Понедельник, 20 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

Жумгал РСЧБнын башчысы ИШЕНБЕК уулу Жолдош: “Башкы максатыбыз сугат суусун өз убагында берип туруу”

Теңир-Тоо жергесине республикабыздын башка аймактарына салыштырмалуу жаз кеч келет. Ага жараша суунун булагы болгон кардын, мөңгүнүн эриши да кеч. Бул барып-келип эле калкты сугат суу менен камсыз кылууга милдеттүү болгон райондордогу суу чарба кызматкерлерин түмөн-түйшүккө салат. Анткени, тиешелүү каналдарды, БСРлерди күтүү, аларды вегетациялык сезонго даярдоо оңой жумуш эмес. Ушул өңүттөн алып караганда Жумгал райондук суу чарба башкармалыгы быйылкы сезонго камдуу келди деп айта алабыз. Төмөндө кабарчыбыз менен болгон маегинде Жумгал РСЧБнын башчысы Ишенбек уулу Жолдош жасалып жаткан иштер тууралуу бул фактыларды келтирген.

________________________________________________________

Жетекчи тууралуу маалымат

Ишенбек уулу Жолдошбек 2009-2014-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук университетинде гидротехника адистиги боюнча окуган.
Кесиби инженер-гидротехник.
2020-жылдан азыркы учурга чейин – Жумгал райондук РСЧБнын башчысы
2017-2020-жылдары – Жумгал райондук РСЧБнын башчысынын орун басары.
2016-2017 – Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын 1-категориядагы инженери.
2015-2016-жылдары – Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында техник.
2017 – мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис, 2018 – AvtoCAD жана QGIS боюнча адис, 2019 – 1С бухгалтер.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Суу чарба департаментинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Нарын обладминистрациясынын Ардак грамотасы, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы.

________________________________________________________

 

 Жумгал району боюнча ирригация тармагында жасалган иштер жана алдыга коюлган пландар

– Жумгал району боюнча 18459 га суу баскан жер бар, анын 13047 гектарын суу пайдалануучулар ассоциациялары жана айыл өкмөттөрү тейлейт.
Калган 5406 гектар жерди райондук суу чарба башкармасы сугат суу менен камсыз кылат. Ошондой эле райондо 758,7 км канал бар, мунун ичинен Жумгал районунун суу чарба башкармасына 172,7 км тиешелүү.
Райондо 4 насостук станция бар: Чаек-1, Чаек-2 насостук станциясы 546 га Чаек айыл өкмөтүнүн жерлерин тейлейт. Кара-Кече насостук станциясы 961 га Байзак жана Баш-Кууганды айыл өкмөттөрүнүн жерлерин тейлейт. Көк-Ой айыл өкмөтүндө жайгашкан Бос-Тектир насостук станциясы 180 га жерди сугат суу менен камсыз кылат.
5 чоң көлөмдүү жана 15 кичинекей БСР бар. Баш-Кууганды, Кара-Дөбө, Чолок-Терек БСРлери Жумгал РСЧБнын балансасында турат, калган 16 БСРлер айыл өкмөттөрдүн жана СПАлардын балансасында.
Жумгал райондук суу чарба башкармалыгы быйылкы 2024-жылкы вегеатацияга даярдык көрүүдө. 2024-жылга 21472,9 миң сом акча каражаты каралат. Бул каражат каналдарды механикалык тазалоого, насостук станцияларды жана автотранспорт, механизмдерди оңдоого жумшалат.
Насостук станциялардагы электр кыймылдаткычтарды оңдоо: (2 даана), насостук агрегаттарды алуу (2 даана) жана керектүү майда запастык тетиктерге – 9904,5 миң сом чыгымдалат.
Каналды бетондоо – 0,7 км, 9 даана ГТС, 5 даана ГП орнотулат, 12,9 км канал механикалык тазалоодон өткөрүлөт. 11048,4 миң сомго курулуш материалдары цемент, арматура, уголок, металл. Г-блоктор (Г-150, Г-120, Лр-100,80,60, П-4 алынат.
2024-жылга каналдарды оңдоого жана механикалык тазалоодон өткөрүү үчүн автотранспорт жана механизмдерди ремонттоого 1700,0 миң сомго запастык тетиктер алынат.

2024-жылга болжолдуу сугат иштери боюнча жазгы ным топтоо район боюнча 4500 га, мунун ичинен 3630 га суу баскан жер, ошондой эле 870 га жердеги көп жылдык чөптү сугаруу пландалууда.
Бүгүнкү күндө Күчүк каналынын 2 чакырымы механикалык тазалоодон өттү жана 150 метр каналга Г-Блоктор орнотулду, учурда кеткен чыгым – 1920,1 миң сомду түздү.
Кармыш, Кол-Арык, Орто-Терек каналдарына 10 суу курулмалары орнотулду.
Кармыш, Чолок каналдарынын 1,5 чакырымы механикалык тазалоодон өттү.
Кайырма каналы 6 чакырымы дыйкандардын күчү менен тазаланды, азыркы учурда 120 даана П-4 плиталары жана 10 даана Г-150 блоктору алмашууда, жалпы 1500,0 миң сом курулуш материалдарына жана күйүүчү майга сарпталды.
Кара-Кече өзөнүндөгү 1-май каналында ремонттук жумуштар жүрүп жатат, анын 450 метрине бетон куюлат. Бос каналынын 6 даана лотоктору алмаштырылат.
Чон-1 каналы механикалык тазалоодон өтүп жатат.
Чолок-Терек БСРри Жумгал өнүктүрүү фонду аркылуу механикалык тазалоодон өтүп 17,0 миң м/3 тазаланды, кеткен чыгым 2731,2 миң сомду түздү.
Чаек – 1-2 жана Кара-Кече насостук станцияларында электр жабдуулары жаңыланды, азыркы учурда Чаек-1, Чаек-2 насостук станцияларынын электр жабдууларын алмаштыруу жумуштары толугу менен аяктады жана суу берилүүдө, сарпталган каражат 2400,0 миң сомду түздү.
Кара-Кече насостук станциясы 90% даяр, 2024 жылдын 21-апрелинен тартып, Кара-Кече насостук станциясы дыйкандарга суу бере баштайт.
Бүгүнкү күндө жазгы ным-топтоо сугат иштери жүрүп жатат. Жалпысынан Жумгал району бюнча өзөндөн тушкөн суу 2 488,6 млн. м3, 663 га жерге сугатка суу берүү 1617, 65 млн. м3 түздү, мунун ичинен айдоо алдында 582 га, 81 га көп жылдык чөп сугарылды.
Жумгал РСЧБнын карамагындагы Кара-Дөбө жана Баш-Кууганды суу топтоочу көлмөлөрдө (БСР) дыйкандарга суу берилүүдө. Ал эми Чолок-Терек өзөнүнөн суунун келиши 0,03 м3.сек болгондуктан Чолок-Терек БСРне суу топтолууда.
Кара-Кече насостук станциясында ремонт иштери жүрүп жаткандыктан Кара-Кече БСРне суу салына элек. Чолок каналына (31.03.24), Кароол каналына (05.04.24), Осмон-Арык каналына (29.03.24), Таш-Дөбө каналына (08.04.24), Кайырма каналына (30.03.24), Кум-Арык каналына (02.04.24), Орто-Терек каналына (02.04.24), 1-Май каналына (05.04.24), Кармыш каналына (08.04.2024) суу салынды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар