Понедельник, 20 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Эдил НИЯЗОВ: “Балык чарбасынын келечеги кенен”

Кыргыз мамлекетинде айыл чарба, мал чарбачылыгы өнүккөндөй эле балык чарбачылыгы күн санап өнүгүп жаткандыгын айткыбыз келет. Бүгүнкү күндөгү базар экономикасында калкыбыздын көпчүлүк бөлүгүнө анча тааныш эмес балык чарбачылыгы республикабыздын бардык аймактарында кеңири кулач жайып баратышы кубанычтуу көрүнүш. Анын үстүнө өлкөбүздөгү суулардын, көлмөлөрдүн молдугу, таза табияты бул жаңы багыттагы чарбачылыктын өсүп-өнүгүп кетишине шарт түзүп, балык өстүрүүгө кызыккандардын саны арбыды.
Буга байланыштуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязовго бир нече суроолор менен кайрылдык.

 

– Сиз жетектеген департамент республикадагы балык чарбаларынын эсебин тактап турсаңыздар керек?
– Туура, биздин ишмердигибиз юридикалык жана жеке балык чарбачылыгынын ишмердигин көзөмөлдөө менен эле чектелбестен, алардын балык өндүрүүсүн, өнүгүшүн, эсебин алып, көзөмөлдөп турабыз. Бүгүнкү күндө республика боюнча – 281 балык чарбасы бар.
Алар:
1. Чүй облусу боюнча 204 чарба;
2. Ысык-Көл облусу – 37 чарба;
3. Жалал-Абад облусу – 17 чарба;
4. Талас району – 9 чарба;
5. Нарын району – 10 чарба;
6. Ош облусу – 4 чарба.
– Балык продукциясын кайра өндүрүү иштери тууралуу токтоло кетсеңиз?
– Ооба, биздин департаменттин функционалдык милдеттерине жараша, өлкөдөгү балык чарба көлмөлөрүнө балык чабактарын коё берүү иштерин колго алган. Мисалы: Балыктандырылган көлмөлөр – Ысык-Көл, Соң-Көл көл, Орто-Токой, Базар-Коргон, Ала-Арча жана башка суу сактагычтарга миллиондогон сиг-лудога, карп-сазан жана Ысык-Көл форелинин, маринканын чабактары менен балыктандыруу иштери колго
алынган.
– Балык өстүрүү(аквакультура) иштери жанданганбы?
– Албетте, 2023-жылдын 12-айында Департамент менен келишимдик негизде иштеген республиканын балык чарба көлмөлөрүндөгү юридикалык жана жеке балык чарба субъектилери тарабынан товардык балык өндүрүүнүн көлөмү 33672,3 тоннаны түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 162, 4 пайызга көп өндүрүлгөн.
– Эдил Бейшекеевич, балык жана балык азыктарын экспорттоо иштери эмне болуп жатат?
– Өткөн жылдын 12 айында балык жана балык продукциялары 5556,47 тонна экспорттолуп, мурунку жылга салыштырмалуу 143, 53 пайызга көп чыгарылган.
Андан сырткары, ички рынокко са-тууда дагы ийгиликтер бар.
– Юридикалык жана жеке жактарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү иштерине токтоло кетсеңиз?
– Рынок экономикасында жашоо менен жеке жана юридикалык жактар калкка кызмат көрсөтүп, өндүрүлгөн продукциясын сатуу керек. Ошондуктан, балык чарбаларын уюштуруу үчүн паспорттор, балык өстүрүү жана биология-лык негиздеме жана суу объектилеринин схемалык картасы иштелип чыккан: өткөн жылы 83 балык чарбаларын уюштуруу үчүн паспорттор жана балык өстүрүү-биологиялык негиздемеси (БӨБН) түзүлгөн. Ал эми садоктук курулуштарды орнотуу жана эксплуатациялоо үчүн 8 схемалык картасы иштелип чыкты.
– Балык чарбасын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү бийликтерге чыгарылган корутундулар туурасында айта кетсеңиз?
– “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 токтому менен бекитилген Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибинин 2-пунк-туна ылайык, көлмө жана бассейндик аквакультураны уюштуруу үчүн токой фондусунун жер участокторун конкурс-тук негизде пайдаланууга берүү боюнча конкурстук комиссиянын курамына кирип, Нарын облусунун Кочкор токой чарбасына жана Чүй облусунун Токмок токой мергенчилик чарбасында каты-шууну камсыз кылган.
Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын Балык чарба департаментине сынактык негизде балык өстүрүү максатында жасалма көлмөлөрдү түзүү үчүн жер участокторуна жана суу объектилерине аныктама берүү жана негиздеме (корутунду) берүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, республиканын аймактарында жайгашкан жер участокторунун жана суунун балык чарбалык корутундулары чыгарылган.
Райондук мамлекеттик администрацияга жана шаардык мэрияга берилген балык чарба корутундуларынын саны – 12;
Райондук токой чарба ишканаларына берилген балык корутундуларынын саны –16;
– Балык чарбалык көлмөлөрдү пайдаланууга берүү боюнча сынактарды өткөрүү боюнча кандай иш алып барат?
– 2023-жылы департамент тарабынан 7 сынак өткөрүлүп, 32 суу сактагычтын тилкеси же көлмө сынакка коюлуп, 19 көлмөгө келишим түзүлгөн.
– Чүй облусу боюнча сынакка 13 көлмө коюлуп, анын ичинен 7 көлмөгө келишим түзүлгөн;
– Ысык-Көл облусу боюнча сынакка 4 көлмө коюлуп, анын ичинен 4 көлмөгө келишим түзүлгөн;
– Жалал-Абад облусу боюнча сынакка 14 көлмө коюлуп, анын ичинен 7 көлмөгө келишим түзүлгөн;
– Ош облусу боюнча сынакка 1 көлмө коюлуп, келишим түзүлгөн.
– Балык өстүрүү иштери бардык эле адамдардын колунан келе бербесе керек. Сиз жетектеген департаментте окуу семинарларды өткөрүү иштери колго алынганбы?
– Ооба, 2023-жылдын отчеттук мезгилинде райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана муниципалдык органдардын кайрылуусунун негизинде Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда, Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Жалал-Абад облусунун Аксы району жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундорунда райондук деңгээлде “Балык чарбасын уюштуруу жана башкаруу жөнүндө” багытындагы темада семинарлар өткөрүлдү.
– Эл аралык кызматташтык иштери жанданганбы?
– 2022-жылдын 22-октябрындагы КРнын Айыл чарба тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея деңиз институтунун (мындан ары-КМИ) ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө түзүлгөн меморандумдун негизинде, Департамент МИ “Тоң балык өстүрүү заводунун” базасында Кыргыз Республикасынын “Аквакультура жана балык уулоону өнүктүрүү боюнча улуттук борборун” түзүү иш-чарасы жүрүүдө. Ишке ашыруу мөөнөтү, 2022-жылдын октябрынан 2026-жылдын декабрына чейин.
Балык заводунун инфраструктурасын жакшыртуу, реконструкциялоо (инкубациялык цехтер, лабораториялар, турак жай, ашкана ж. б.) пландаштырылууда. Борбор балык чарбаларына, студенттерге, мугалимдерге жана окумуштууларга балык өстүрүү технологияларын үйрөтүү боюнча программаларды ишке ашырууну пландаштырууда. Учурда курулуш иштеринин экинчи этабы жүрүп жатат (ички курулуш иштери, жашылдандыруу, пландоо).
– Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында кандай иштер аткарылды?
– 2024-жылы Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнө жана Орто-Токой суу сактагычына сиг-лудога, форель-гегаркуни балыгынын 14 миллион чабактары менен балыктандыруу иштери жүрдү.
Мындан сырткары, ушул жылдын үч айында 4128,6 тонна балык өндүрүлүп, биринчи кварталда планыбыз 112,3 пайызга аткарылды.
Балык жана балык продукциясын экспорттоого келсем, I-кварталда 706,076 тонна экспорттолду.
Тренинг жана окутуу иштерин жүргүзүү 2024-жылдын биринчи кварталында Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында “Балык өстүрүүнү жана балык чарбасын уюштуруу жана башкаруу” деген темада семинарлар өткөрүлдү.
– Эдил Бейшекеевич, балык чарбачылыгы үчүн кандай ченемдик укуктук ишмердүүлүк аныкталган?
– Балык чарба чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Балык чарбасы жаатындагы өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө» 2023-жылдын 26-майындагы №201-НИ буйругу иштелип чыгып бекитилген.
Мындан сырткары, Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнүн суу биологиялык ресурстарын коргоо жана көбөйтүү багытында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын долбоору иштелип чыгып, 2023-жылдын 10-июлундагы УП №172 Жарлыгы менен бекитилди;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы УП №172 «Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы №594 токтому менен бекитилди;
3. «Балык уулоого (кармоого) тыюу салынган жана уруксат берилген торлордун тизмелерин, аларды эсепке алуунун, реестрди жүргүзүүнүн жана балык уулоо каражаттарын маркировкалоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы №624 токтому менен бекитилди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар