Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Алыскы райондогу арымы арткан Чет-Нура айыл аймагы

Тартылган инвестициялар

– Айыл аймакка жалпы 195 млн. 464 миң 305 сом инвестиция тартылды. Анын ичинен 13 млн. 947 миң 200 сом Нарын райондук Өнүктүрүү фондунан, 167 млн. 308 миң 225 сом АРИС тарабынан, 6 млн. 600 миң сом Нарын суу башкармалыгынан, 4 млн. 787 миң 600 сом ар кандай фонд, уюмдардан, 3 млн. 25 миң 280 сом жеке демөөрчүлөрдөн тартылды.
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу 5 айылдын башкы планын бүткөрүү үчүн Нарын райондук Өнүктүрүү фондуна 3 млн. 400 миң сомго долбоор өткөзүлүп, топосъемка жасалып, Башкы план үчүн иш кагазы даярдалууда.
“Үч Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу техника алууга жана Ак-Кыя айылына ФАПтын имаратын куруу үчүн АРИС тарабынан 5 млн. 340 миң сом акча каражаты каржыланууда.
Орто-Саз айылына таза суу системасын киргизүү үчүн АРИС тарабынан 31 млн. 653 миң 100 сом бөлүнүп, курулуш иштери аяктап, ишке берилди.
“Гүлназик-Орто-Саз” бала бакчасына Ага хан фонду тарабынан 50 миң сомго түстүү принтер жана оюнчуктар алынып келинди. Жеке демөөрчүлөр тарабынан Орто-Саз айылына 180 миң сомго аялдама орнотулуп, айылдык маданият үйүнө 20 миң сомго отургучтар орнотулду.

 

“Жашыл мурас”

– “Жашыл мурас” акциясынын алкагында 200 миң сомго көчөттөр алынып келип, “Акмат ата” атындагы парк уюштурулду. Орто-Нура айылдык паркына жеке демөөрчү Б.Орозалиев тарабынан 190 түп алма, өрүк, алмурут, кара өрїк көчөттөрү, 6 түп балаты, кайың отур

гузулду. Төш-Булак айылына 1000 түп алма, 1200 түп карагат, 2000 түп чычырканак, Орук-Там айылына “Ак илбирс” коому тарабынан 300 миң сомго чычырканактын көчөттөрү отургузулду. Орто-Нура айылындагы Б.Бекжанов атындагы орто мектебине жеке демөөрчү Б.Ордобаев тарабынан 80 миң сомго көчөттөр тигилди.
Таза суу тармагы – Ак-Кыя айылындагы Байменде каналын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Нарын райондук Өнүктүрүү фонду тарабынан 4 млн. 800 миң сом бөлүнүп, 500 м каналды бетондоо иши жүргүзүлдү. Нарын суу башкармалыгы тарабынан 6 млн. 600 миң сом бөлүнүп, лотоктор орнотулууда.
Ак-Кыя айылына таза суу киргизүү үчүн АРИСке 59 млн. 926 миң 389 сомго долбоор өткөрүлүп, колдоого алынган.
Орто-Нура, Чет-Нура айылдарынын таза суу түтүктөрүн кеңейтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 млн. сом бөлүнүп, түтүктөр алынып келинип, жумуш жасалууда. Төш-Булак айылына таза суу системасын куруу үчүн АРИСке 24 млн. 763 миң 516 сомго долбоор өткөрүлүп, тендер жарыяланып, курулуш иштери жүрүүдө. Орук-Там айылына таза суу системасын куруу үчүн АРИСке 39 млн. 146 миң сомго долбоор өткөрүлүп, колдоого алынды.

 

Билим берүү

– Чет-Нура айыл өкмөтүндө алты билим берүү мекемеси бар. Жалпы окуучулардын саны 1075. Мектепке чейинки билим берүү мекемелери – 5. Айыл өкмөт боюнча 11 тайпада 283 бала тарбия алууда.
Ак-Кыя айылындагы “Нур Байгазак” бала бакчасына жеке демөөрчүлөр тарабынан 47 миң 300 сомго инвентарь алынып берилди. Чет-Нура айылындагы “Чет-Нура” бала бакчасына күнөскана куруу үчүн Нарын райондук Өнүктүрүү фондуна 1 млн. 179 миң 400 сомго долбоор өтүп, күнөскана ишке берилди.
Орто-Нура айылындагы “Чоң-эне” бала бакчасына инвентарь алуу үчүн Нарын райондук Өнүктүрүү фондуна 496 миң 800 сомго долбоор өткөрүлүп, бала бакчанын инвентарлары жаңыртылды.
Ошондой эле жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен 69 миң сомго уктоочу керебеттер алынып, жамынчылар тигилди. “Чоң-эне” бала бакчасынын жалпы жамаатынын демөөрчүлүгү менен 53 миң 180 сомго чарба буюмдарын коюучу кампа курулду.
Ийри-Суу айылындагы «Бактылуу бала» балдар бакчасына Кумтөр Голд Компани мекемеси тарабынан инвентарь алууга 300 миң сом каржыланып, электро плита, балдар уктоочу эмерек жана кийим илүүчү шкафтар алынып берилди.

 

Жарыктандыруу, көчөлөрдү оңдоо

– Жеке демөөрчүлөр тарабынан 70 миң сомго Чет-Нура айылынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүлүп, түтүктөр салынып, жолдор ондолду. Чет-Нура айылынын ички көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 35 миң сомго 42 прожектор, жеке демөөрчүлөр тарабынан 52 миң сомго 120 көрк берүүчү жарыктар (дюралайк) жана 18 прожектор алынып, тагылууда.

 

Ар кыл багыттагы иштер

– Айыл аймагы боюнча 240 га мамлекеттик фондунун кайра бөлүштүрүүнүн жерлери бар. Быйылкы жылы Орто-Саз, Ак-Кыя, Орто-Нура, Ак-Булуң айылдарында аукцион өткөрүлүп,102 жаранга жер берилди.
Чет-Нура айыл өкмөтүндө 1000 түтүндө 6140 калк жашайт. «Санарип” концепциясын ишке ашыруу боюнча турак жайдын 97 пайызы, калктын 85% пайызы киргизилди. Учурда аймакта E-kyzmat, СЭД программалары толук кандуу иштеп жатат.
Чет-Нура айылына селден коргоо үчүн дамба курууга Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасына долбоор өткөзүлүп, 12 адам жумуш аткарып, 30 литрден 360 литр суу май жана 3600 кг ун таратылды. Жалпы суммасы 237 миң 600 сомду түздү.
Жеке демөөрчү Сокен уулу Кубаныч тарабынан Ак-Булуң айылдык маданият үйүнө 80 миң сомго музыкалык аппаратура, 30 миң сомго инвентарь алынып, 20 миң сомго ремонт иши жасалды.
Ийри-Суу айылындагы жайыт жерлерди коруу үчүн Нарын райондук Өнүктүрүү фондуна 3 млн. 880 миң сомго долбоор өткөрүлүп, колдоого алынган. Бүгүнкү күндө тендер жарыяланып, жеңүүчү аныкталып, материалдар алынып келинди.
Орук-Там айылынын айыл башчысынын демөөрчүлүгү менен 12 миң 500 сомго 1 км канал чаптырылып, тосмолордун торлору алынып берилди.
Чет-Нура айыл өкмөтүнө күч каражаттарын алуу боюнча Нарын райондук Өнүктүрүү фондусуна долбоор сунушталып, 191 миң сомго электро генератор, мотопомпа, газосварка, бензопила, болгарка алынып келинди.
Орто-Нура айылынын тургуну жеке ишкер У.Акунов АРИСке долбоор сунуштап, 6 млн. 479 миң 200 сом АРИС тарабынан каржыланып, 1 млн. 619 миң 800 сом У.Акунов тарабынан өздүк салым салынып, жалпы 8 млн. 99 миң сомго айыл
чарба шаймандары алынып келинди.
Нарын облусундагы айыл аймактарын ирилештирүүнүн негизинде айыл өкмөттөргө берилген 10 млн. сомго Чет-Нура айыл өкмөтүнө 1 оор жүк ташуучу автоунаа алынып келинип, ишке берилди.

 

Турак жайларды камсыздандыруу

– Турак жайларды камсыздандыруу боюнча 2022-жылга 85 турак үй 618 сомдон жалпы суммасы 52 миң 530 сомго камсыздандырылса, 2023-жылдын 12 айына карата айыл өкмөтү боюнча 155 турак үй 618 сомдон 95 миң 790 сомго камсыздандырылды.

 

«Үч-Нура таза аймак» муниципалдык ишканасы

– «Үч-Нура таза аймак» муниципалдык ишканасы расмий түрдө 2023-жылдын 1-март күнү ишин баштаган. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин тиешелүү токтому менен ичүүчү сууга, тазалык жыйымга болгон тарифтер бекитилип берилген.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар