Пятница, 27 декабря, 2024
-7.9 C
Бишкек

Орусияда полиция 570 мигранттын документтерин текшерди

Орусиянын Омск облусунда полиция рейд жүргүзүп, 570 мигранттын документтерин текшерип, үчөөсүн өлкөдөн чыгарды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, рейд учурунда миграциялык мыйзам бузулган 88 учур катталды. Административдик мыйзам бузуу деп Орусияга кирүү же жашоо режимин сактабоо, каттоого турганда туура эмес маалымат берүү, мыйзамсыз иштөө саналат.

Мындан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, чет элдиктерди жасалма каттоого тургузуу үчүн 12 кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар