Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Панфилов паркындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды

Бишкектеги Панфилов паркынын 41,6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

УКМКнын маалыматы боюнча мэриянын айрым кызмат адамдары 2008-жылы 7 сотых жерди менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген. Ал колдон колго сатылып отуруп, акыркы ээси жайкы кинотеатр катары иштетип жаткан.

Эми бул тилке парктын аймагына кошулуп, мэриянын балансында болот.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар