Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Паракорду калкалап, парктарды бүттүк талкалап

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсү боюнча шаардыктардын саламаттыгы жакшы болушу үчүн бир шаардыкка минималдуу 9 чарчы метр, максималдуу 50 чарчы метр бак-дарак туура келиши керек. Ошондо ар бир адамга орточо 20-25 метр чарчы метр бак-дарак аянты туура келет. Ал эми шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу нормаларында шаардын ири сейилбактарына шаардыктар 20 мүнөттө, чакан сейил бактарга 15 мүнөттө жеткидей шарт түзүлүшү керектиги жазылган. Тилекке каршы, учурда бишкектиктер шаардык сейилбактарга унаа менен же коомдук унаа менен гана жете алат. Мунун өзү борборубузда калкка жетиштүү парктар, гүлзарлар өтө аз экендигин айгинелеп турат.

 

Кыскарган Кычан Жакыпов паркы

Эми сейилбактарга келсек, Бишкектин эң эски, 139 жыл мурун белгилүү ботаник Алексей Фетисов тарабынан негизделген Кычан Жакыпов атындагы сейилбагынын жалпы аянты кезинде 9 гектар болуп, ал жерге 1951-жылы Пионерлер үйү курулган. А.Фетисов дүйнөдөн кайткан соң анын ишин Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьев улантып, ал жерге мөмө-жемиш бактарын отургузган. Пионерлер үйү иштеп турган убакта бул жай миңдеген балдардын маданий ыйык очогуна айланып, шаардык балдарды өзүнө тартып турган.
90-жылдары парк алгач мэриянын балансында болуп, кийин ӨКМ карамагына өтүп, а 2001-жылы Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына берилген. 2004-жылы парк Маданият министрлигинин энчисине тийген. Мына ушунун өзү эле мамчиновниктердин бул паркка кайдыгер болгонун көрсөтүп турат. А 2009-жылдан бери бул паркты толугу менен бизнесмен Аскар Салымбековго тиешелүү “Дордой” ассоциациясы 49 жылга ижарага алган. Андан бери ал жерде футбол аянтчалары жана спорттук объектилер курулуп, иштеп жатат. Бирок, учурда парктын Куурчак театр жайгашкан бөлүгү жакшы каралбай бак-дарактары куурап жатканын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Кагаз жүзүндө парктын аянты 4 гектарга жакын делгени менен азыр ал жерде алакандай эле бак-дарактуу жер калган. Ал дагы өз убагында каралбагандыктан жакшы көркүнө чыга албай келет.
Каракталган “Кара жыгач” Борборубуздун дагы бир сыймыктанар Кара жыгач сейилбагы эгемендүүлүк жылдары 216 гектардан 130 гектарга чейин кыскарган. Жүздөн ашык гектар аянтты ээлеген бул парк да 1883-жылы ошол эле Алексей Фетисовдун демилгеси менен негизделген. Фетисов 1879-жылы европалык мөмө дарактардын сортун эккен бул парктын жалпы аянты 1992-жылга чейин 215,69 гектар болгон. А 2017-жылы анын жалпы аянты болгону 128, 34 гектарды түзүп калган. 2022-жылы Бишкек мэриясы тарабынан бул парктын аянтын тактоо иши жүргүзүлүп анын ошол кездеги жалпы аянты 113, 22 гектар экени аныкталган. Ошол эле кезде паркта үй салып жашап жаткандар экс-мэр Эмилбек Абдыкадыровго жер участокторун мыйзамдаштырып берүү талабын коюшкан. Демек, Кара жыгач паркынын аянты учурда канча гектар экени азырынча белгисиз. Бирок, шаардын түндүгүндөгү жер астындагы суулар көтөрүлүп кетпеси үчүн жана борбор калаабыздын “өпкөсү” катары кызмат кыла турган парктын 60 пайызы бүгүн жок экенин эч ким төгүнгө чыгара албайт.
Аталган паркты сатууну кезинде Свердлов райондук администрациясы баштап берип, калганын Бишкек мэриясы, ошол кездеги кыргыз Өкмөтү улантып кеткен. Бул боюнча бир нече кылмыш иши козголгону менен кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтүнүн негизинде бир да мамчиновник кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Натыйжада минтип бүгүн ыш маселеси жаралып, ага ЖЭБди, жаңы конуш элин, автоунааларды айыптап отурабыз. А Бишкектин үстүндө уюлгуган ыштын пайда болушуна маморгандарындагы жемкорлук жана мыйзамсыз курулуштар да зор салым кошуп жатканын негедир айткыбыз келбейт.

 

Калыптандырганыбыздан кыйратканыбыз арбын

Бишкек мэриясы ар жылы жүздөгөн жаңы көчөттөр отургузулганы боюнча отчёт берет. Бирок, “Арча” демилгеси” коомдук фондунун изилдөөсү боюнча Бишкекте акыркы эле алты-жети жылда жашыл аймактар 20 пайызга кыскарган. 2014-жылдан 2022-жылга
чейин 250 гектар жерге бак-дарак отургузулса, 479 гектар аянттагы бак-дарак ар кандай себептерден жок болгон. Аталган фонд Бишкек аймагын спутниктен карап калаа территориясынын 9 пайызы гана жашылдандырылганын аныктаган.
Өкүнүчтүүсү, буга чейин жер сатуу боюнча далай кылмыш иштер козголгону менен анын көбү аягына чыкпай калып жатат. Бишкек мэриясы жашыл зоналарды курулуштарга өзү берип, сотко келгенде “Жер участокторун жашоочулар өздөрү берген” жүйөөсү менен иш жер ээлеринин пайдасына чечилет.
Албетте, акыркы жылдарда Бишкекте саналуу сейилбактар да ачылды. Бирок, алар негизинен шаардын түштүгүнө, тоо тарабына ачылды. А Бишкектин абасы булганч түндүк аймактарында болсо азырынча көрүнүктүү парк курула элек. Жакында Бишкек шаарынын мурунку таштанды полигону рекультивацияланып, анын үстүнө бак-дарактар отургузулду. Бирок, таштанды полигону 100 пайыз толук жабылбагандыктан ага жакынкы жылдарда адамдар эс алууга такыр мүмкүн эмес. Ошентсе да карапайым калк шаар бийлигинин мындай кадамдарын кубануу менен кабыл алары турган иш. Муну айтканыбыз, акырындык менен Бишкектин түндүк жагында да ири, чакан парк-тар көбөйүшү керек.

 

Эл көрсүн үчүн эмес, көгөртүш үчүн тигели

Учурда мэрияга караштуу “Бишкек жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасы бар. Бир караганда бул кызматтын адистери тынымсыз иш кылып жаткандай таасир калтырат. Бирок, негедир шаар ичинде ооруган, жарым-жартылай куураган, карт дарактар шаардын көркүн бузуп турганын байкоого болот. ЖМКлар кайсыл бир жерде бак-дарактардын куурап жатканын жарыяласа аталган мекеменин адистери ал жерге жетип барып ичүүчү суу менен ал жерди убактылуу сугарымыш болушат. Канча бир убакыттан кийин ал жер кайра унутулат. Мунун өзү аталган мекемеде системалуу иш жүргүзүү, жаан-чачын суусун чогултуп максаттуу пайдалануу, сугат системасын бир калыпка салуу жок экендигин далилдеп турат. Андыктан Бишкек мэриясы бул мекемени колго алып, каржылоону күчөтүп, жашылдандыруу ишине дыкат көзөмөл кылышы керек.
Жашылдандыруу демекчи, бизде бак-дарак­тардын жылын, алардын акыбалын так аныктаган мекеме жок. Ошол себептен бороон-чапкында, шамалда, кар оор түшкөн учурларда карт дарактар сынып дайыма шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып келе жатат. Ошондуктан башка өлкөлөрдөгүдөй Бишкекте эски бак-дарактарды ырааттуу жашартууну колго алышыбыз керек. Ар жылы мерчемдүү жерлердеги карт дарактарды кыйып, ордуна ар башка сорттогу эстетикалык көрк бере турган бактарды отургузсак Бишкек саналуу жылдарда көркүнө чыкмак. Бактарды отургузуу менен бирге, керек болсо тамчылатып сугарууну да унутпашыбыз керек. Себеби, сугаруу иши туура жолго коюлбагандыктан Бишкекте эле эмес, Кыргызстандын болгон булуң-бурчунда ар жылы көчөт отургузууга миллиондогон каражат жумшалып жатканы жашыруун деле эмес. Туурасын айтканда, “показуха” кылып отургузган көчөттөрдүн далайы бир-эки жумага жетпей ысыкта куурап жок болуп жатат. Эгер отургузулган көчөттөр багылбаса, акчаны курулай шамалга чачуунун кажети канча?!

 

Парктар курулуп жатат, бирок, алар жетишсиз

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Бишкекте 40ка жакын парк, скверлер жок болуп кеткен. Учурда борбордо 19 парк, 55 сквер, 4 токойчо жана 3 бульвар бар. Көпчүлүк парктардын ал-акыбалы начар жана алардын территориялары базар, жолдор менен кесилип калган. Айрым парктарда көп жылдардан бери жаңы көчөттөр отургузула элек болчу. Бирок, акыркы эки-үч жылда эски парктарда иш жүргүзүлүп, жаңы бак-дарактар отургузула баштады.
Адистердин билдиришинче, жашылдандырууга шаар калкын, активисттерди да тартып, отургузулган көчөттөрдү өстүрүүгө бекер жумушчу күчүн тапса болот. Өнүккөн өлкөлөрдө жаңы көчөттү кайсы бир адамга байлап берип, кийин анын өмүр таржымалын, бактын жашын, тарыхын бакка такта кылып илип коюшат. Ушундай тажрыйбаны колдонуу менен бак-дарактардын санын көбөйтсөк болот дешет алар. Ошондой эле алар жашыл аймактардын көбөйүшү менен адамдардын ден соолугу жакшырып, стресс азаярын кошумчалашат. Андыктан асман тиреген кабаттуу үйлөрдү көбөйтүү менен эле биз шаарды жашылдандырууну да ойлонушубуз зарыл.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар