Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Адам баласы кумурскаларга караганда айрым жерде кемирээк

Кумурскалардын социалдык жандык экени илимде далилденген. Жандуулардын ичинен адамдар менен кумурскалар гана оор, көлөмдүү жүктөрдү биргелешип ташууга жөндөмдүү. Башкалары мындай сапатка ээ эмес. Ооба, жырткычтар тобу менен кол салат, кармашта үйүр-тобу менен аракеттенет, бирок кандайдыр бир оор жөктү биргелешип ташууга кудуретсиз келишет.

Бирок, кумурскалар адамдарга караганда жакшы уюшкан жана өз ара кызматташа билген макулуктар экенин окумуштуулдар эми аныктап отурушат. Вейцман илим-изилдөө институтунун профессору Офер Файнерман менен анын командасы кызыктуу эксперимент жүргүзүп, анын жыйынтыгын Proceedings of the National Academy of Sciences журналына жарыялашкан.

Анда окумуштуулар эки түрдүү, бирок окшош лабиринттерди жасашкан. Экспериментке 1, 7 жана 80 кумурскадан турган 3 топтогу кумурскалар катышкан. Ал эми адамдардан 1, 6 жана 26 кишиден турган топтор катышкан. Бир нече жолу кайталанган экспериментте формасы татаал, окшош нерселерди бирдей лабиринттен топтор кантип, канча убакытта алып чыга тургандыгын көрсөткөн. Бир жана 6 адамдан турган топ ушул эле сандагы кумурскаларга караганда тапшырманы тез жана оңой аткарышкан.

Бул, албетте, адамдардын жогорку когнитивдик артыкчылыгы экени түшүнүктүү. Бирок адамдар менен кумурскалардын чоң тобу катышкан экспериментте кумурскалар адамдарга караганда тез уюшуп, тапшырманы жеңил аткарууга жөндөмдүү экенин көргөзүшкөн. Адамдар канчалык көп болсо, ошончолук ары тартышып, бери тартышып жатып, тапшырманы далайдан соң гана аткарышкан. Ал эми 80 кумурскадан турган топ 26 кишиден турган топко караганда кыйла жогорку деңгээлде кызматташууга жөндөмдүү, мыкты уюшкандыкты көрсөткөн. Жан бүткөндүн арасында акылдуунун акылдуусу адам баласы экени талашсыз. Бирок, кимиси канчалык уюшкандыкка жана кызматташтыкка жөндөмдүү экенин  тастыктаган эксперимент – адам баласы деле айрым учурларда кумурскаларга караганда кемирээк экенин да кыйытып тургандай.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар