«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы өз абоненттерин жаңы жылды карызсыз тосууга чакырат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, коммуналдык төлөлмдөрдү өз убагында төлөп туруу жогорку сапаттагы кызматтарды үзгүлтүксүз камсыз кылат жана шаардагы суу менен камсыздоонун туруктуу иштешине өбөлгө болот.
Төмөнкү жерлерге төлөөгө болот:
- Онлайн төлөө үчүн интернет-банк;
- Кошумча комиссиясыз электрондук капчык;
- Шаар боюнча терминалдар;
- Почта байланыш бөлүмдөрүндө жана 10-кичирайон, 35 дареги боюнча борбордук кеңседе.
«Урматтуу шаардыктар! Сураныч, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун маанилүүлүгүн унутпаңыз. Сууну үнөмдөө жана чыгымдарды азайтуу үчүн сууну колдонбогон агызбаңыз. Төлөө мөөнөтүн сактоо бардык абоненттер үчүн үзгүлтүксүз суу менен камсыздоонун кепилдиги болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.