Пятница, 17 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Бишкектеги №216 кичи маршруттук каттам автобуска алмашат

Бишкекте бүгүндөн тарта №216 маршрутканын ордуна автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Акыркы аялдама “Ак-Өргө” жаңы конушунда жана “Аламедин-1” кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.

Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен карап турууга болот. Алардын ар бири GPS-трекери жана накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн валидатор менен жабдылган.

Белгилей кетсек, учурда Кытай өлкөсүнөн алынган  автобустардын экинчи партиясы келип жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар