Воскресенье, 19 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Садыр Жапаров Москвага барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-майда, Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барды.

Мамлекет башчынын борту Москва шаарындагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы сапардын алкагында 8-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн тарта — Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин онунчу жылдыгына арналган юбилейлик жыйынына катышат.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар