Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Эл аралык хоккей федерациясынын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын курамында Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү Лисвадтракул Кхун Ин Патама, Словениянын хоккей федерациясынын президенти Раковец Матьяж, «Инфронт» компаниясынын башчысы Блаттер Филипп, Швециянын хоккей федерациясынын президенти Ларссон Андерс, эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Оморканов Айваз жана Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Оморканов Анвар кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар спорттун шаарды өнүктүрүүнүн элементи катары маанилүүлүгүн, ошондой эле Бишкекте 3-дивизион боюнча Дүйнө чемпиондугун ийгиликтүү уюштурууну талкуулашты.
Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды алдыга жылдырууга өзгөчө маани берерин белгилеп, Лисвадтракул Кхун Ин Патама айымды бул багытта биргелешип иштөөгө чакырды.