Вторник, 21 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фонду түзүлөт

Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фонду түзүлөт. Идеяны өлкө башчысы Садыр Жапаров колдоого алгандыгын президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн күндүн биринчи жарымында Franklin Templeton Глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин башкы инвестициялык директору Манрадж Секхон баштаган делегацияны кабыл алган.

Жолугушууда Манрадж Секхон өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип ошондой эле Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фондун түзүү боюнча идеялары менен бөлүшкөн.

Фонддун максаты — мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу, ошондой эле башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү болуп саналары айтылган.

Жолугушууда ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуунун келечектүү долбоорлору тууралуу пикир алмашуу болду.

Маалымат үчүн: Franklin Templeton компаниясы 1,5 триллион АКШ доллары активдери менен ири глобалдык башкаруучу болуп саналат. Бул рынокто ал 70 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат, 150дөн ашуун өлкөнүн кардарларына жардам берип, чоң тажрыйбага ээ жана дүйнө жүзү боюнча акциялар рыногунун чечимдерин камсыз кылат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар