Воскресенье, 19 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

Кыргызстанда байланыш кызматкерлеринин күнү — сандар жана фактылар

Бүгүн, Кыргызстанда байланыштын бардык тармактарынын адистеринин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Улуттук статистика комитети сандар жана фактылар менен кызыктуу маалымат даярдады.

Байланыш статистикасы боюнча алгачкы расмий маалыматтар 1937-жылы Улуу Октябрь революциясынын 20 жылдыгына карата басылып чыккан кыскача статистикалык маалымдамада жарыяланган. Анда берилген статистикалык маалыматтарга ылайык, 1935-жылдын 1-январына карата республикада:

  • 31 почтамт жана байланыш бөлүмү;
  • 197 почта агенттиги;
  • 632 почта ящиги эсепке алынган.

Почта продукциясын айыл жергесинде таратуу ошол кезде атчан (177 адам) жана жөө (342 адам) кат ташуучулар тарабынан жүргүзүлгөн.

Акыркы он жылдыкта республиканын байланыш тармагында маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын кириши менен шартталган чоң өзгөрүүлөр байкалды. Ошол эле учурда мобилдик байланыш тармагына кошулган абоненттердин санынын өсүү тенденциясы байкалды, ал эми стационардык байланыштын абоненттеринин саны тескерисинче туруктуу түрдө төмөндөдү.

Алсак, 2011-жылы 1000 адамга 89 стационардык телефон жана 903 уюлдук байланыш телефону туура келсе, 2023-жылы стационардык телефондордун саны 1000 адамга 26га чейин азайган, ал эми мобилдик номерлердин саны 1073кө жетип, бул мезгил ичинде 1,2 эсеге көбөйгөн.

Стационардык жана мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар