Понедельник, 20 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Эки райондо ишке ашып жаткан эки суу долбоору

“Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоору

Бүгүнкү замандын шарттарында суу – ар бир мамлекеттин экономикасынын туруктуулугун аныктоочу негизги фактор болуп саналат. Кыргызстанда ирригацияны өнүктүрүү үчүн бир топ жерлер жана суу ресурстары бар.
Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен “Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоору ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты – климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу менен айыл чарбасын жана суу ресурстарын башкарууну туруктуу өнүктүрүү аркылуу айыл элинин жашоо деңгээлин жогорулатуу. Долбоор ошондой эле интеграцияны жана рыноктук байланыштарды жогорулатуу аркылуу айыл жериндеги өндүрүштүк-тиричилик чынжырындагы экономикалык кирешени жакшыртууга багытталган.
Суу ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн долбоор негизинен төрт райондо: Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда ишке ашырылат.

 

Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай суусуна БСРдин курулушу

Административдик бөлүнүш боюнча объект Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын аймагында, ал эми сугарыла турган жерлерге алты айыл округунун: Түгөл-Сай, Баш-Кууганды, Чоң-Дөбө, Таш-Дөбө, Куйручук жана Жумгал аймактары кирет.
Түгөл-Сай суусунун агымынын эсебинен, жаңы кошумча жерлерди суу менен камсыз кылуу жана пайдалануудагы жерлерди суу менен камсыз кылууну жогорулатуу белгиленген. Долбоордо 1602 га жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү жана 3 490 га жерге суунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу каралган.
Көлөмү 3,2 млн. м3 болгон сезондук жөнгө салуу бассейнин куруу.
БСР плотинасы топурактан жасалып, жээгинин кыры 192 м, бийиктиги 31,6 м келет, дарыянын агымын жөнгө сала турган ядросу болот.
07.03.2023-жылы Түгөл-Сай БСРин куруу боюнча «Профит Экспресс» ЖЧКсы жана «Техно Центр» ЖЧКсы курамында болгон Консорциум менен келишим түзүлгөн. Мобилизациялоо иштери бүткөрүлүп, курулуш лагери орнотулуп жана курулуш иштери 2023-жылдын август айында башталган. Бул аралыкта 2-группадагы өсүмдүк катмары кыркылып, топурак ташылып, – 2,5 га аянттагы бадалдар жулунган. Узундугу 7,065 км болгон БСРге эксплуатациялык кирүүчү жолду куруу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Узундугу – 8,3 км болгон ВЛ-10 электр берүү линиясынын курулушу жана КТП-100 10/0,4 кВ курулушу аяктады. Ага жетүүчү жолго 8 ден 6 даана түтүктүү өтмөктөр төшөлдү.
Ошондой эле ички чарбалык – 22,83 км лотоктук сугат тармагын жана – 13,82 км чарбалар аралык тармакты куруу пландаштырылган. Объекттин курулушун аяктоо 2025-жылдын декабрына пландалууда.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Шамшы суусуна БДРдин курулушу

Административдик бөлүнүш боюнча объект Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айыл аймагынын жеринде жайгашкан. Сугаттын булагы Кочкор суусунун сол куймасы болгон Шамшы суусу болуп саналат.
Долбоор 1704 га жаңы жерди өздөштүрүү жана 1 096 га аянттагы жердин суу менен камсыз болушун жогорулатууну карайт. Бул декадалык жөнгө салынуучу, суу жаткан бетине геомембрана төшөлгөн 3,8 млн м3 көлөмүндөгү бассейн болот. БДР дамбасы дарыянын агымын жөнгө салуу үчүн: жээгинин кыры боюнча 600 м, бийиктиги 23 м. келет.
2023-жылдын 12-июнунда “Жалал-Абад СМУтт” ЖАК менен келишим түзүлгөн. Мобилизациялоо иштери бүткөрүлүп, курулуш лагери түзүлгөн. Шамшы БДРин куруу боюнча курулуш иштери башталды. Дамбанын өзү, дамбанын таманы боюнча жер курулуш иштери аткарылууда, Шамшы суусунун жайылмасында сууну бийиктен чыгаруу жана коё берүү (мунарасы) курулушу жүрүүдө.
Бул убакыттын ичинде дамбанын түбүндөгү топуракты ныктоо иштери жүргүзүлүп, 2-группадагы өсүмдүк катмарын кыркуу иштери жүргүзүлүп, 54059 тонна топурак ташылып, 5,5 га аянттагы бадалдар жулунган, ошондой эле сапаттуу ныктоо курулушу, экскаватор менен 3-4-группалардагы топурактарды иштетүү – 216573 м3, 410738 тонна топурак ташуу, В7,5 – 30 м3 бетон курулушун даярдоо, – 418,523 монолиттик т/бетондон түбүн, дубалын жана шыптары курулду.
Узундугу 2,2 километр келген ВЛ-10 жана трансформатордук подстанциянын курулушу аяктады. Объектиге тиешелүү сертификаты бар, курулуш материалдарына шайкештик сертификаты бар жерге курулуш материалдары, арматура, майдаланган таш, кум жеткирилди. Аянтка 331 200 м2 жылмакай геомембранасы LLDPE- t=-1,5 мм жана 4/1 типтеги LLDPE-T t=-1,5 мм 142 800м2 текстураланган геомембранасы жеткирилди. Ошондой эле 300 г/м2 тыгыздыктагы геотекстильдер – 237 600 м2 курулуш аянтына жеткирилди. Объекттин курулушун аяктоо 2025-жылдын декабрына пландалууда.
Суу жана жерди туруктуу башкаруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
• топурактан жасалган дамбаларды, суу алуучу жана чыгаруучу каналдарды, жөнгө салынуучу сел өткөргүчтөрдү жана суу агып чыгуучу каналдарды, кирүүчү жолду, электр менен жабдууну жана башка тиешелүү курулуштарды, анын ичинде өлчөө станцияларын жана ченөө станцияларын куруу;
• суу чыгаруучу түтүктөрдү, дарбазаларды, сел жана суу ташкын каналдарын орнотуу, ошондой эле жерлерди тегиздөө бул чөйрөгө кирет.
• калыбына келтирилген ирригациялык схемаларды эффективдүү тейлөө үчүн райондук суу чарба органдарына эксплуатациялык техникаларды жана жабдууларды берүү.
Бул долбоор 2018-2040-жылдарга узак мөөнөттүү Улуттук өнүктүрүү стратегиясында жана 2018-2022-жылдарга орто мөөнөттүү “Биримдик, ишеним, түзүү” өнүктүрүү программасында белгиленген максаттарга жетишүүгө салым кошот, мында айыл чарба сектору өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги багыттарынын бири катары аныкталган.
Долбоор 2017-2026-жылдары Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасында аныкталган иш-чараларды түздөн-түз каржылайт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар