Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Маданияттын мыкты кызматкери, хореограф Наргиза ХАЖИЕВА: “Максатыбыз – Кыргызстандын бий искусствосун көтөрүү жана даңазалоо!”

Бий ийрими – балдар үчүн эң маанилүү ийрим болуп саналат. Бийдин ден соолукка да таасири абдан чоў. Мисалы, бийлөө учурунда адамдын денесиндеги бардык булчуңдар активдүү иштеп, организмге оң таасирин берет. Балдардын дене боюунун туура өсүүсүнө жардам берип, активдүү жашоо образын алып жүрүүгө жол ачат. Ошондой эле, бий – өспүрүмдөрдүн иштөө жөндөмдүүлүгүн арттырып, организмди чыдамкайлыкка тарбиялайт…
Дал ушундай миссияны аткарып, балдарды ар тараптан өнүктүрүп-өстүрүп келе жаткан “Дея” элдик бий ансамбли быйыл 20 жылдык мааракесин белгилеп жатышат. Маданияттын мыкты кызматкери, Нурдин Тугелов атындагы сыйлыктын лауреаты, ансамблдин жетекчиси Наргиза Хажиева менен маектештик.

“Биздин ансамбль 2004-жылы “Ак таң” деген ат менен негизделген. Башында 4 эле кыз бийлечү. Кийинчерээк, “Дэя” деп өзгөрттүк. 2010-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, 2016-жылы Чүй облусунун Кемин шаа­рында филиалдарыбызды ачтык. Бул аралыкта 1000ден ашык балдарды окутуп тарбияладым. Окуучуларымдын арасынан өзүнүн бий группаларын ачып, бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жаткандары бар. 20 жылдын ичинде аябагандай көп сынактарга катыштык. Мисалы, Түркия, Башкорстан, Түркменистан, Казактан, Россия, Япония, Кипр ж.б. мамлекеттерде өткөн эл аралык фестивалдарга, конкурстарга катышып, эң алдыңкы орундарды жеңип, олжолуу кайткан учурларыбыз болгон. 8 ирет Гран-при сыйлыгын жеңгенбиз. Андан сырткары, 2018-жылы Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, 2019-жылы Талас шаарында өткөн респуб­ликалык кичи көчмөндөр оюндарына катышканбыз. Республикалык деңгээлдеги масштабдуу иш-чаралардын бирин дагы калтырбай активдүү катышканыбыз үчүн 2018-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ансамблге “Элдик” деген макам ыйгарган”, – дейт Наргиза Хажиева.
– Кайсы бир жылы Түркияга барып, Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлык алып келгениңиздер тууралуу уккан элек…
– 2018-жылы Кыргызстан республикалык чыгармачыл балдар кароо-сынагына катышып, Гран-прини утуп алганбыз. Бизге 2019-жылы Түркия мамлекетинин Анкара шаарында өтө турган балдар фестивалына бекер жолдомо беришкен. Түркия мамлекети жыл сайын апрель айында чыгармачыл балдардын башын бириктирген эл аралык фестивалды өткөрүп турушат. Ага 50гө чукул өлкөнүн балдары барышат. Бактыга жараша биз да 2019-жылы катыштык. 41 мамлекеттен барган кыздар-балдар өз таланттарын тартуулашкан. Бирок, ошол 41 мамлекеттин ичинен Түркиянын президенти биздин команданын аткаруусун жактырып, сахна артына жеке жолугушууга чакырган. Реджеп Тайип Эрдоган менен жакындан таанышып, сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонбуз. Бул окуя “Дэянын” тарыхындагы унутулгус көз ирмем болгон.

– Сизге келген кыздарды кандай критерий менен аласыз?
– Бийлейм деп келген кыздарды сынаксыз эле кабыл алам. Аларда эң башкысы бийге болгон кызыгуу, каалоо болсо болду. Калганын акырындык менен үйрөтүп алам. Балдар менен иштөөдө керек учурда тартипти сактап, талапты коюп, катуу да кармайм. Ошол эле учурда жумшак мамиле кылып, алар менен дос болгонго аракет кылам. Анткени, дайыма катаал болсоң, окуучуларың сага толук ачыла албайт. Ошондуктан, кээде балдар менен бала болуп кетем (күлүп).
Адатта, ыр-бийге шыктуу, таланттуу балдар дароо эле көзгө урунат. 1-2 сабактан кийин эле дараметтери билинет. Андай учурда, ал окуучумдун өнөрүн, талантын ачканга аракет кылам. Бир гана бий боюнча эмес, бардык жактан өнүктүрүүгө далалат жасайм. Мисалы, бир нече жылдар бою телеканалдар менен тыгыз иштешип келатам. Бизге чакыруу түшкөндө, таланттуу кыздарымды кошо ала барам. Алар кичинесинен камера алдында сүйлөгөндү үйрөнүшөт. Дегеле, дене бойду туура кармоону, сахнада басканды, турганды, этиканы өздөштүрүшөт. Негизи эле, бийге келген кыздар бара-бара ачылышат. Башында тартынчаак, сүйлөбөгөн, түнт кыздарым кийин ачык-айрым болуп чыга келишет…
– УТРК, НТС, ЭлТР телеканалдары менен тыгыз иштешип жүргөнүңүздү билебиз. Бул кызматташтыкка канча жыл болду жана окуучуларыңыз үчүн алып баруучулукка жол ачкан учурлар болду беле?
– Ооба, аталган телеканалдар менен 15 жылдан бери иштешебиз, башка да телеканалдар менен кызматташып жүрөбүз. Ал эми менин колумда жүрүп Рыскелди Старбеков деген окуучум “Баластан” студиясында иштеп калды. Азыркы учурда Нурпери Оңолбекова деген окуучум НТСте иштеп жүрөт. Мындан сырткары, көп кыздарым модель болуп чыгышты. Актриса Рахат Божокоева да менин окуучум.
– Бий – сиз үчүн эмне?
– Бий – бул менин жакшы көргөн кесибим жана жумушум. Балдарга бий боюнча сабактарды өтүү аларды ар тараптан өнүктүрүү – бул жашоодогу менин миссиям деп билем. Хореографтардын максаты – бийге шыктуу балдардын потенциалын ачуу жана алардын дене боюнун, организминин туура өсүп-өнүгүүсүнє кам көрүү болуп саналат.
– Сизге дарыгерлердин сунуштамасы боюнча келгендер болобу? Себеби, сколиоз оорусуна кабылгандарды көбүнчө бийге барууну жана сууга сүзүүнү сунушташат экен.
– Ооба. Андай учурлар бар. Бутту ичке кайрып баскан кыздардын бутун оңдош керек деп келишет. Эгерде, сабакка үзгүлтүксүз келип, көнүгүүлөрдү дайым жасаса, сколиоз да, буттун сөөктөрү да түздөлөт. Дегеле, бийдин ден соолукка таасири абдан көп. Бийдин кандай гана түрү болбосун физикалык активдүүлүгүк болуп саналат. Физикалык активдүүлүк – бул сергек жашоонун бир бөлүгү. Биздин ансамблде хореография боюнча бардык сабактар өтүлөт. Түрдүү улуттардын бийлерин үйрөтөбүз.
– Бий кантип жаралат, кыймылдарды кайдан аласыздар?
– Мен музыканы угуп жатып, кыймылдарды ойлоп табам. Видеодон көрүп, ушул кыймыл жакшы экен деп туурай албайм, эмнегедир. Кээде ийгиликтүү чыгат. Кээде кайрадан оңдогонго туура келет. Эргүүгө жараша…
– Алдыдагы пландарыңыз кандай?
– Быйыл 20 жылдык концертибизге атайын коноктор келет. Эгер биздин команданын жумушун жактырышса, алдыда келишимдер түзүлүшү мүмкүн. Андан сырткары, жайында өтчү бир топ иш-чаралар бар. Аларга даярдык көрөбүз. Эң негизги максатыбыз – Кыргызстандын бий искусствосун көтөрүү жана даңазалоо!

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар