Воскресенье, 5 мая, 2024
19.1 C
Бишкек

Кыргызды латын алфавитине өткөргөн Касым Тыныстанов

“Эркин Тоо” гезити 1924-1927-жылдары араб тамгасы менен чыгып турду. Андан кийин латын тамгасында чыга баштаган. Мунун канчалык зарылчылыгы болгондугу тууралуу төмөндө сөз кылабыз.

Латын алфавитине өтүүнүн себептери

1924-жылдын 14-октябрында Кара-кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык араб алфавитине айрым өзгөртүүлөр киргизилип, кээ бир артык баш тамгалар чыгарылган. Ошентип, 24 тамгадан турган алфавит түзүлүп, ага кошумча үч тамганын ордуна кыбачы (v – ичкертүү белгиси) белгиси коюлган араб алфавитин кыргыз эли 1924-1928-жылдардын аралыгында колдонушкан. Араб тамгаларын кыргыз тилине ылайыкташтырып түзүп чыккан  Эшенаалы Арабаев болгон.

“Эркин Тоо” дал ушул өзгөртүүлөр киргизилген араб тамгасы менен жарык көрдү. Бирок 24 тамгадан турган араб алфавити кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн толук ачып бере алган эмес. Бир эле тамга сөз башында, сөз ортосунда, сөз аягында ар түрдүү жазылган жана араб алфавитинде үндүү тамгалар, айрыкча ичке үндүүлөр жетишсиз болгон. Анын үстүнө араб тамгасынын оңдон солго карай жазылышы жазууну кыйындаткан. Ошону менен латын алфавитине өтүүгө даярдык көрүү иши 2-3 жылга созулуп, анын артыкчылыгы жөнүндөгү маселе бир нече ирет талкууланып, араб алфавитине караганда, латын алфавитинин артыкчылыктары көп экенин ырасташкан.

Техникалык жактан алганда да латын алфавитинин көп оңтойлуу жактары болгон. Бир жагынан латын алфавитине тез өтүүнүн зарылдыгы – араб алфавити менен байланышкан ислам дининин “реакциячыл” таасиринен качуу керек деген саясий шылтоо да болгон деген пикирлер бар.

“Маданияттын түбү – адабият, басма сөз?”

Кыргыз жазуусун араб тамгасынан латын тамгасына өткөрүүдө Касым Тыныстановдун жасаган эмгеги зор. 1925-жылы июнь айында Кыргызстан мугалимдеринин биринчи съезди болгон. Анда араб тамгасынан латын тамгасына өтүү жөнүндө Касым Тыныстанов, терминдер жөнүндө Эшеналы Арабаев доклад жасаган. Караңгы эл бат кат таанып, маданияты тез жогорулашы үчүн ушул эки докладчынын демилгеси менен токтом кабыл алынган. Касымдын съездде жасаган докладынын тезиси съезддин токтому катары кабыл алынат.

Токтомдун латын тамгасына өтүү жөнүндөгү пунктунда: “Азыркы заман маданият заманы, жарыш заманы. Маданиятка тез жетүү үчүн, ар бир иш жеңилдик болорун тилейт. Маданияттын түбү (негизи) адабият, басма сөз. Азыркы биз колдонуп жүргөн араб тамгасы маданиятка көп жолтоо кылат. Ошондуктан, мугалимдердин областтык тунгуч съезди кыргыз колдонуп жүргөн араб тамгасынын ордуна, маданият жолунда жеңилдик келтире турган, латын тамгасын алууну өтө керек деп табат. Латын тамгасы газета беттерине берилип, ал тамга менен элди тааныштыруу азыртан көрүлө башталсын”, – деген токтом кабыл алынган (Зияш Бектеновдун “Замандаштарым жөнүндө эскерүү” китебинен). 

К.Тыныстанов “Латын тамгасын эмне үчүн алабыз?” деген макаласында: “Ар бир окуучу жакшы түшүнүүлөрү керек: латын тамгасын алгандагы максатыбыз күн чыгыштын ак селделүү кожо-молдосун жок кылуу үчүн эмес, жеңил жол менен адабиятыбызды, маданиятыбызды жасоо, латын тамгасын алып, латын же француз болуп кетүү эмес, максатыбыз солдон оңго жазып, маданияттуу элдерди тууроо эмес, биздин максатыбыз: жеңил, төтө жол менен улут адабиятыбызды, улут маданиятыбызды топтоп, ошол аркылуу, ошолордун техникасындай техникалуу болуу”, – деп түшүндүргөн. (“Эркин Тоо” гезити 1925-жыл, №29).

Латын алфавити түрк элдеринде бирдей болушу керек

1926-жылдын март айында Баку шаарында Бүткүл союздук биринчи Түркологиялык съезд болуп, анда араб алфавитин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө демилге көтөрүлгөн. Кыргыз делегациясын “Эркин Тоонун” редактору Осмонкул Алиев жетектеп барган. Ушул сьездде К.Тыныс-танов “Жаңы алфавитти түзүүнүн негизги принциптери” деген темада доклад жасаган.

Докладында Советтер Союзундагы түрк элдери бири-биринин адабияты менен маданиятынан үлгү алгандыктан, жаңыдан кабыл алына турган латын алфавитинин тамгалары бардык түрк уруу-ларында бирдей болушу керек деген пикирин айткан.

К.Тыныста-новдун демилгеси колдоого алынып, жер-жерлерде жаңы алиппе комитеттерин түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Ушундан кийин Баку шаарында Жаңы түрк алфавитинин борбордук комитети түзүлгөн. Негизинен советтик түрк тилдүүлөрдүн латын арибинин үстүнөн Татарстанда иштешкендиктен, алфавиттин атылышы да «яналиф» деп татарча аталып калган. Яналифтин кыргызча которулушу (яңа əлифба) «жаңы алфавит» дегенди түшүндүргөн.

Жаңы алфавитишке киришкенде

Кыргызстанда латын алфавитине өткөрүү иштерин Областтык эл агартуу бөлүмүнүн алдындагы Билим комиссиясы жүргүзгөн. 1926-жылы октябр-да Кыргызстандын областтык аткаруу комитетинин сессиясы болот.  Сессияда Билим комиссиясы тарабынан латын алфавитинин негизинде түзүлгөн жаңы алфавитке өтүү жөнүндөгү сунуштун долбоору каралган. Сунуш бир добуштан жактырылып, сессия реформаланган араб алфавитинен акырындык менен латын алфавитине өтүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ушул эле жылдын акырында Кыргызстанда жаңы алфавит комитети түзүлүп, анын төрагалыгына Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков, анын орун басары болуп Касым Тыныстанов дайындалат. 1927-жылдын декабрь айында жаңы алфавит өкмөт тарабынан мамлекеттик алфавит катары бекитилген. Бирок тарыхый кырдаалга, айрыкча финансылык кыйынчылыктарга байланыштуу латын тамгасына өтүү процесси бир аз кечирээк ишке ашкан. 1928-1929-окуу жылынан баштап, мектептердеги сабактар жаңы алфавит менен өтүлө баштаган. Мекемелерде иш кагаздарын жазуу, окуу китептерин жана башка адабияттарды, газета-журналдарды басып чыгаруу иши 1929-жылдын аягына чейин толук бойдон жаңы алфавитке көчүрүлгөн. Кыргыз АССРинин аткаруу комитети 1929-жылы 29-ноябрдагы токтому менен 1930-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын территориясында араб алфавитин колдонууга тыюу салган.

Жетишпегендиктер да болгон

Алгачкы кабыл алынган мезгилде латын алфавитинде да бир катар жетишпегендиктер болгон. Анын жетик эмес жактарын толуктоо, тактoo маселеси кайрадан каралып, улам өзгөртүүлөр киргизилип турган. Бирок, Октябрь революциясынан кийин орус тилинен кирген жаңы сөздөрдүн туура жазылышын жаңы алфавит толук камсыз кыла алган эмес. 1928-жылы май айында Кыргыз АССР эл агартуу комиссариатынын коллегиясында алфавиттин составы кайрадан каралып, алфавиттен кыбачы белгиси чыгарылып, ө,ү,ң, х,ф,в тамгалары киргизилген. Ал эми 1930-жылы баш тамгалар, 1938-жылы орус тилинен кирген сөздөрдү туура жазуу үчүн Z(ж) тамгасы кабылалынган.

Жалпысынан түрк яналифи 33 тамгадан турган, бирок кыргыз тилинде алардын 30у гана колдонулган.

Кыргыздар латын алфавитин 1928-1940-жылдардын аралыгында колдонушкан. Латын алфавити, араб жазуусуна караганда, кыргыз калкынын сабаттуулугун өстүрүп, маданий деңгээлин жогорулатууда чоң роль ойногон, анткени жаңы алфавит менен элди жазууга, окууга үйрөтүү алда канча жеңил болгон.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар