Понедельник, 20 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

Гезитке “Эркин Тоо” атын ыйгарган – Эшенаалы Арабаев

Буга чейинки сандарыбызда “Эркин-Тоо” гезитин түптөп, улуттук басма сөзгө чыйыр салган кыргыздын чыгаан уулдары – Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев жана Мустапа Акматов болгонун айтып өткөнбүз. Бул төртөөнө баш-көз болуп, акыл-насаатын айтып, гезит үчүн жан үрөгөн ошол кездеги Билим коммиссариатынын төрагасы, алгачкы агартуучу Эшенаалы Арабаев болгон.

 

“Кыргыз алфавити” түзүлбөсө “Эркин Тоо” чыкмак эмес

“Эркин Тоо” гезитинин 40 жылдык юбилейине карата Айткулу Убукеев “Кутмандуу кырк жыл” аттуу макала жазган. Анда: “Өз тилинде жазмасы, журналисти, басмасы болбостон туруп, өзүнүн газетасын чыгарган эл дүйнөдө болгонбу, жокпу?.. Ал эми “Советтик Кыргызстан” газетасы “Эркин Тоо” деген ат менен чыга баштаганда, кыргыздын жазмасы да басмасы да, журналисттик кесип кылган бир кишиси да жок болучу” – деп белгилейт.
Бирок, Зияш Бектенов “Замандаштарым жөнүндө эскерүү” деген китебинде Убукеевдин бул пикирин негизсиз деп билдирген. Анын айтымында, 1923-жылдын аягында Билим комиссариаты Э. Арабаевге “Кыргыз алфавитин” түзүү тапшырмасын берет. Ал алфавитти түзүп, 1924-жылдын 1-мартында басмага тапшырып, ал 4000 нуска менен Ташкенттен басылып чыгат. Мына ошондон кийин гана “Эркин Тоо” гезитин чыгарууга даярдыктар көрүлө баштайт. “Бир улуттун тилинде газета чыгарыш үчүн, алгач ал улуттун алфавитин түзүп, алип-бээсин жазуу талап кылынат. Алфавити жок туруп, газета чыгарышка эч мүмкүн эмес”, – деген З.Бектенов.

Бел байлашкан берендер

Алфавитибиз басылып чыккандан кийин эми гезит чыгаруу милдети турган. Жаңыдан өз алдынча автономдуу облус болуп жарыяланган маалда улуттук гезит чыгаруу, болгондо да өз жеринде эмес бөтөн жерде басып чыгаруу оңойго турган эмес. Ошондой болсо да жогоруда аттары аталган 5 киши бири-бирин эш тутуп, таманы тешилгенче чуркап, улам бир эшикти кагып жүрүшүп, тун басылманы жарыкка чыгарышкан. Бул тууралуу белгилүү жазуучу жана журналист Самсак Станалиев өзүнүн тарыхый-психологиялык “Касым Тыныстанов” аттуу романында мындай деп баяндаган: “…Гезит чыгарабыз дегендерди Ташкент басмаканасы анчалык деле жактырышкан жок… Кай бири түз эле “Пишпектен же Москвадан чыгаргыла”, – дегенге чейин барышты. Ушундай убайым берген күндөрү Сыдыктын өтүгү жыртылды. Материалдарын түнү бою ырастап, таң менен кошо басмакана ишине аралашып, аке-жаке мамилеге өттү. Ишенгени Ишеналы Арабаев, ошого акыл салып, кирчү жерлерине кээде ээрчитип да алат. И.Арабаев болсо Сыдыктын өзүнө бел байлайт, ишти ушул жылдырат, Кудай, колун кармаба деп тилейт…” [Самсак Станалиев “Касым Тыныстанов” Бишкек, 2001-жыл].

Баарынын эш тутканы Э.Арабаев болгон

Редакциянын эң улуусу С. Карачев 24 жашта, калгандары 20-21 жаштагы жаш көч баштоочулардын эш тутканы, ишенгени эле – Эшенаалы Арабаев болгон. Ал эми туңгуч редактор – Осмонкул Алиев 21 гана жашта эле. Ал кезде Арабаев 42 жашта болгонуна карабай , аны “ачык жолдуу карыя” аташып, сый-урмат көрсөтүп, айтканын жерге калтырышкан эмес.
Анын үстүнө «Эркин Тоо» гезитинин редактору Осмонкул Алиев Кыргыз облусунун комсомол уюмун уюштуруу милдети менен бошобой жүргөндө Эшенаалыга кайрылып: «…Гезит менен басмакананы билген Сыдыкем турган соң менин биерге керегим деле жок, андан көрө тиякта болоюн, келгенде келем, кеткенде кетем. Сизде Ишеке, татар, казак элинде да агартуучулук кылып, гезитке макала жазып, балдарга китеп чыгарып берип дегендей тажрыйба бар. Сыдык сизге кеңешсин, сиз Сыдыкка акыл салыңыз, мына бул шакирттериңиз менен даярдай бергиле. Мен даяр болгондо сөзсүз келем», – деп табыштаганы бар (С. Станалиев «К. Тыныстанов» романы).

“Эми “Эркин Тоону” колуңардан чыгарбагыла”…

Төл башы гезитке ат коюу жоопкерчиликтүү иш болгондуктан редакция кызматкерлерин терең ойго салган. Ошондо С. Карачев гезитке ат коюп берүү өтүнүчүн айтып, “эл тарыхынын энциклопедисти” Эшенаалы Арабаев-ге кайрылган. Редакция кызматкерлери гезит атында “тоо” деген сөздүн сөзсүз болушун каалашкан. Алар өз ара акылдашып отуруп, Эшенаалы Арабаевдин сунушу менен гезитке «Эркин Тоо» деген атты ыйгарышкан. Аны “РКП”(б) БКнын Орто Азия бюросу бекиткен. Бул тууралуу кыргыздын туңгуч агартуучусу Эшенаалы Арабаев “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы санына жарыялаган көлөмдүү макаласында мындай деп жазган: “Эзелден берки кыргыз элинин мекени Ала-Тоо, Улуу-тоо болгон. Саргарып, зарыгып алдынан күткөн үмүтү эркиндик, теңдик болгон эле. Мына эми кыргыз элинин көптөн күткөн эркиндиги өз колуна тийип эрктүү облус – өзүнчө мамлекет болуп түтүн булатып олтурат. Ошондуктан кезитибиздин атын “Эркин Тоо” койдук. Эми “Эркин Тоону” колуңардан чыгарбай бек кармап, үзбөй окуп, мунун бетине арыз-муңуңарды тартынбай жазып тургула”.
Ошону менен бирге жаңы түптөлгөн гезиттин кыргыз эли үчүн маанисин, айрыкча, маданият, илим-билимге жетүүдө, сабатсыздыкты жоюуда гезиттин аткарган кызматын баса белгилеп көрсөткөн.
Ушул кубанычты улай Э.Арабаев 1924-жылы 10-августта төрөлгөн уулуна да гезит атына окшотуп Эркин деген ысым ыйгарган (Эркин Ишеналиевич Арабаев кийин Кыргызстандын белгилүү экономисти, профессор болуп, 1962-жылдан тартып К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунда ректорлук кызматты аткарган).
Эркин Арабаев атасы тууралуу: “Атамды жакшы эстей албай калдым, менин аң-сезимимде ал киши бир боо “жарык” көтөрүп келип, кыргыз элине билимдин кудуреттүү чырагын жандырган инсан” – деген эскерүүсү бар (А.Осмонкуловдун “И.Арабаев – көрүнүктүү агартуучу” китебинен).

Чырак майсыз күйбөйт… Гезит акчасыз чыкпайт…

Адегенде “Эркин Тоо” гезити 1000 нускада чыгарылып калкка бекер таратылган. Редакция 1925-жылдын январь айынан баштап гезитти акчага сатуу чечимин кабыл алышат. Э.Арабаев аксакал катары бул демилгенин башында туруп, “Эркин Тоонун” №3 санында кыргыз журтчулугуна кайрылуу жазган: “…Бул гезит бардык кыргыз эмгекчилерине шоола болуп, аларды келечектеги эң сонун жаңы турмушка үндөй турган кубаттуу курал. Албетте, майсыз чырак күйбөгөн сыяктуу, гезит акчасыз чыгарылбайт. Ошондуктан жалпы кыргыз эмгекчилерин жалпы ашарга чакырып,“Эркин Тоого” алуучу болуп жазылууларын өтүнөбүз” (Кыргыз журналистикасынын тарыхы, 2002-жыл, Жылдыз Бакашова).
Бирок, ошол учурдагы тарыхый шартка, кат сабаты жоюлган адамдардын аздыгына байланыштуу бул милдетти орундатуу кыйын болгон. Бүткүл Россиялык эл каттоонун маалыматы боюнча 1920-жылдары кыргыздардын 4,6 пайызы гана (0,8 пайызын аялдар түзгөн) жазганды жана окуганды билген.
Ошон үчүн гезит алгачкы айларда 1000 нуска менен чыгып, такай жазылуучулардын саны 150нү гана түзгөн. Ага карабастан кыргыз азаматтарынын жасаган аракети, талыкпас мээнетинин аркасында “Эркин Тоо” канатын жайып, анын сандары алыскы тоо арасындагы көчмөндүү карапайым калктын үйүнө чейин жете баштаган.
Арадан 3 жыл өткөн соң гезит нускасы 6500гө жеткен. 1934-жылы “Кызыл Кыргызстандын” бир жылдык тиражы 12 миң 800, 1944-жылы 15 миң, 1954-жылы 65 миң, “Советтик Кыргызстандын” 1964-жылы 87 миң, 1974-жылы 120 миң, ал эми 1984-жылы 133,5 миң нускага жеткен. Албетте бул сандар жана алардын жыл өткөн сайын эселеп өсүүсү кыргыз элинин илим-билим үйрөнүүгө, өлкөнүн ички-тышкы саясатын билүүгө кызыкканын, жалпы элдин маданий деңгээлинин өскөнүн далилдеп турат.

Азапка калган агартуучу

Арабаев макала жазуу менен гана чектелбей, гезиттин ар бир санын даярдоого, ага олуттуу маселелерди көтөргөн макалаларды тандап жарыя-лоого, маданий-агартуу, мектептердин окуу-тарбия иштерин жакшыртууга байланыштуу көп макалалардын жарыяланашына зор салымын кошкон. Андан сырткары эл адабиятын чогултуп, окуу китептерин жазып, агартуу иштери менен жүргөндө, 1926-жылы ага карата саясий куугунтуктар башталган. Бул тууралуу К. Карасаевдин эскерүүсү бар: “Кыргыз адамдарына абдан барктуу адам эле. 1926-жылдан баштап, Ишеналыга түрдүүчө саясый айыптар коюла баштады. “Отуз” дегендин тобуна катыштың деп, партиядан чыгарып салды окшойт. Кыргыздын биринчи агартуучусунун артынан кара көлөкө ээрчиди да калды. 1933-жылы “Социал туран партиясы” деген жасалма уюмду Кеңеш өкмөтүнүн баш кесерлери ойлоп чыгарды да, кыргыз элинин кылтанактай болуп жаңыдан өсүп келе жаткан адамдарын камап салды. Ишеналы да ошондо камалды. Ал кары киши эмес, жаңыдан эле жогорку окуу жайын бүтүргөн мен да камалдым. Мага окшогондордун бир тобу камалды. Кээ бири атылды. Калгандары сандалып жүрүп жок болушту” (“Ишеналы Арабаев” туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган жыйнактан).
Бүт өмүрүн элдин сабатсыздыгын жоюуга арнаган окумуштуу 1933-жылы 11-майда 11 жалаа менен камакка алынган. Ошол эле жылы 7-июнда эртең менен Арабаев жаткан камерага ташкенттик тергөөчү С.Левшин кирип чыккан. Ал эми кечинде камерадан Эшенаалы Арабаевдин сөөгү табылган. Ал 1958-жылы толугу менен акталган.

P.S. Эскерте кетсек, көпчүлүгү Ишеналы Арабаев деп жазып жүрүшөт. Бирок, анын азан чакырылып коюлган аты Эшенаалы болгон. Муну тарыхтагы анын өздүгүн тактоочу документтери тастыктап турат. Макалада Эшенаалы деп бергенибиз менен эскерүүлөрдөгү Ишеналы дегенди өзгөрткөн жокпуз.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар