Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок айылында шамал электр станциянын курулушуна капсула салынды.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шамал электр станциясын куруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инфраструктуралардын өнүгүүсүнө алып келерин белгиледи.
«Энергетика тармагында акыркы эки жылдын ичинде бир катар чакан жана орто ГЭСтер курулду. Алдыдагы эки жылда өлкөдө электр энергиясынын таңкыстыгы жоюлуп, экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди Акылбек Жапаров.
Шамал станциясын курууга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каражат каралып, курулуш иштерин «Росатом Возобновляемая энергия» акционердик коому жүргүзөт.
Долбоордун жалпы суммасы 120 млн долларды түзөт. Станциянын кубаттуулугу 100 МВт. 280 млн КВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Курулушу бир жылда бүтөт.