Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Шайлоо. Дагы эки талапкер документ тапшырды

БШКга Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу Кара-Суу шайлоо округу боюнча талапкер 1985-жылы туулган Ажимаматов Сталбек Асановичтен арыз түшкөн. Ал «Евразия Строй Групп»ЖЧКсынын директору.

Ушул эле шайлоо округу боюнча экинчи талапкер 1984-жылы туулган Орунбаев Турдубек Дүйшөнович арыз берди. Ал жеке ишкер.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар