Воскресенье, 5 мая, 2024
19.1 C
Бишкек

С.Жапаров Азербайжандын Физули шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Физули шаарына келди.

Физулинин эл аралык аэропортунда Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү, ардак кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.

Мамлекет башчылары калктуу конуштарды реконструкциялоонун башкы планы менен таанышып, Агдам шаарына барышат жана Азербайжандагы Кыргызстан мектебинин курулушун баштап беришет.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар