Среда, 22 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

«Ала-Тоо» аянты реконструкцияланат

Күн мурун Бишкекте «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоо маселеси боюнча көчмө жыйын өткөн. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жыйынга Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров, Биринчи май районунун башчысы Улан Сарылбек уулу жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Анда инфраструктураны жакшыртуу, шаардыктар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоо максатында «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо долбоору талкууланды.

Бүгүнкү күндө реконструкциялоонун эскиздик долбоору «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат.

Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде «Ала-Тоо» аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы реконструкциялоого байланыштуу пайда болушу мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар