Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Жемиштүү жетимиш жаш

Геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор, Эл Достугу Россия университетинин профессору,  академик У.Асаналиев атындагы сыйлыктын лауреаты Орунбай Шамшиев 1954-жылы 8-майда Ош областынын Фрунзе районундагы Сухана (Кадамжай) айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1969-жылы Калтак мектебинин 8-классын аяктагандан кийин Кызыл-Кыя тоо-кен техникумуна (азыркы тоо-кен техникуму) тоо техник-геологу адистигине окууга тапшырып, аны 1972-жылы ийгиликтүү аяктаган. Окуу мезгилинде өндүрүштүк практикасын Кыргыз ССР Геология башкармасынын Көкөмерен жана Байбиче тоо геологиялык чалгындоо партияларында өткөргөн.

1972-1974-жылдары техникумду аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1974-1979-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун тоо-геология факультетинде окуп, пайдалуу кендерди издөө жана чалгындоо боюнча инженер-геолог адистигине ээ болгон.

Аталган окуу жайда окуп жүргөн мезгилде Мангышлак чалгындоо  партиясында (Казакстан Республикасы) участок башчысы жана Кыргыз Республикасынын Улуу Тоо геологиялык чалгындоо партиясында (УКГЭ) бургулоо мастеринин жардамчысы болуп эмгектенип,  өндүрүштүк практикаларын өткөргөн.

1979-жылы институтту аяктагандан кийин, академик Үсөнгазы Асаналиевдин сунушу менен Фрунзе политехникалык институтунун Орто Азиядагы атактуу, сейрек кездешүүчү жана асыл металл кендеринин проблемаларын илимий изилдөө лабораториясында кенже илимий кызматкер болуп эмгектенген. Жаш адис катары 1979-1983-жылдары минералдык ресурстар кафедрасынын күндүзгү бөлүмүнүн аспирантурасында окуган. 1983-1988-жылдары илимий изилдөө лабораториясынын сурьма жана сымап бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери, улук  илимий кызматкери, башчысы кызматтарын аткарган.

Орунбай Шамшиев Түштүк Кыргызстандын маталлогения жана түстүү кендердин проблемалары боюнча көптөгөн макалалардын жана отчеттордун автору. Анын илимий изилдөөсүндөгү сурьма жана сымап кендеринин үнөмүн, болжолдоосун чагылдырган эмгектери геология тармагында жылуу кабыл алынган. Металлогения жана түстүү кендерди казып алуу проблемалары боюнча СССРдин Илимий-техникалык илимдер боюнча мамлекеттик комитетинин тапшырмасы боюнча жазылган докладдарды аткаруучулардын жооптуу адистеринин бири катары катышкан.

Окумуштуу Орунбай Шамшиев Кыргыз Республикасынын экология министрлигине өндүрүштүк ишканалардын экологиялык паспортторун түзүү боюнча негизги жоболорду сунуштаган. Геология департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Экология тоо-кен борборунун EKONIV «Экологиялык паспортун түзүү» методикасын иштеп чыккан. Сох-Абшыр суусунун аралыгындагы сурьма жана сымап боюнча локалдык болжолдоо боюнча контракттык тематикалык иштерди аткарган.

1988-жылы «Түндүк Алайдын катмарлуу палеозой түзүлүштөрүнүн рудалуулугу» деген темада кандидаттык  диссертациясын ийгиликтүү жактагандан кийин Фрунзе Политехникалык институтунун «пайдалуу кендер геологиясы»  кафедрасына улук окутуучу болуп которулган. 1989-жылдан Фрунзе политехникалык институтунун улук окутуучусу, доценти, кафедра башчысынын орун басары, андан кийин конкурстун негизинде кафедра башчысы, 1993-1996-жылга чейин Кыргыз тоо-кен металлургия  институтунда «геология чалгындоо» факультетинин деканы, андан кийин биринчи проректору болуп дайындалат.

1996-жылы СССР таркагандан кийин Кыргызстандын тоо кен  металлургия тармагы абдан кыйынчылыкка туш келди. Бул тармактагы адистерди даярдоо солгундады. Ошондуктан ал тармакты жогорку билимдүү адистер менен камсыздоо максатында, Кыргыз тоо-кен металлургия институтунун Кызыл-Кыядагы филиалы ачылган. Ага профессор Орунбай Шамшиев директор болуп дайындалган. Окумуштуу педагог филиалды (азыркы институтту) түптөп, анын материалдык техникалык базасын жана  профессордук окутуучулар курамын түзгөн. Ал курамга өндүрүштө иштеген, ЖОЖдордо жана илимий институттарда эмгектенген тажрыйбалуу адистерди, республикадагы жана коңшулаш Өзбекстан Республикасынан окумуштууларды жумушка тарткан.

Ал окуу жайдын материалдык техникалык базасын, профессордук-окутуучулар жамаатын түптөөгө көп убактысын, күч-кубатын жумшады. Жетекчинин аракети текке кеткен жок, анын эмгеги кайтты. Талабы күчтүү аттестациядан ийгиликтүү өтүп, окуу жай атайын лицензияга ээ болду. Бара-бара филиал өлкөдөгү белгилүү окуу жайлардын бирине айланды.

Филиал институтка айланып, Москва, Германиядагы тоо-кен инженерлерин
даярдаган жогорку окуу жайлар менен пайдалуу келишимдерди түзүп, алар менен биргелешип эл аралык конференциялар өткөрүлгөн. Өзбекстандагы, Сибирдеги жогорку окуу жайлар менен өз ара кызматташууга кол коюлган. Ал келишимдер азырга чейин ийгиликтүү иштеп, практикалык алмашуулар, бирге макалаларды чыгаруулар жана илимий кызматташуулар уланууда .

Кыргызстандык окумуштуунун 2021-жылы Өзбекстан геология илимине кошкон салымы үчүн Өзбекстан Илимдеринин Академиясынын атайын сыйлыгына татыктуу болгондугу биз үчүн да сыймык.

Орунбай Шамшиев Россиянын Москва, Прокопьевск шаарларындагы окуу жайлардын ардактуу профессору жана илимий журналдарынын туруктуу мүчөсү. Ошондой эле ал КМШ мамлекеттеринде өткөрүлө турган эл аралык симпозиум,  конференцияларынын ардактуу катышуучусу. Аталган иш чараларда актуалдуу темаларды козгогон салмактуу адис.

Көрүнүктүү окумуштуу «Күйүүчү заттар геологиясы», «Металл эмес кендердин геологиясы» жана «Мунай заттардын геологиясы» аттуу окуу жана «Табигый жана жасалма наноалмаз негизги мүнөздөмөлөр жана өндүрүш өзгөчөлүктөрү» китептеринин автору. Ошондой эле нано түрүндөгү алмаздын негизги өзгөчөлүктөрү», «Коюу мунайды казып чыгуу технологиясы» аттуу көлөмдүү монографиялары жарык көргөн. Анын окуу китептерин жана монографияларын студенттер, аспиранттар жана илимий кызматкерлер кеңири колдонушат.

Окумуштуу Тянь-Шань тоолорун камтыган кендер жана анын геологиясы жөнүндө жазылган көптөгөн монографияларга рецензент болгон.

Бул жерде окумуштуу О.Шамшиевдин Кыргызстандагы кендердин жаратылышта пайда болуусу жана перспективасы багытында илим изилдөөчүлөрдү даярдоодогу эмгеги тууралуу баса белгилеп өтүүбүз зарыл. Ал жогорку окуу жайларда, илимий институттарда жана өндүрүштө эмгектенген аспиранттарды жана докторанттарды жетектеген. Анын жетекчилиги астында ондогон илимдин кандидаттары, 10го жакын аспиранттар жана 2 докторант даярдалып чыккан. Ал азыркы учурда 20га жакын аспиранттарга илимий жетекчи. Алар ЖОЖдордо, тоо кен өндүрүшүндө эмгектенишет.

Профессор Орунбай Шамшиев окумуштуулардын арасынан алгачкылардан болуп, Кыргызстандагы жаңы типтеги алмаздардын кездешүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү коомчулукту кызыктырган бир нече илимий макалаларды жазган. Ал ушул багытта азыркы убакта да активдүү иштөөдө.

Жетимиш жашты жемиштүү багындырган окумуштуунун бул аракети өлкөбүздүн геология  илиминин андан ары өнүгүшүнө өз салымын кошоруна шек жок. Окумуштуунун илимге кошкон салымы чоң болсо да анын мүмкүнчүлүгү көп экендигин эске алып, ага бекем ден соолук, чыгармачылык изденүүлөрдү каалайбыз.

Бурма ЫСАКОВА,
Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар