Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Камсыздандырсаң кабатыр болбойсуң

Дүйнө жүзүндө ар жылы ондогон, жүздөгөн турак үйлөрдү саналуу мүнөттөрдө суу алып кетсе, күтүүсүз автокырсыктан, жаратылыш апааттарынан жүздөгөн адам өмүрү кыйылып, автонуаалар жараксыз абалга келип, мал-жандыктар бир паста кырылып калып жатат. Алыс барбай эле Кыргызстанды алсак, жылыга өлкөбүздө жаратылыш кырсыктарынан далай үйлөр, автоунаалар жараксыз абалга келип, жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылууда. ªкүнүчтүүсү, кырсык болгонго чейин кыргызстандыктар үй-жайын, мал-мүлкүн, саламаттыгын камсыздандырбагандыктан мындай оор учурларда камсыздандыруу компанияларынан же Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан эч кандай жардам ала албай келет. Андыктан камсыздандыруунун карапайым калкка кандай пайдалуу экенин кеп кылабыз.

 

Мамлекеттик камсыздоо качан башталган?

Союз тараганы милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу иши солгундап, акырындык менен бул мекеме да жоюлуп тынган. Ал ортодо Кыргызстанда ар кандай жеке камсыздандыруу компаниялары пайда болуп, эл алар менен кызматташа баштаган. 2015-жылы 31-июлда “Турак жайды өрттөн жана табийгый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, аны ишке ашыруу максатында “Мамлекеттик камсыздоо уюму” акционердик коому түзүлгөн. Аталган уюм 50 млн. сом уставдык капитал менен өз ишин баштаган. Беш-алты жыл ичинде аталган уюмда кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрүн, өмүрүн камсыздагандардын саны арбып, 2021-жылы уюмдун уставдык капиталы 370 млн. сомго жетип, жалпы активи 440 млн. сомду түзгөн. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишинин илгерилеши, албетте, жакшы. Бирок, өлкөдөгү 14 жеке менчик камсыздандыруу компанияларындагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бул өтө аз.
Белгилей кетсек, турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу мыйзамда каралган, бирок аны аткарбай койгондор үчүн жоопкерчилик жок. Ошол себептен да бизде камсыздандыргандар сейрек. Турак-жайды камсыздандырууга лицензия бир гана «Мамлекеттик камсыздоо уюму» ААКсына берилген.

 

Мамлекет колдоду, эми иштеш керек

Ушул жылдын 20-мартында Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик камсыздоо уюмунун” иши менен таанышып, жарандардын укугун, эркиндигин коргоо сыяктуу эле мамлекеттик камсыздандыруу өлкөнүн приоритети болушу керектигин баса белгилеген. ªлкө башчы өз сөзүндө акыркы 30 жылда жетишерлик колдоо болбогондуктан Кыргызстанда мамлекеттик камсыздандыруу төмөндөп, анын келечектүүлүгүн түшүнгөндөр жеке камсыздандыруу компанияларын ачышкандыгын өкүнүү менен билдирген. Ошол себептен бийлик эми мамлекеттик камсыздандырууга колдоо көрсөтүп, бул тармактын өнүгүшүн бекемдөө үчүн тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын баса белгилеген болчу. “Буга чейин өлкөдөгү ири өндүрүш ишканалары имараттарын, техникаларын, мүлктөрүн жеке камсыздандыруу компанияларында камсыздандырып турушкан. Ушул тапта Кыргызстанда 15 камсыздандыруу компаниясы болсо анын бирөө мамлекеттик, калганы жеке компаниялар. Эсиңиздерде болсо 2015-жылы Жогорку Кеңеште “Турак-жайларды, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Бирок, мыйзамды аткарбагандарга эч кандай административдик чаралар каралбагандыктан республикабыздагы 1 миллиондон ашык турак-жайдын 11 пайызы гана камсыздандырылган. 2016-жылдан бери “Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна” мамлекет тарабынан саясий, каржылык да көмөк болбоптур. Ошол себептен аталган уюмду ар тараптан колдоого кириштик. Учурда “Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун” уставдык капиталын дээрлик 1 млрд. сомго көтөргөнү турабыз. Албетте, бул жерде чечиле элек бир топ маселелер бар экен. Алардын ичинде тармакты санариптештирүү, аймактарда камсыздандыруу ишин активдештирип, аталган уюмдун филиалдарын ачуу, транспорт ээлерине милдеттүү камсыздандырууну киргизүү максатында атайын жарлыкка кол койдум. Ага ылайык жалпы мамлекеттк органдарга, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, мамлекеттик, муниципалдык ишканаларга, капиталында 50 пайыздан ашык мамлекеттин үлүшү бар чарбаларга баланстагы мүлкүн жана жоопкерчилигин “Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунда” камсыздандыруу милдеттендирилет. Ошондой эле мен жеке тараптарды кыймылсыз мүлктөрүн, автоунааларын күтүүсүз кырсыктардан коргоо үчүн “Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунда камсыздандырууга чакырып кетем”,-деген эле Президент Садыр Жапаров. Буга удаа эле өлкө башчысы аталган уюмдун кызматкерлерине элге камсыздандыруунун маанилүүлүгүн, зарылдыгын, пайдалуулугун ЖМКлар, соцтармактар аркылуу кеңири жайылтып, пропагандалоо жана камсыздандырылган мүлктөр табийгый, техникалык кырсыктарга учураган маалда кенемтесин тез арада төлөп берүү жол-жобосун иштеп чыгуу тапшырмасын койгон.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар