр булагы”. Мында талаш жок. Элибизде тунук суу – таза деп эсептелет, бирок тунук суунун курамы ар кандай. Адам баласы ичүүчү суу өзүнүн сапаты боюнча, бизде физикалык, химиялык касиеттери жана санитардык абалы боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомуна жараша болуш керек.

Мисалы кээ бир жердеги сууну ичкен адамдардын: тиши ооруйт – кариес же флюроз болуп; бөйрөк оорусу козголот; дизентерия, холера, же сөөк ооруларынан азап тартат жана башка оорулар күч алат.

Суунун курамын – Кыргыз Республиканын өкмөтүнүн Токтомунда көрсөтүлгөн нормага жеткирүү үчүн, суунун керексиз заттардан тазалаш керек, же болбосо кээ бир химикаттарды кошуу керек.

2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Улуттук суу стратегиясында суу ресурстары – Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун жана экосистемасынын сакталышын аныктоочу жана таза суу менен камсыз кылуучу стратегиялык жаратылыш ресурсу деп жазылган.

Кайсыл мезгилде, кайсы өлкөдө болбосун, суу чыгаруу, суу менен кырдаалды турукташтыруу жана көйгөйдү чечүү үчүн элдер биригишкен жана чогуу-чаран аракеттерди көрүшкөн. Бүгүнкү күндө климаттын өзгөргөнүн эске алып, элди таза суу менен толук камсыз кылуу үчүн негизги көңүлдү таза суу тармагындагы кызматташтыкка бурушубуз абзел.

Өткөн жылы ичүүчү суулардын таңсыктыгы кадимкидей байкалды. Таза суу менен толук камсыздандырууда көптөгөн суроолорду чечиш керек: биринчиден, калк арасында кеңири түрдө уюштуруу-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл; экинчиден, жогору квалификациялуу кадрларды даярдоо жана даяр адистерди кайра даярдоо (квалификациясын жогорулатуу) боюнча окуу борборлорунун ишин күчтөндүрүү керек; үчүнчүдөн, негизги кызыктар тараптарды тартуу менен ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; төртүнчү, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суулар секторун башкаруу реформасын жүргүзүү; бешинчи, мамлекеттик суу камсыздандыруу жеке менчик  мүлкү менен бирге алып баруу абзел.

–  Алдыдагы жылдарда биз кездеше турган суунун таңсыктыгын азайтуу, көйгөйдү чечүү боюнча кандай иштер жасалып жатат?

– Келечекте бул багытта эл арасында туруктуу иштерди жүргүзүү керек. Өзгөчө ичүүчү сууга карата көздүн карегиндей мамиле жасабаса болбойт. Анткени, улуттун саламаттыгы, элдин ден соолугу жана социалдык статусу ичүүчү таза суу менен тыгыз байланышта.

Ичүүчү сууну ысырап кылбай, ченемдүү пайдаланып, суунун эсебин жүргүзгөн оң. Тагыраак айтканда, суу эсептегичтерин койгонубуз туура. Себеби, өзүңүздөр деле көрүп, күбө болуп жүрсөңүздөр керек, шаар жерлеринде жер үйдө жашагандар ичүүчү сууну огороддорун сугаруу үчүн пайдаланышат. Туура, аларды да түшүнсө болот, огородду сугарыш керек, ошондуктан мамлекеттик органдар бул маселеге кайдыгер карабай, шаардын өзүмдүк үйлөрдө жашаган бөлүгүн агын суулар менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө тийиш.

– Ичүүчү суунун акысын төлөө жөнүндө эмне айта аласыз?

– Туура маселе. Калкты суу менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлөрдүн бири тариф болуп саналат. Болгону муну суу үчүн төлөм дебей, ичүүчү сууну камсыздоо кызматтары үчүн төлөм деп түшүнгөнүбүз туура. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн, насостор менен айдоо, резервуарга топтоо, аны ар кандай технологиялар менен тазалап, ага ар кандай реагенттерди кошумчалап элге берүү кызматы каржыланыш керек. Бул татаал процесс. Бул татаал процессти атайын адистер тыкыр көзөмөлгө алып, суу менен камсыздоо сис-темасын оңдоп жана тейлеп турушат. Мына ушул процесстин баары белгилүү бир чыгашаларды талап кылат, мына ушулар суунун өздүк наркын аныктайт, тарифти түзөт.

Негизи тарифтер өздүк наркынан бир аз жогору болсо, чыгашаларды жапканынан тышкары, суу менен камсыздоо системасын жумушчу абалында кармап туруу, авариялык жана кандайдыр бир күтүүсүз чыга калган көйгөйлөрдү, иштерди өз убагында чечүү үчүн бир аз каражат артып калмак.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул сектордогу көйгөйлүү суроолорду толугу менен чечүү үчүн реалдык пландарда иштеп жатат. Бул пландар энерго натыйжалуу системаларды, жабдууларды, жаңы технологияларды колдонуу санариптештирүү багытында жана климаттын өзгөрүшүнө карата туруктуулукка багытталган инженердик, техникалык ченемдерди пайдалануу аркылуу менен ишке ашырууну карап жатат, ошону үчүн инвестициялык долбоорлорду этап-этабы менен жүргүзүп жатат.

Таза суу менен элди камсыздоодо жогорку квалификациядагы инженердик-экономикалык адистер керек – бул: ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруучу адистиги.

Мындай кесиптин ээлери биздин Республикада сейрек кездешет.

Себеби эл ичинде суу адистеринин баркы төмөндөп кеткен. Окуу жайларында бул кесипке ээ болгонго муктаж болгондор аз. Окуу жайларда бюджеттик – гранттык орундар бөлүнбөй калып жатат. Азыркы учурда Республика боюнча ушул кесиптикке 1100дөн ашык адис керек.

Бул багытта иштеп жаткан адистер – азаматтар. Ичүүчү суу адиси болбосо дагы башка кесиптин адистери колдорунан келишинче аракет кылып ишти жакшы алып баратышат.

Учурда Кыргыз Республикасынын элинин таза суу менен камсыз болушу 65 пайыздан көбүрөөгүн түзөт. Азыркы кезде 600дөн ашуун айылда ичүүчү суу тармагын курууну талап кылат.

– Сиз ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын келечектеги ишин кандай көрөсүз?

– Жакшы суроо. Ичүүчү суу менен камсыздоо бир системада, бир колдо болууга тийиш. Бул ичүүчү суу менен камсыздоо саясаты, жайгаштыруу, бөлүштүрүү, тейлөө жана техникалык кызмат көрсөтүү. Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркындуу сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти азыркы учурда мамлекеттик ишкана түзүү үстүндө иштеп жатат. Бул мамлекеттик ишкананын республиканын ар бир районунда бөлүмдөрү болуп, анын ар биринде атайын техникалары жана суу менен камсыздоо системасын оңдоо-түзөп жана техникалык жактан тейлей ала турган кесипкөй адистери болот.

Кыргыз Республикасында таза суу үчүн төлөм ар бир 1000 литр суу үчүн 7 сомдон – 25 сомго чейин түзөт. Ошол эле учурда Европалык өлкөлөрдө 52 сомдон – 270 сомго чейин барат.

Эл туура түшүнүшү керек: 1 литр минералдык суу – 15 сомдон 45 сомго чейин
дүкөндө сатылат; ал эми Кыргызстандыктар уюлдук телефон үчүн ар бир киши
айына 287 сомдон көбүрөөк төлөшөт.

Суроо пайда болот: адамга биринчи таза суу керекпи же уюлдук телефонбу?..

Урматтуу мекендештер! Биздин Республика сууга бай! Биз Кыргыз Республикасынын №67 (28.04.2017-ж.) мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  №201 (11.04.2016-ж.), №68 (31.01.2018-ж.),  №128 (14.03.2016-ж.),  №25 (28.01.2019-ж.) токтомдорун толугу менен так аткарсак. Ошондо өлкөбүз келечекте таза сууга бай, элибиз чың ден соолукта  болот!!!

Баарыбыз бирге аракет кылалы…

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар