Айыл чарба министрлиги кыргызстандык дыйкандарды колдоо максатында кантты импорттоого 6 айга чейин тыюу салууну сунуштады.
Быйыл 870 миң тонна кант кызылчасы жыйналды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 249 миң тоннага көп. Үстүбүздөгү жылы 120 миң тонна кант өндүрүлүп, өлкөнүн ички керектөөсү толук камсыз болгон.