Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 26-декабрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салды.
Иш-чарага Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бажы кызматынын төрагасы, Айыл чарба министри жана жергиликтүү тургундар катышты.
“Бүгүнкү күндө бизде жогорку А класстагы кампалар жетишпейт. 2030-жылга чейин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бүтсө, “Бедел” өткөрүү пункту толук кандуу иштей баштаса, анда бул базар алда канча таасирдүү болот. Ошондуктан Кыгызстан азыртадан даярданышы керек. Бүгүн биз мамлекет үчүн маанилүү, замандын чакырыгына жооп берген стратегиялык долбоордун курулушуна старт бергени турабыз.
Бул соода-логистикалык хабдын ичинде чакан жана орто бизнестер ачылат. Алардын өсүшү үчүн ушул хаб күчтүү платформа болуп калат. Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга болот. Борбор эл аралык стандарттарга ылайык, айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын натыйжалуу сактоону камсыз кылат”, — деди А. Касымалиев.
Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев бул Кыргызстандагы эл аралык стандарттарга жооп берген биринчи логистикалык борбор катары курулуп жатканын айтты.
“Бул жерден АКШ өңдүү ири өлкөлөргө продукциялар экспорттолот. Министрлер Кабинети ушундай деңгээлдеги 20 соода-логистикалык борбор курууну пландап жатат. Бул өлкөнүн бардык аймагында курулат. Андан сырткары кайра иштетүүчү 70 ишкана курулат.
“Бул проектти колдоп берген кыргыз өкмөтүнө, жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдирем. Биздин борбор ишке киргенде 100дөн ашык айлык акысы жогору болгон кызмат орундар түзүлөт”, — деди “Алканов Групп” ЖЧКсынын жетекчиси Ч. Алканов.
Ал Достук айыл өкмөтүнө 20 миллион сомдук сертификат тапшырды. Мындан сырткары дагы жергиликтүү бийликке жардамдар бериле турганын кошумчалады.
Бул соода логистикалык борборун “Алканов Групп” ЖЧКсы салып жатат. Анын жалпы баасы 21 миллион доллар деп бааланды. Курулуш иштери канча убакытта аяктаары так айтылган жок.
“Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун жалпы аянты 136,000 чарчы метрден ашат, анын 120,000 чарчы метрин супер кампалар түзөт.