Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Казак мамлекетинин гимнин жазган ким?

Кыргыз, казак эли илгертен түбү бир тууган эл болгондуктан эки улуттун тили, адабияты, маданияты, үрп-адаты, каада салтында көп окшоштуктар бар. Айрыкча кыргыз-казак элинин ыр, күүлөрү, обондору, ырлары кош булбулдай бири-бирине үндөшүп турат. Эки элдин тарыхына үңүлсөк казак, кыргыз акындары, ырчылары комуз менен домбураны колуна тийген жеринен бирдей ойногонун көрөбүз. Алсак, казак элине аттын кашкасындай таанымал, обондору Борбор Азия элине кеңири тараган Шамшы Калдаяковдун атасы Калдаяк темир уста, кезинде комуз менен домбураны бирдей сайраткан, ыр жазып, обон чыгарган адам болуптур. Эки элдин маданий достугу, бири бирине болгон боордоштук сезими азыр да уланып келе жатат. Анда кеп кезеги ошол казак элинин чыгаан таланты, Казакстан мамлекетинин гимнинин (2006-жыл) автору Шамшы Калдаяков тууралуу болсун.

 

Калк жүрөгүнөн орун алган Калдаяков

Атасы Калдаяк (башка аты Анапия) ыр, обон чыгарган, апасы Сакыпжамал ырга шыктуу болгондуктан болочок композитор да бала чагынан музыкага жакын болуп, мандолин ойноп чоңоёт. Согуш жылдары трактор айдап, кийин Сарыгаштагы зооветеринардык техникумга тапшырат. 1955-жылы Ташкенттеги Хамза Хакимзаде атындагы музыкалык окуу жайынын музыка теориясы факультетине тапшырат. Ар кандай жагдайлардан улам аны толук аяктабай кийинки жылы Алма-Ата шаарындагы Курмангазы атындагы консерваторияга тапшырат. Ал жерден белгилүү композитор Василий Великановдон сабак алат.
26 жаштагы Шамшы Калдаяков жаш акын Жумекен Нажимеденованын “Менин Казакстаным” ырына обон чыгарып, аны Жамал Омарова ырдап чыгат. Кыска убакытта ал ыр өтө популярдуу болуп, ар бир казак жаранынын көкүрөгүнөн орун алат. Башкалардан өзгөчөлөнгөн улуу талант кийин “Кайыкта”, “Бакыт кучагында”, “Сыр сулуум”, “Эне тууралуу ыр”, “Ак бантик”, “Кара көз”, “Ак бүркүтүм менин”, “Кайдасың?” сыяктуу керемет обондуу ырларды элге тартуулаган.

Ырчылыкка карай алгачкы кадам

Композитордун эң алгачкы “Кара көз” ыры студент кезинде жаралат. Жаш, мокок, эч кимге белгисиз композитор агезде обондоруна текст жаздыруу дегенди деле ойлогон эмес. Бир күнү ал окуган консерваториянын вокалдык бөлүмүнүн мугалими Мадеш Ниязбеков Шамшынын “Кара көзүн” капыстан угуп калат. Ал дароо эле «Обон жакшы экен. Бирок, текст начар. Кел, сөзүн башка бир акынга жаздырабыз” дейт. Мындайды күтпөгөн жаш обончу делдейе түшөт. Мадеш Шамшынын ой-боюна койбой чыгармачыл дөө-шаалар майрам кылчу “Алма-Ата” ресторанына ээрчитип барып Сакен Сейфуллин, Куандык Шангытбаев, Изтай Мамбетов деген акындар менен тааныштырат. Дайыма шар жүргөн Мадеш алагүү болуп калган калемгерлерге маселени кабыргасынан коёт. “Кана, ырдап көрчү” дейт анда Куандык Шангытбаев эси эңгиреп турган жаш обончуга. “Ушул жерденби?” дейт ишенкиребеген Шамшы. “Анан кайсы жерден? Бул жерде ыр эмес гимндер ырдалат” дейт Куандык. “Муну кызытыш үчүн май керек экен. Ме, муну тартып жибер” деп Изтай Мамбетов кырдуу стаканга толтура арак сунат. Шамшы токтолбостон аны шыр тартып жиберет. Эки мүнөттөн кийин мукам, жүрөктү дирилдеткен “Кара көз” сызылып чыга баштайт. Ошентип обончунун ырчылыкка да, ичкиликке да болгон тушоосу кесилет. Кийин композитор бул күндү “менин ичкилик стажымдын башталышы” болчу деп эскерип калчу экен.

Шаңшыган бүркүткө айланган Шамшы

Калдаяковдун өзгөчөлүгү казак эстрада ырларынын музыкасы менен улуттук колоритти байланыштыра, жеке эле казак композиторлору эмес башка улуттардын композиторлорунун өзгөчөлүгүн тез өздөштүрө алгандыгы болгон. Так ошол салттык музыка менен заманбап музыканы айкалыштыра билүү анын популярдуулугун арттырган. Анын ырлары ушунчалык угумдуу келип, башты айланткан лирикалуулугу менен айырмаланып турган. Ошол себептенби, айтор, анын айрым ырларын башка улуттагылар да жан дили менен жаттап, ырдап чыгышкан. Жогоруда айтканыбыздай, анын “Менин Казакстаным” аттуу патриоттуулук ыры Казакстанда кеңири таралып, 2006-жылы Нурсултан Назарбаевдин анча-мынча түзөтүүсү менен казак мамлекетинин гимни болгон. Казак элинин эсинен кеткис 1986-жылдагы декабрь окуясында (Желтоксан) Шамшы Калдаяков борбордук аянттагы “декабрист жаштар” менен бирге ушул ырын ырдап чыккан.

Кеч баркталган көздүү мончок

Коммунисттик партия идеологдору кооптуу деген ырларынын айынан Калдаяков кезинде бийликтин кысымына көп дуушар болуптур. Ар кандай көралбастыктан, бут тосуулардан, кээде көкөлөткөн мактоолордон улам ал ичкиликке да жакын болуп кетет. Эстрадалык жанрда бийик деңгээлге көтөрүлүп, ыр-обондору менен эл сүймөнчүлүгүнө айланса да ал кезинде Композиторлор союзуна алынбай, музыкалык окуу жайдан, консерваториядан да чыгарылат. Ар кандай кысымдардан, ага жабылган жасалма жалаалардан улам обончу 1974-жылы Алматыны таштап, туура 18 жылдан соң гана кайтып келген. Баарынан өкүнүчтүүсү, эбак татыктуу болгонуна карабай өлөрүнө бир жыл калганда, тактап айтканда, 1991-жылы гана ага Казакстан эл артисти наамы ыйгарылган. А 2006-жылы жалпы казак элинин каалоосу менен Шамшы Калдаяков менен Жумекен Нажимеденовдун “Менин Казакстаным” ыры өлкөнүн мамлекеттик гимни болуп кабыл алынат. Ушул жылы 11-январда Акордо резиденциясында бул ыр биринчи жолу казак мамлекетинин гимни катары жаңырган.

“Ар бир үйдө ырдоо салт болсо кана”

“Мүмкүн болсо ырдоо же биргелешип музыка дүйнөсүнө чөмүлүү ар бир үйдө салт болуп калышын каалар элем”, “Менин ырларымда дайыма кыздын образы жүрөт, эгер ал болбосо аларды эч ким ырдабай коёт”, “Менин жандүйнөмдүн, кыялымдын кармалгыс кыймылынан жаралган ырлар бакчадагы жаңы ачылган бүрдөй, таңкы күн нурундай болуп менин жандүйнөмдүн абалын элге берип турат” деп көп айткан Шамшы Калдаяков жашоодо оор соккуларды дайыма юмор, тамаша менен жеңип кетчү дешет. Композитордун жубайынын айтымында, өмүрүнүн акыркы жылдарында Казак эл артисти, белгилүү ырчы делген досторунун бири да анын акыбалын сураган эмес.
Бирок, композитордун тамыры үзүлбөй, анын улуу баласынын опера-балет театрынын дирижёру, кичүү уулунун пианист болуп чыгышы, эл оозунда обондуу ырларынын калышы, эң негизгиси, анын ырынын гимн болуп калышы композитордун кандай талант экенин далилдеген. Казак боордоштордун айтымында, композитордун неберелеринин арасында да таланттуу мызуканттар бар. Качандыр бир кезде балким алардан да экинчи Шамшы Калдаяков чыгып калгысы бардыр.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар