Пятница, 17 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапар менен барды

Бүгүн Малайзиянын тышкы иштер министри Утама Хажи Мохамад Хажи Хасандын чакыруусу боюнча тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга эки күндүк расмий сапар менен барды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Сапардын биринчи күнүндө эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө талкуулашты.

Кыргыз-малайзиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүнүн динамикасына канааттануу билдирилип, аларды мындан ары чыңдоо үчүн бул тенденцияны сактоонун маанилүүлүгү белгиленди. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, өлкөлөрүбүздүн ортосунда түз авиакаттамдарды ачууга, ошондой эле билим берүү жана халал индустриясы тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар