Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Кучагын жайган 50 жылдык жолугушуу

Күндөр айга алмашып, айлар жылга орун берип, убакыт деген өтө берет экен… Зымыраган мезгил учуру – балалык кез өспүрүмгө кезек берип, анан өспүрүм курак жаштык кезге өткөзүп, кантип карылыкта өмүр сүргөнүмө өзүң да кээде ишенбей кетесиң…

Менин эрким жолдоштукка бек десем
Начар экем, айтпайт элем сезбесем.
Ичим жаман туз куйгандай ачышат,
Бирге окуган курбуларды эстесем…

(М.Буларкиева)

60 жыл мурун мектеп босогосун аттап, “Алиппе” китебинен «А» тамгасын жаттап, анан удаасы менен 10 жыл билим алып, акылыбызга – акыл, билимибизге – билим кошулуп, “Алгебра” китебиндеги чиелешкен маселелерди чыгарып, андан аркы өз алдынча турмушка аттанган элек. Андан бери учкул мезгилде ай артынан – ай, жыл артынан – жыл жыл сызып, арадан 50 жыл өтүп кетиптир. Эми минтип алдыбыз 70 жаш куракка карай аттанып калыптырбыз.

Ошентип Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы мурунку Үч-Коргон орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү жакынкы күндөрдө сагындырган жарым кылымдык жолугушуу мааракесин өткөрмөкчү болуп турушат.

Бул өмүрдө жамандык менен кыйынчылыкка туш болуп, аларды жеңе билсең – күттүргөн жаздай жадыраган жашоонун шаңдуу шарапаты келет экен.

“Алтын уя” аталган мектептин 50 жыл мурда аяктаган балапандары турмуш сапарына учуп кеткенден бери, тагдырларына жазганы ушул экен, “аттиң ай” дедирип, 21 бүтүрүүчүсүнүн көзү өтүп кетти. Армандуу кеткен аларды эстеп, муң-кайгыга батабыз. Көр тирликтин азабынан турмуштун мыйзамына баш ийип, ушул күндөргө жетпей калгандарына өкүнөбүз, эстейбиз, артында калган туяктары алар жашабай кеткен өмүрлөрүн улантышына тилек кылабыз.

Бир мектептен удаа 3 класс бүтүргөн окуучулардан азыркы учурда ар кайсы кесиптин ээси болуп, районго, облуска, республикага таанымал класс­таш окуган курбу-досторуң менен сыймыктанабыз. Улуу-кичүү жыйналган көпчүлүктүн арасынан биринчи жолу «классташ-курбуларды» издейсиң, жолугуп калышса, башка классташтарыңды сурамжылап, алар жана үй-бүлөсү жөнүндө жакындан билгиң келет.

Ошентип, балалыктын чарчабаган оюнуна тойбой кечке жүгүргөн, тал чыбыктан ат минип, Талас суусунун дарыясында чабак уруп жарыша сүзгөн, ак бантик чачына жарашкан сүйкүмдүү кыздардын сумкасын талашып, сүйүү кереметинен кат жазышкан окуучулук кездерди эстейбиз… “Эхх, кандай сонун окуучулук күндөр ай” – деп ырга салгың келет.

Азыр биз, бардык классташ курбулар, пенсия курагында болсок да, кээ бирлери өз кесиптеринин устаттары катары тажрыйбалуу адис кызматкерлерден болуп, андан ары жаштарга үлгү көрсөтүшкөн кызматтарын өтөөдө.

Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министри болуп иштеген, айыл чарба илимдеринин кандидаты, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери” ардактуу наамынын, Кыргыз Республикасынын аксакалдар кеңешинин Чыңгыз Айтматов орденинин ээси Таалайбек Айдаралиев, курулуш тармагында көп жыл жетектеген «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» ардактуу наамдын ээси Жантай Рахманов, медицина илимдеринин доктору, профессор Муктар Айталиев, өз учурунда республиканын аймактарында кажыбас кайраттуулук менен күч органдарында райондук, облустук жетекчиликтерде иштеген милициянын полковниктери Адхам Ахмедов, Анаркул Акматов, “Манас” совхозунун парторгу, андан кийин “Кыргызстан” айылдык кеңешинин төрагасы кызматында иштеген, маркум Болотбек Жолдошбеков, райондук партиялык комитеттин инс-пектору маркум Абдырашид Ахметов, “Жайыл районунун ардактуу атуулу”, “Айыл чарбасынын отличниги” төш белгисинин ээси Алымжан Асатуллаев, мөмөлүү кесиптин ээси катары көп жыл агартуу майданында эмгектенген Даражан Суванбердиева, бала-бакча тарбиячысы Булбул Айтпаева, экономисттер Иракан Айтпаева, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин “Финансы-экономикалык иштин отличниги” төш белгисинин жана Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик “Эркин Тоо” гезитинин “Кыргыздын алдыңкы айымы” төш белгисинин ээси Хатира Биймырзаева, энергетик-инженерлер Хамид Абазов, Барпы Мамбеталиев, Социалдык тармактын райондогу жетекчиси катары облуска таанымал Иса Үмөталиев, райондук статистика башкармалыгынын башкаруучусу Аскар Жамангараев жана башка аты аталбай, ардактуу эс алууда карылыктын кутман курагын неберелери менен өткөргөн классташтар менен сыймыктанабыз.

«А», «Б», «В» класстар болуп мектепти классташтар бирге бүтсөк да, кийин өмүр сүрүүдө 50-40 жыл чогуу жашаган «ө» тамгасындагы өмүрлүк классташ-курбулар болгон, аяш күйөө балдар, ке линдер менен мактанабыз. Жеңилин жерден, оорун колдон алган ошол курбулар чыныгы жашоодогу түбөлүк өмүрлөш бири-бирин кыйбаган, бир партада отурган окуучулардай ынтымакта өмүр сересинде жакшы ой тилек менен алыска карай багыттап, көлдө сүзгөн бир кайыкты айдашат.

Тоо дарыясындай токтобой, шар аккан суудай убакыт тез өтүп, бүгүн биз бактылуу карылыкта үй-бүлөдө төрдүн көркүн ачып, бала-чакага ак бата берген чоң ата, таята, чоң эне, таене “ардактуу” атка конгонбуз.

Азыркы учурда, уул-кыздарыбыз өз тизгинин өзү тартып, эл сыймыгына ээ болгонуна шүгүрчүлүк кылабыз. Өз таланты менен республикага эле эмес, андан тышкары да таанылган чыгармачылык жолундагы обончу, аткаруучу, сахна чебери Кундуз Таштаналиева, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жетекчилик кызматындагы аскердик полковник чининин ээси Динмухаммед Түлөбердиев, бел боо күрөшү боюнча Азиянын жана Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери Ырысбек Ажибеков, Үч-Коргон айылдык  кеңешинин 2 жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган, кеңештин төрагасы кызматында иштеген Манас Үмөталиев сыяктуу жана башка кыз-балдарыбыз калк кызматында көрүнүктүү иштерди жасап, эл көзүнө көрүнгөн инсандар экенине кубанабыз.

Мөмөлүү дарактын бал ширин мөмөсүн жеген адамдай болуп, кийин-ки учурларда неберелерден мамлекетке кызматы менен таанымал, Ата Журттун намысына жараган Ала-Тоо аймагынан алыс ысымы угулган биздин туяктарыбыз туу тутса деп тилек кылабыз.

Айтор, эмнеси болсо да, карылыкта курбу-курдаштардын кучагында бейпил замандын тынч жашоосунда оорудан тышкары өмүр сүрөлү. Тойбогон жа-шоонун 90 жаш курагынан ашып, тулпардай болуп жүгүрөлү.

Салам сага, мектептин 50 жыл мурунку бардык бүтүрүүчүлөрү! Бар болгула, курдаш кыздар, курбу балдар! Уча бергиле алыска-алыска, каркыралар!

Ажибек АЙЫЛЧИЕВ,
КРнын мамлекеттик кадр кызматынын отличниги,
Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракелик медалынын ээси, Талас облусунун ардактуу атуулу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар