Воскресенье, 5 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Ажырашуу аял-эркектин эле эмес, коомдун да көйгөйү

Коомчулукта үй-бүлө – чакан мамлекет деп айтылып келет. Бул абдан туура мүнөздөмө. Мамлекетте өлкө башчысы, ага  баш ийген мамлекеттик органдар, жарандар, коомду тартипке келтире турган мыйзамдар болгондой эле ар бир үй-бүлөнүн башчысы, үй-бүлөлүк эрежеси, жазылбаган мыйзамдары болот. А бүтүндөй бир өлкө ошол жарандардан, үй-бүлөлөрдөн куралгандыктан алардагы социалдык, материалдык, моралдык абал мамлекеттин өнүп-өсүшүнө түздөн түз таасир этет. Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда ар жылы 10 миңдин тегерегинде ажырашуулар болуп турат. Мунун өзү мамлекеттин келечеги үчүн жакшы көрсөткүч эмес.

Эркиндиктен мурун жоопкерчилик керек

Алыс барбай эле 2023-жылкы статистиканы ала турган болсок, бул жылы ажырашуулар 2022-жылга салыштырмалуу 31 пайызга көбөйгөн. Тактап айтканда, 45 миң 495 нике катталса 12 миң 552 үй-бүлө ажырашкан. Цифралар көрсөтүп тургандай ажырашуулар жалпы баш кошкондордун үчтөн бир бөлүгүн түзүп жатат. Жалпы ажырашуулардын ичинен Бишкекте 2814 ажырашуу болсо, Ош облусунда 2465, Чүй облусунда 2310 , Жалал-Абадда 1943 ажырашуу катталып, эң аз ажырашуу (447) Талас облусунда болгон. Тиешелүү адистердин айтымында, ажырашуулардын көп болуп жатышына үй-бүлө курган жаштардын жеңил ойлуулугу, өлкөдөгү жумушсуздук жана жарандык никенин кадимки нормага айланып баратышы себепкер. Ошондой эле психолог, социологдор Кыргызстандагы ажырашууларга улуттук каада-салтты жокко чыгарып, адам  укугу, эркиндигин жамынуу менен аял-эркекти теңтайлашууга, атаандашууга үндөөлөр да негиз болуп жатканын жашырышпайт.

Албетте, ар бир адам бир берилген өмүрдө эркин жашагысы келет. Бирок, Жараткан адам баласын эркек, аял катары жараткан соң алар тукум улаш үчүн үй-бүлө куруп, жарык дүйнөгө келген балдарды татыктуу тарбиялоодо жооп-керчиликтүү болушу керек. Мындай жоопкерчиликтин жоктугунан жана кыргыз каада-салтынын четке сүрүлүшүнөн улам акыркы жылдарда Кыргызстанда никесиз төрөлгөн наристелер да көбөйүп барат. Алсак, 2021-жылы Кыргызстанда катталбаган никеден 13 миң бала жаралган. Өкүнүчтүүсү, мындай балдар ата-эненин толук кандуу мээримин, тарбиясын ала албасы турган иш. А кезинде мээримге, тарбияга каныкпаган балдардын көбү өмүр бою өксүктө жашап, татыктуу үй-бүлө кура албаганын турмуш өзү тастыктап жатат. Андыктан эркиндикти эңсөөдөн мурун ар бир кыргыз жараны балдардын, мамлекеттин кечелечегин биринчи орунга коюусу керек.

Ажырашуу үй-бүлөнүн эмес, коомдун оорусу

Жогоруда айтканыбыздай көп учурда эки жаштын үйлөнүүсүн же эки башка жолго түшүшүн биз экөөнүн, анын туугандарынын гана маселеси катары карайбыз. Бирок, үй-бүлө институтунун келечеги – мамлекеттин эртеңи. Ага кайдыгер кароо өлкө келечегине кайдыгер болууну билдирет. “Бакыт ордосу” үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын жетекчиси Акимжан Эргешов ЖМКларга берген маегинде ушул ойго басым жасап, ажырашууларга көз жумуп коюунун кесепети чоң болорун айтып келет. “Үй-бүлө курууну биз эки адамдын гана чечими катары эмес, мамлекеттик, улуттук деңгээлдеги иш катары кабылдоо зарыл. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биз эки жаштын баш кошуусун ошолордун жана ата-энесинин гана жеке иши катары кабылдап жатабыз. Ошол себептен үй-бүлө кургандан кийинки 5-10 жыл аралыгында ажырашкандардын саны көбөйүп жатат. Эгер биз азыртадан үй-бүлө куруунун идеологиялык, тарбия-насааттык жагын колго алып, үй-бүлө куруудагы жоопкерчилик сезимди ойготууга далалаттанбасак, 20, 30 же 100 жылдан кийин өтө кооптуу абалга кептелишибиз ыктымал”, – дейт А. Эргешов.

Бул кишинин айтканы туура. Бирок, биз ажырашуулардын кесепетин дагы 20, 30 жылдан кийин эмес, азыр эле көрө баштадык. Себеби, мындан 15-20 жыл мурунку ички, тышкы миграциядан, кыйынчылыктан, ичкиликтен, зордук-зомбулуктан улам ажырашкан ата-энелердин балдары азыр үй-бүлө күтүшүп, тилекке каршы, алар да тез эле ажырашып кетип жатышат. Анткени, өспүрүм кезинен алардын психологиясы бузулуп, үй-бүлөдөгү атанын, эненин жоопкерчилиги аларда калыптанган эмес. Андай жаштарда “биз деле көчөдө чоңойгонбуз, балдарыбыздын да көрөр күнү бар” деген аң-сезим, өксүк орноп калган. Ошондуктан муну коомубуздун өнөкөт оорусу катары карап, аны “дарылоого” ар бирибиз аракет кылганыбыз оң болчудай.

Ойлонбой ажырашуу –10 миңден ашык бала

Албетте, акыркы жылдарда үй-бүлөдө аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук көп болуп жатканы жашыруун эмес. Ажырашуулардын көп болушунун бир себеби да ушул үй-бүлөдөгү чыр-чатак болсо керек. Эгер эки адамдын жылдызы келишпесе, же бири-бирин түшүнө албаса, эркек аялга, аял эркекке зомбулук көрсөтө берсе алардын эки бөлөк жашаганы да дурус. Муну эл, психологдор деле туура көрүп келишет. Мындай жагдайда эки тарапты тең айыптай албайбыз.

Экинчи бир жагдай, учурда эки-үч жыл мамиле түзүп жүрүп үйлөнүп, эки-үч айдан кийин же үч-төрт жылдан соң ажырашкандардын саны арбын. Алардын айрымдарынын ажырашууларына ата-энелери себепчи болсо, көбү болор-болбос кыйынчылыктан гана эки ача жолго түшкөндөр. Башкача айтканда, азыркы түгөйлөр турмуштук сыноолорго оңой жеңилип, баланы асыроо, аны багып өстүрүү милдетинен, жоопкерчилигинен качышууда. Ооба, жетиштүү киреше табуу, балдарды татыктуу багып өстүрүү оңой-олтоң иш эмес. Бирок, азыр илгерки замандагыдай жегенге нан таппай калдык дегенге болбойт. Аракет кылып үч-төрт баланы кемитпей багууга эң жакшы шарт бар. Муну айтканыбыз, азыркы жаштарда илгеркидей чыдамдуулук, сабырдуулук, колдо бар нерсеге каниет кылып жашоо жокко эсе. Башкасын айтпасак да азыр кызга сеп катары жаш үй-бүлөгө керектүү эмерек, оокаттардын баары берилип жатат. Ал тургай жашай турган үйлөрүнөн бери даярдап берген ата-энелер жок эмес. Ошону да баалай албай болор-болбос таарыныч үчүн балдарын тирүүлөй жетим кылган боордошторубуз көп. Андыктан, ар бир кыргызстандык турмуш курар алдында “жети өлчөп бир кесиши керек”. Жөнү жок ажыраша берүү үй-бүлөнүн эле эмес, бүтүндөй бир мамлекеттин келечегине кедергисин тийгизе турганын аңдаганыбыз жөн. Эң өкүнүчтүүсү, азыр ажырашууларга анчалык баш оорубагандыктан балдар интернатындагы балдардын (10 миң 868) 68 пайызынын ата-энеси бар. Бул жылыга ар бир төртүнчү жубайдын эки ача жолго түшкөнүнүн “жемиши” десек болот.

Улуттук нарк менен диндин орду чоң

Учурда жашообуздан бөлүп кароого туура келбеген дин маселесине келсек, ата-бабаларыбыз тутунган ислам дини түгөйлөрдү дайыма олуттуу себеби жок ажырашпоого үндөйт. Исламда аял үй берекеси, куту экени айтылып, эркек үй-бүлөсүн, балдарын коргоого, үй-бүлө мүчөлөрүнүн муктаждыктарын камсыздоого, аялзатын урматтоого милдеттүү экени баса белгиленет. Ошондой эле бул динде аялдын баланы жарык дүйнөгө алып келүү менен бирге эле аны татыктуу багып, тарбиялоо, коломтонун кутун качырбай кармоо жоопкерчилиги бар экени айтылат. Кыргыз каада-салты боюнча да аялзаты үй оокаттарына, балдарды асыроого жоопкер болсо, эркек сырткы иштерге, үй-бүлөнү камсыздоого милдеткер. Тилекке каршы, акыркы жылдарда аял-эркек теңтайлашкан, атаандашкан коом жаралды. Бул дагы өз кезегинде ажырашууларга себепчи болуп жатат. Себеби, эркек менен тең ата акча тапкан аял аны менен атаандаша баштады. Бул да көпчүлүк үй-бүлөлөрдө роль ойноп, дүнүйө-мүлк, акчанын айынан ажырашуу көйгөйгө айланганы жашыруун эмес.

Көп жылдардан бери Калыс-Ордо жаңы конушунун имамы болуп келе жаткан Нурбек Исманалиев ажырашуу көп тараптуу, көп кырдуу маселе экенин айтат. “Ажырашуулардын башкы себеби — ата-эненин уул, кызына берген тарбиясынын тайыздыгы десек болот. Экинчи жагынан аял, эркектин үй-бүлөдөгү өз укук, милдеттерин билбегендигинен улам да ажырашуулар болуп жатат. Ислам дининде канткенде үй-бүлөнүн бекем болору, аял-эркектин бири-бирине болгон урматы-сыйы жогорулары ачык, так көрсөтүлөт. Мусулманбыз дегенибиз менен, тилекке каршы, көпчүлүгүбүз пайгамбарыбыздын айткан хадиси боюнча аялды кандай сыйлоо керектигин, күйөөгө кантип урмат кылып, ага итаат кылуу менен баш ийүүнү толук кандуу билбейбиз. Үчүнчүдөн, батыштын таасиринен улам азыр отуз, кыркка чыкса деле күйөөгө чыкпай коюу, үйлөнбөй коюу бизде өөн учурабай калды. Ал аз болгонсуп, айрым аттуу-баштуу эле маданият өкүлдөрү “Эмне үчүн мен кайненемди багышым керек?”, Эмнеге мен күйөөмдүн айтканын жасашым керек?” дегендей коомубузга жат нерселерди пропагандалап жатышат. Бул өз кезегинде үй-бүлө институтуна тескери таасирин берип жатат.

Эң негизгиси бизге коомдук, улуттук тарбия жетишсиз болуп турат. Мисалы, кыргызда “Кызга кырк үйдөн тыюу”, “Таш түшкөн жеринде оор”, “Уругум тарбиялуу болсун десең уулуңду, улутум тарбиялуу болсун десең кызыңды жакшы тарбияла” деген жакшы накыл кептер бар. Илгери ата-бабаларыбыз ушундай накыл кептерди кулакка куюп, “күйөөңдү сыйла, эркекти каргап-шилебе, аялды урматта, кызды сыйла” деп жаштайынан уул-кызын үй-бүлөнү бекем кармоого тарбиялаган. Ошондуктан бул көйгөйгө мамлекеттик деңгээлде маани берилип, үлгүлүү инсандар, тиешелүү адистер мектептерде, мечиттерде, мамлекеттик мекемелерде атайын кабыл алынган программанын негизинде иш жүргүзүшсө натыйжасы жакшы болмок”, – дейт ал.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”      

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар