Понедельник, 6 мая, 2024
20.1 C
Бишкек

Согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнү эске алуу менен кабыл алынды.

2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 41 адамды түзөт.

Тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө КРнын Президентинин фондунан 4 млн. 141 миң сом бөлүү тапшырылды:

– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;

–1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштегендерге;

«За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдарга.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар