Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» жана башка долбоорлордун автору жана жетекчиси Асхат АКИБАЕВ: «Дүйнө көп боёктуу, аны сактап калуу керек»

– Асхат Акибаевич, сиз менен улуттук оюндар тууралуу сүйлөшөйүн деп, анан улуттук оюн дегенде, «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» эске түшпөй койбойт экен. Сиз сунуштаган бул долбоор чоң деңгээлге жетти эле…
– Ар бир көчмөн элдердин өзүнүн көчмөн оюну бар. Ал – ата бабадан калган мурас. Биз аны дүйнөлүк форматка ылайык келтирүү үчүн бир системага киргизип, бириктирдик. Биздин офис ошол ишти аткарды. Аталган долбоорду 2010-жылы мадриддик системага, 2015-жылы Он системасына өткөргөнбүз. Пандемия маалында чоң жумуш жасап, 32 багытты сүрөттөп жазып, 2021-жылы «Көчмөндөр оюнун» Кыргызстандын мурасы катары ЮНЕСКОго каттоодон өткөрдүк.
Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткө-рүлгөндүктөн, анын өзөгүн биздин улуттук оюндар түздү. Ошондо 19 өлкөнү чогулттук. Экинчи жолу 62 өлкө, үчүнчү жолу 80 мамлекет келди. Кийин 2019-жылы Сауд Аравияда өткөргөндө 104 өлкө катышты. Ушундан эле байкасаңар болот, дүйнө элдеринин кызыкчылыгы барган сайын күчөдү.
Биз «Көчмөндөр оюндарынын» негизин кыргыздын улуттук оюндары түзүп, башка жакта өтсө да, ал өзөгү болуп кала берсе деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, аны Түркияга туура эмес тапшырып, жоболор менен чогуу бере албагандыктан, азыр аны өткөрүү кезегин алган өлкөлөр өздөрү билгенин кылып жатышат.
– Эмнеге андай болуп калды?
– Саясатташып кетти. Үчүнчү оюндар өтүп жатканда эле чечим кабыл алынып, шашылыш тапшырып салышты. Чындыгында, ал биздин өлкөдө гана өтүп, «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» Кыргызстандын бренди боюнча калса жакшы болмок. Негизги шарттардын баары жасалып калган. Ат майданы, жолдор салынды, аэропорт, «Газпром» комплекси курулду. Кырчын жайлоосу жасалып, айтор, азыр ал жерден Кыргызстан дивиденд алчу маал болчу. Учурда бул долбоор чыгымдуу эмес, пайдалуу болмок.
Бул иш-чара мамлекетибизди алыска таанытты. Туризмди эле алсак, өлкөбүзгө 2014-жылы 2 миллион 200 миң келсе, 2018-жылы 5 миллион 800 000, 2019-жылы 6 миллион 200 000 турист келген. Башкача айтканда, 4 жылда 4 миллионго көбөйдү. Бул эң чоң көрсөткүч. Ошондо биринчи жолу 2018-жылы ички дүң өнүм туризм жаатында 1,5 пайыздан 5 пайызга көбөйдү. Негизи, биз чыгымдарды гана санап келебиз. Мейли, чыгымдарга көп каражат кетти дейли- 360 миллион сом, бул 7,5 миллион доллардын тегереги болчу. Эми мен башка санды айтайын, 4 миллион турист келди. Ар бир турист башка өлкөгө барганда, канча каражат ала барат?
– Ар кандай, орточо 400 доллар десек болобу?
– Макул, кээси 500 доллар деп, дагы бири андан көп да айтышы мүмкүн. Биз 100 доллар деп эле алалы. Ошол 100 долларды 4 миллионго көбөйтсөңөр, 400 миллион доллар болуп жатат. ИДП жөн жерден 5 пайызга көтөрүлүп кеткен жок да. Алар келип түшкөндө, таксиге төлөгөн суммадан баштап, жатаканасы, тамак-аш, белек-бечкек жана башкага жумшалган каражаттын баары Кыргызстанга түшчү акча.
Биз көчмөндөр оюнун башка өлкөдө өткөрүүгө берсек да, жоболорун оңдоп беришибиз керек эле. Ошол өлкө кайсы спорттук оюндун түрлөрүн кошсо кошсун, бирок, биздин оюндар негизи болуп кала бериши шарт болчу. Ошондо баш аламан болмок эмес. Ар ким өз билгенин жасабайт эле. Президентибиз Астанада көчмөндөр оюндары бизге келсе деген пикирин айтты. Эгерде, кайра келсе, жобону тууралап берсек болот. Эл аралык олимпиада комитети сыяктуу этно оюндардын бүткүл конфедерациясы түзүлгөн. Алар бизди колдомок. Эки жылда бир башка мамлекетте өтүп, анын алкагында эки жылда бир Кыргызстанда өтүп турса жакшы болмок.
Ар бир өлкөнүн өзүнүн фишкалары бар. Маселен, Бразилияда өзүнүн карнавалы, Испанияда корридасы, Америкада родэосу, Кытайдын шаулини, япондордун сумосу бар. Ошондой брендди калыптандыруу өтө оор. Чындыгында, «көчмөн» десе, дүйнө эли кыргыздарды эмес, алтайлыктарды, монголдорду ойлочу. Биз бул оюн аркылуу көчмөн катары таанылдык, эми аны брендибиз катары калыптандырсак болмок. Дүйнөгө башка долбоорду беришибиз керек. Көчмөн цивилизация дегенде 100дөн ашык өлкө чогултуп жатабыз. Ал эми, бүткүл дүйнөлүк этно оюндардын тегерегинде дүйнөнүн бардык элдерин чогулта алабыз. Ошондой чоң долбоорлорубуз бар. Азыр аны Араб, Шанхай кызматташтык өлкөлөрү сыяктуу дүйнөдөгү бир катар өлкөлөргө сунуштап жатабыз. Кудай буюрса, жакынкы арада ишке ашат.
– Көчмөндөр оюндары алгач уюшулуп жатканда, улуттук оюндарыбыздын көп түрү сунушталса керек?
– Башында 5 дегенбиз, анан 9 болду, анан дагы көбөйдү. Көп иштелип чыга элек оюндарды көрсөтүп, жаңы улуттук федерация түздүк деп келип жатышты. Эч кимге жок дебей, аянтча түзүп бердик. Маселен, кыргыздын оюндары кээси көрсөтмө оюндар болсо, кээси мелдешүүчү оюндар болду. Кыз куумай, эр сайыш, жамбы атуу, тыйын
эңмей сыяктуу оюндар көр-сөтмөлүү болсо, көк бөрү, эр эңиш, тогуз коргоол, ордо, салбуурун сыяктуу оюндар мелдешүүчү оюндар болду. Анан башка улуттун оюндары, мелдештери кирди, дагы киргизиш керек.
Азыр казак туугандар көк бөрүнүн ордуна көкпар, тогуз коргоолдун ордуна тогуз кумалагын, Салбурундун ордуна куш салууну киргизип жатышат. Көчмөндөр оюнунун таасири менен бизде улуттук оюндардын ассоциациясы түзүлдү. КМШ өлкөлөрүнөн биринчилерден болуп бизде спорт агенттигинин ичине улуттук борбор ачтык, азыр жакшы иштеп жатышат. Биз улуттук теманы аябай өнүктүрүп алдык. Башка коңшу өлкөлөр биздей өнүктүрө элек. Кол өнөрчүлүктү эле алалы, азыр Ош базарынын жарымында кол өнөрчүлүктүн продукциясы. Улуттук тема саркеч болуп жатат. Айымдарыбыз тойдо эле эмес, чоң иш-чараларда улуттук, этно колорит менен заманбап жасалган жакшы кийимдерди кийип жатышат.
Учурда Кыргызстан дүйнөгө этно спорт, этно оюндар деген жаңы термин сунуштап жатат. Болбосо, мурунку убакта «улуттук оюндар» деп аталчу. Улуттук оюндарыбыз башка өлкөлөрдө биздин этно оюндар болуп калат, алардыкы бизге этно оюн. Ортодо этно кыймылы болуш керек. Башында көчмөн цивилизациядагы эң кызыктуу улуттук оюндардын баарын киргизели дедик. Биринчи көчмөндөр оюндарында жалаң кыргыздын оюндары болду. Экинчисинде якуттардын, буряттардын, дагы башка өлкөлөрдүн күрөштөрү кирди. Олимпиадада спорттун 33 түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт. Биз 47 спорттун түрүн өткөрдүк.
Биз бул боюнча жаңы жоболорду бергенбиз, анда оюндардын өтүшү кыскартылат. Себеби, бизде 3-4-орундар жок, биринчи гана орун бар. Байыркы оюндар болуп жаткандан кийин, байыркы эрежелерди сакташыбыз керек. Мурда салмак өлчөнгөн эмес. Жеңчүсүң же жеңилчүсүң. Олимпиада 33 түрдөгү спорттук мелдешти 15 күндө өткөрүп жатышса, бизде 47 түрдү 7 күндө өткөрөт экенбиз. Бул системага аягына чейин келе элекпиз. Бирок, ар бир мелдеште өзгөчөлүк болушу керек. Олимпиаданы кайталай берсек болбойт.
Африканын интеллектуалдык оюндары кирди, 3 континенттин оюндарын киргиздик. Бул жерде дүйнөлүк форматты түзүп жатканда, дүйнө элинин кызыктуу оюндарын киргизели дедик. Кайсы өлкөдө өтсө, ошонуку кирсин. Биз бардык оюндарды көргөзгүлө, спорт эле эмес, маданият, кол өнөрчүлүк, мурастын баарын көрсөтүп калышыңар керек деп жатабыз. Бул баарына жагып жатат. Көрөбүз, кызыгы жок болуп баратса алып салабыз. Ошондуктан, көбү башында эле кызыктуу кылууга аракет кылышат.
– Азыр адамзат такыр башка багытка баратат. Ааламдашуу деп атабыз. Көчмөндөр оюндарын азыркы заманга ылайыкташтырып өнүктүрүүгө болобу?
– Жок, андай эч убакта болбойт. Биз тескерисинче, эскиликке жетели деп жатабыз. Этно спорт, этно маданият, этно салттуу билим деп жатабыз. Чоң форумдар, саммиттер өткөрүлүп жатат. Биз Кыргызстанда 3-оюндун алкагында 100 конференция өткөрдүк. Эң чоң конференцияга 56 өлкө катышты. Ал конференцияларда билим, таалим, кайсы оюнга кайсы жобо кирет, талкууланды. Маселен, Сауд Аравияда этно маданиятты 40 багытта өткөрдүк. Этно фольклор, этно бий, этно хит, этно мода – баары кирди.
Ааламдашуу деп жатасыз, ооба, дүйнөдө 7000дей тил бар болсо, жылына жүздөй тил жоголот экен. Ойлосоңор, 10 чакты киши сүйлөп калган кичинекей тилдер бар. Эми ошол тил жоголсо, аны менен маданият да жоголот. Биздин негизги максатыбыз аларды сактоо. Ар бир киши бир убакта өзүнө “мен киммин, кандай идентификациялык коддун ээсимин?” деп суроо салат. “Тамырым кайда?” дейт. Афроамерикалыктар өз улутун билбей калышты. Муну жоголгон эл десе болот. Албетте, ааламдашууга туруштук бере албайбыз, бирок, биз ар бир элдин тамырын жазып да болсо сактап калуубуз зарыл. Ушу темп менен кете берсек, 200 жылдын ичинде эле майда улуттар жоголуп кетет. Ал менен бирге кооздук, көп түрдүүлүк жоголот. Биз кичинекей элдердин маданият борборун түзүп, илимий изилдөөлөрдү жасап, тилин, маданиятын сактап калуу үчүн аудиобу, видеобу жаздыруу сунушун да бергенбиз. Адам “мен киммин?” дегенде, өз тамырын таап алууга мүмкүнчүлүк болсун. Биздин максат – улуттук оюндарды эле сактап калуу эмес, элдерди сактап калуу. Дүйнө көп боектуу. Биз дайыма ар кандай түстөрдү жоготуп келебиз.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар