Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Ысык-Көлдүн ирригаторлору жогорку түшүм алууга өбөлгө түзүү аракетинде

Ысык-Көл облусунун аймагындагы жалпы сугат аянты 157,884 миң гектарды түзөт. Бул аянттарды суу менен камсыз кылууда 3957.7 км каналдар экплуатацияланат, мунун ичинен — 772,8 км суу чарба башкармасы, — 501,2 км айыл өкмөттөрү, — 2683,7 км СПАлар аркылуу тейленет.
Жалпы облус боюнча 3698 гидротехникалык курулмалар, 66 суу сактагыч бар. Сугат суусун өз убагында коромжусуз, үзгүлтүксүз суу пайдалануучуларга жеткирип берүү, натыйжалуу пайдаланышын көзөмөлгө алуу жана ирригациялык тармактарды тийиштүү деңгээлде иштөөсүн камсыз кылуу, оңдоо калыбына келтирүү Ысык-Көл башкы суу чарба башкармалыгынын негизги милдеттери болуп эсептелет. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук суу чарба башкармалыгынын директору Улукбек Кебекович Баялиев гезитибизге берген маегинде айтып берди.

 

Сугат тармактарын өз убактысында даярдоо боюнча 2022-2023 жана үстүбүздөгү 2024-жылы натыйжалуу иштер аткарылды десек туура болот. Акыркы 3 жылда өкмөтүбүз суу чарбасына көўүл буруп каржылоо жагы кыйла көтөрүлдү. Акыркы 2022-2023-жылдары Ысык-Көл облусу боюнча 24,33 км чарба аралык каналдар капиталдык ремонттон өткөрүлүп калыбына келтирилди, сыйымдуулугу 20-30% жогорулады. 6 суу топтоочу көлмөлөр тазаланып көлөмү кеңейтилди, 99 суу тосмо бөлүштүрүүчү курулмалар капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүлдү, 27 суу өлчөөчү жана суунун көлөмүн эсепке алуучу гидропосттор оңдолду,162,78 км чарбалар аралык арыктар механикалык жол менен тазаланып сыйымдуулугу көтөрүлдү. Аткарылган жумуштарга 171,38 млн. сом жумшалды.

 

Үстүбүздөгү 2024-жылы облус боюнча мамлекеттик чарба аралык сугат тармактарын капиталдык ремонттоо, калыбына келтирүү жумуштарына 115,3 млн. сом каралып, бүгүнкү күнгө келген каражат 30,9 млн. сомду түзүп, өздөштүрүлгөнү 20,9 млн. сомду түздү. Ошондой эле чарбалар аралык каналдарды 2024-жылдын 1-майынан башталуучу вегетациялык сугатына даярдоо планы 30,0 млн. сомго түзүлүп, бүгүнкү күндө төмөнкү жумуштар аткарылды:
– 2,9 км чарба аралык каналдар ремонттон өткөрүлүп, 82% пайызды түздү, механизация жолу менен 18,3 км чарба аралык каналдар тазаланып 72%ды түздү, 27 гидрокурулмалар ремонттон өткөрүлүп 73%ды түздү, планда каралган 1 даана артезиандык скважина ремонттон өткөрүлдү, электр кубаты менен иштеген суу чарба башкармалыктарынын карамагындагы 5 даана насостук станциясынын 4 даанасында оңдоо жумуштары жүргүзүлүп, иштөөгө даярдык жүрүп жатат.
– Облус боюнча суу чарба тармагынын карамагындагы 772,8 км арыктардан 696,5,5 км суу салууга 90% даяр, 542,0 км. 70% арыктарга суу салынып суу пайдалануучуларга сугат суулары берилүүдө.

Үстүбүздөгү 2024-жылы облусубуздун суу чарба кызматкер жумушчулардын жүргүзүп жаткан орчундуу иштерин айтсак:
Ак-Суу району боюнча чарбалар аралык Подгорный каналында 530 метр аралыгында темир бетон Г-120 үлгүсүндөгү плита төшөлүп 90% жумушу аткарылды, арыктын пайдалуу коэффиценти жогорулады. Каракол айылындагы чарбалар аралык Сасык суу топтоочу көлмөсүндө шилендилерден тазалоо иштери жүрүп жатат, жумуш 65%га аткарылды, Комсомольский каналындагы гидрокурулмаларда ремонт жумуштары өткөрүлдү, 6 км аралыкка механикалык жол менен тазалоо жумуштары аткарылды.
Жети-Өгүз району боюнча Аң-Өстөн айылындагы ички чарбалык Кара-Көл насостук станцияны, Липенка айылындагы “Мельничный”, “Кой-Сары” насос-тук станцияларын Жети-Өгүз райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп алуу иштери жүрүп жатат.
Жети-Өгүз, Оргочор, Кызыл-Суу, айыл аймактарында ички чарбалык 10 артезиандык кудуктарды Жети-Өгүз райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп алуу иштери уланууда.
Чарбалар аралык МК-4 Подпитывающий каналдарында шилендилерден тазалоо иштери аткарылды, чарбалар аралык Зарпек каналында лоток коюу иштери жүрүүдө, чарбалар аралык Чоң каналында бетондук жумуштар аткарылууда.
Тоң району боюнча Үч-Коргон суу топтоо көлмөсүнүн курулушу 80% аткарылды, дамбасынын түбүндө бекемдөө жумушу жүрүп жатат. Болот Мамбетов айыл аймагындагы “Чокмор-Ата” сыйымдулугу 2,0 млн.м3 суу топтоочу көлмөнүн долбоору иштелип чыкты. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин каражат бөлүнсө курулуш иштери башталат.
Боз-Бармак каналында 8,0 км. чакырымда куруу долбоору иштелип жатат, ички чарбалык Жал-Арык, Туура-Суу арыктарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүү иштери бүткөрүлдү. Ушул арыктарга темир-бетон ноолорун (лоток) төшөп, сууну коромжуга учуратпай пайдалануу боюнча долбоор аткарылууда.
Чарбалар аралык Алагөз каналынын 7,5 км аралыгында механикалык тазалоо жумуштары, 4 гидрокурулма куруу жумуштары аткарылды, чарбалар аралык Ак-Сай каналында Маковский шит-затвору орнотулду, Кара-Күңгөй артезиандык скважинсында 2 насос алмаштырылып ремонт жумуштары жүргүзүлдү.
Ысык-Көл району боюнча 24,5 гектар кайрак жерди тамчылатып сугаруу боюнча иш чара райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан аткарылып жатат. Райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жамгырлатып сугаруу боюнча 1 техника орнотулду, сыноодон өттү. Суткасына 2 га. сугарып жатат. Корумду айылындагы ички чарбалык Кум-Бел суу топтоочу көлмө Суу чарбасынын карамагына алынып, шилендилерден тазаланды.
Тору-Айгыр, Сары-Камыш айылдарындагы ички чарбалык 47 км. арыктарды Суу чарбасынын карамагына өткөрүү бүткөрүлүүдө. Чарбалар аралык М-1, 1-Восточный, Совхозный каналдарында лотокторду, Г-120 блокторун алмаштыруу иштери аткарылып бүттү.
Түп району боюнча ички чарбалык Победа, Шаты суу топтоочу көлмөлөрүн, Садовый арыгын Суу чарбасынын карамагына өткөрүп алуу иштери жүрүп жатат.
Чарбалар аралык “Сасык” каналында бетондоо жумуштары жүрүүдө. Тепке насостук станциясынын катастрофалык таштоо курулмасын аягына чыгаруу иштери жүрүп жатат.
Акыркы жылдары табигый өзгө­рүүлөрдүн натыйжасында өзөндөрдө суу көлөмүнүн агымы төмөндөгөнү байкалат. Кышкысын кардын көлөмү, жайын-да жаандын көлөмү азайууда. Жай мезгилинде 15-20 жыл мурдагыга караганда өзөндөрдө суулар азайып сугат тартыш болууда, арыктарга батпай сайларга түшчү эле, кийинки жылдары арыкка толо берүүчү суу жок.
Суу чарбасынын адистери 2024-2035-жылдарга облусубуздун аймагында өзөндөгү сууларды топтоп, коромжуга учуратпай сугатка пайдалануу багыттарын иштеп чыгып, сунуштарды даярдаган. Облус боюнча 20 суу топтоочу көлмөлөр куруу (45,4 млн. м3 көлөмдө), 110,9 км. каналдарды реконструкциялап куруу, 38,7 км. каналдарды модернизациялап, пайдалуу кыймыл коэффициентин (КПД) жогорулатуу иштери. Ушул иш чаралар аткарылса 450,0 гектар жаңы сугат жери өздөштүрүлүп, 81136,0 гектар суу баскан жерлердин суу менен камсыз болушу жогорулайт.
Суу чарбасындагы кийинки учурда жүргүзүлгөн реформалар боюнча айтсак, Түп суу чарба башкармалыгы Талды-Суу өрөөнүндөгү “Зайнулин” ички сугат суу топтоочу көлмөнү өткөрүп алып, калыбына келтирип Ичке-Суу айылынын 115 гектар айдоо жерин суу менен камсыз кылды, 20 жыл бою көлмө иштен чыгып, суусу пайдаланылбай калган.
Суу чарба кызматкерлеринин муктаждыгын айтсак, автотехника жабдуулары менен толук камсыздоо мумкүн болбой жатат.
Облусубузда Совет доорундагы адистештирилген суу чарба курулуш ишканалары (4 ПМК, ХРСУ) жоюлуп кеткенине байланыштуу сугат тармактарын куруу, калыбына келтирүү жана кеўейтүү (реконструкция) иштери суу чарба кызматкерлеринин милдетинде жана мойнунда болуп калды. Облусубуздун автотехника менен жабдуу болгон шартын айтсак: 1 автокран, 1 бульдозер, 9 экскаватор суу чарба тармактарына иш жүргүзөт. Мында 4 экскаватордун запастык бөлүктөрү Кытайдан келбегендиктен толук кандуу иштетүүгө мүмкүн болбой жатат, 5 оор жүк ташуучу автомашина, 1 оор техникаларды ташуучу треллер запастык бөлүктөрдүн жоктугунан турат. Көлөмдүү (темир бетон лотоктор, плиталар ж.б.з.) ташуучу автомашиналар жок өзү жүктөп өзү ташып, алмаштырып коюучу манипулятор машинаны ар-бир райондук суу чарба башкармалыгына алып берсе жакшы болор эле. Сугат мезгилинде жумушчу кызматкерлерди жерине жеткизип, керектүү шаймандар менен камсыз кылуучу унаа жок. Негизги көйгөйдүн бири бул адистердин жетишпегендиги. Ушул учурда 30% иштеп жаткан адистер пенсия курагында 65-70 жаштагылар. Акыркы 20 жылдын ичинде инженер-мелиоратор кесиптеги адис келе элек. Анткени, маянабыз төмөн.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар