Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Балдарыбыздын дүйнө таанымы кең болсун

2024-жылдын 25-26-апрелинде Билим берүү жана илим министрлиги менен Ага Хан фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Мектептер 2030” программасы боюнча Нарын облусунда жасалган иштер менен таанышуу жүрүп, аталган программанын алкагында Нарындагы 17 мектеп жана 15 бала бакчага жабдуулар, окуу материалдары жана башка ресурстар тапшырылды. Бул жабдууларды мугалимдер жана окуучулар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча инновациялык чечимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өздөрү тандаган.

Ага Хан фондунун Билим берүү программасынын менеджери Назира Жолдошбекованын билдиришинче, «Мектептер 2030» программасы – 10 мамлекеттеги 1000 жалпы билим берүү мектептери жана мектепке чейинки мекемелер камтыган глобалдык 10 жылдык программа. Анын максаты – балдардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын өнүктүрүү үчүн билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана жайылтуу.
Ал: «Бул окуу жылы жалпысынан пилоттук 70 мектепке жана 30 бала бакчага 5,5 миллион сомдук жабдуулар тапшырылды. Ал эми, программа башталгандан берки сумма 40 миллион сомго чейин жетет. Мында интерактивдүү паннолор, ноутбук, телевизор, компьютер, принтер, изилдөө жана тажрыйбалар үчүн ар кандай аппараттар, глобус, лупа, микроскоп, колба, пробирка, пипетка, эбру, дрон, проектор сыяктуу куралдар жана башка окуу материалдары бар”, – деп билдирди. Программада экологиялык темаларга басым жасалып, эң башкысы математикалык окуу жетишкендиктерин жогорулатууга багытталат. Окуучулар кандай теманы алышпасын, андагы маселени ишке ашыруу планын так эсептөө талабы бар.
Нарын районундагы Дөбөлүү айылынын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин директору Назгүл Кадырова бул программа аркылуу окуучулар менен иштөөдө жаңы ыкмаларды эле үйрөнбөстөн, материалдык колдоо да алып жатышканын айтты. Мектеп бул күнү тигүү машинасын жана электрондук микроскоп алды. “Себеби, айылыбыздын четинде таштанды таштоочу жай бар, бул биздин негизги көйгөй, ал эми желим баштыктар жер жайнап, айлана-тегеректи булгап жатканы көңүл оорутат. Балдар айылдагы эң негизги көйгөй деп таштанды маселесин тандап, экобаштыктарды жайылтуу үчүн кийим тигүүчү машина сурашкан. Өздөрү макулатура чогултуп, аны сатып, кездеме алышты. Дизайнынын иштеп чыгып, канча материалдан канча баштык тигилиши керектигин эсептешкен. Алгачкы тигилген баштыктарды мугалимдер өзүбүз сатып алдык. Окуучулар алдыда аны айылга кеңири жайылтууну пландап жатышат”, – дейт ал.
Керимбай уулу Сарыбай атындагы мектептин информатика мугалими Гүлзат Исакова: «Программага эки жылдан бери катышып келебиз. Ал изденип, чыгармачылык менен иш алып барам деген мугалимге чоў мүмкүнчүлүк түзөт. Себеби, биз бул программага катышуу менен кесиптик чеберчилигибизди жогорулатуу тажырыйбасын алып жатабыз. Сабак берүү менен ийримде иштөөдө чоң айырмачылык бар. Ийримдерде балдарды жакындан таанып, жекече иштөөгө мүмкүндүк болууда», – деп айтты.
Жомок дүйнөсүндөй өтө кооз, таза жана жарык Нарын шаарындагы №18 “Ак-Дил” балдар бакчасында «Илбирсти сактоо» темасы боюнча ачык сабак өтүлдү. Тарбиячынын кызыктуу сабагына катышкан ар бир бала активдүү катышып, аны менен баарлашып, берилген маалыматты тез кабыл алганын байкадык.
Балдар бакчасынын директору Муханмедий кызы Ырысгүл аталган программанын алкагында 3 жылда ар башка тармакта иш алып барылганын айтат. Программа боюнча алгач иликтөө иши жүрүп, балдардын кандай кемчилиги болсо, ошол тарабын өнүктүрүү аракети көрүлөт. Андыктан, мында биринчи жылы кеп байланышы, экинчи жылы математика көндүмдөрү, быйыл сабат ачуусуна басым жасалууда. Белгилей кетүүчү нерсе, мында балдар жасалма эмес, жаратылыштагы заттар – топурак, таш, жыгач, суу, өсүмдүктүн түрү, койдун жүнү жана башкалар менен иштешет.
«Мектептер 2030» программасынын алкагында 2023-2024-окуу жылында изилдөөлөрдүн жана баалоонун жыйынтыгы менен 5-6 жаштагы балдардын сабат ачуу жана коммуникация көндүмдөрү төмөн чыккандыгына байланыштуу “Жаратылыш-жан досум” ийримин уюштурууну максат кылып коюшкан. Ийримдин сабактарында балдардын сабат ачуу көндүмдөрүн: жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү түзүүсүн, сүйлөө кебинде сөз түркүмдөрүн, эпитеттерди жана салыштырууларды колдонууга, тексттерди угуп талдоого, кайра айтып берүү ыкмаларын кеўири колдонушат экен. Мындан тышкары айлана-чөйрөнү коргоо, сергек жашоонун эрежелерин үйрөнүү, баарлашуу жана өз ара аракеттенүү аркылуу билимдерин бекемдешет. Кичинекей бөбөктөр экология боюнча илимий тексттерди пайдаланып, изилдөөлөр, салыштыруулар аркылуу курчап турган дүйнөнү таанып билүүдө климаттын өзгөрүүлөрүнүн келип чыгышын үйрөнүп, билишкени кызык.
Аталган балдар бакчасында учурда 380 бала 15 тайпада билим алат. 54 кызматкер болсо, анын ичинен 22 тарбиячы, эки музыка, бир орус тили мугалими эмгектенет.
Мындан соң Нарын районунун Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде болдук. «Мектептер 2030» программасынын алкагында 2023-2024-окуу жылында «Aqua Club» интеграцияланган ийриминде окуучулар климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүдө сууну сарамжалдуу колдонуу үчүн мектептин бакчасында тамчылатып сугаруу системасын орнотууну жана гидрогелди колдонууну максат коюшкан. Ушул күнү ийримде билим алган окуучулар көчөттөрдү отургузуу иштерин алып барышты жана бул аймакка өздөрү орноткон тамчылатып сугаруу системасы тууралуу да айтып беришти.
Буга чейин ушул мектепте дал ушул программанын алкагында алты түрдөгү 275 бак-дарактын көчөтү отургузулган экен. Бул тууралуу мектеп директору Мирбек Абылов билдирди: «Биз мектептин айланасына жийде, мырза терек, мажүрүм тал жана кайыў көчөт отургузуп, суу түтүкчөлөрүн орното алдык. Балдар бул иштерге өздөрү катышып, тамчылатып сугарууга кандай нерселер керек, канча каражат кетет, бир күндө, бир жумада көчөттөр канча суу ичет жана башкаларды эсептеп чыгышты. Бул аларды табиятка эле жакындатпастан, математикалык жөндөмдөрүн жогорулатууга да көмөк көрсөтөт”.
Ушул мектепте мугалимдер Гулсайра Өмүркулова менен Жүзүмкан Аскарованын жетектөөсүндө Оттук, Казан-Куйган айылындагы булактарды изилдөө, суунун адамзатка тийгизген пайдасы жана аны сарамжалдуу колдонуу боюнча да иштер жүргөн. Айылдагы 9 булактын ар биринин даамын, кайсы жерде, канча аралыкта жайгашканын, айылдын канча калкын суу менен камсыз кылат жана башка жагынан изилдөө жүргүзүлгөн. Бул айылда суу маселеси тартыш болгондуктан, мунун баары айыл үчүн актуалдуу иш.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул күнү окуу-чулар өздөрү жүргүзгөн иштер боюнча түшүндүрүп жатышты. Маселен, гидрогель боюнча 9-класстын окуучусу Адылхан Эсенгулов, Айдеми Асанова дагы башкалар тамчылатып сугаруу боюнча айтып беришти.
Мындан сырткары окуучулар «Сарамжал студент» дизайн командасынын ишин көрсөтүп, анда өз колдору менен таза, табигый, жасалма кошулмасыз тамак-аштарды сунуштап, зыяндуу тез татымдардан алыстатуу максаты менен тааныштырышты. «Кайра иштетүү» дизайн командасы керектелбей калган материалдарга экинчи жашоо берилген ар түрдүү паннолор, сумкалар, курактарды көрсөтүштү.
Ал эми «Усупбекстан» Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматчысынын жетекчиси Гүлмира Үмөталиева жана «Ага-Хан» фондунун билим берүү программасынын менеджери Назира Жолдошбекова менен түз эфир өткөрүшүп, кызыккан суроолоруна жоопторду ала алышты.
«Мектептер 2030» программасынын Нарын облусу боюнча консультанты, педагогика илимдеринин кандидаты, эксперт Шерматова Ильмира бул долбоор учурдун эң зарыл иш-аракети экенин белгиледи: «Азыр кичинекей балдар коомдогу өзгөрүүлөрдөн улам агрессияга берилип, башкалар менен контактыга баруудан качышат. “Мен” деген өзүмчүлдүк өнүккөн. Андыктан, аларга тарбия берүүдө «Мектептер 2030» программасы жакшы жардам берет. Мында көптөгөн компетенцияларды калыптандыруу жазылган – академиялык, математикалык, сабат ачуу көндүмдөрдөн сырткары мамиле түзө билүү, эмпатиялык, коммуникациялык, коллаборациялык көндүмдөр-дү өнүктүрөбүз. Мектепке
чейинки баланын өнүгүүсү, башкалар менен баарлашуусу ал баланын өзү менен өзү сүйлөшүүсүнөн башталат. Эмоциясы тез өзгөрүп турган балдарды жөнгө салуу, ой жүгүртүүсүн, кеп маданиятын, психикалык процесстерин өнүктүрүү үчүн бала бакчаларга атайын методикалык каражаттарды да колдонобуз.
Ошондой эле, баланын дүйнө таанымын өнүктүрүү максатында жөн эле сөз сүйлөбөстөн, бир теманы алып, илимий фактыны берип, ошону талкуулап, анын негизинде өнүктүргүлө деп жатабыз. Балдар сүйлөп калышты. 2009-жылда Кыргызстанда изилдөө аз болгон үчүн балдардын билим деңгээли төмөн болуп калды деп айтылган. Биз бала бакчадан баштап балдарды илимийлүүлүктүн принцибинде окутуп, илимий фактылар менен дүйнө таанымын кеңейтип, изилдөөлөрдү жүргүзгүлө деген милдетти коюп жатабыз. Ата-энелер дагы баласы менен баарлашып, китеп окуп берип, эмоционалдык кантакт кылуусу зарыл. Биз бул боюнча ата-энелерди да
окутуудабыз».

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар