Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азиялык лицензиялык турнирге катышат. Бул кыргыз балбандары Нурзат Нуртаева менен Мээрим Жуманазарованын жекеме-жеке беттешүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Мээрим Жуманазарова Нуртаеваны акыркы аракети үчүн 2:2 эсеби менен жеңип алды. Ошентип, Мээрим лицензиялык турнирге катышуу укугуна ээ болду.
Олимпиадага жолдомолор берилчи мелдеш үстүбүздөгү жылдын 19-21-апрель аралыгында Бишкек шаарында өтөт.
Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында жаракат алып, мелдештин аягына чейин катыша албай калган. Натыйжада 68 кг салмакта Олимпиадага лицензия ала албай калган.