Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Кыргызстандын алдыңкы адвокаттары

  Байдалиева Назира Салимбековна

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Адвокаттык ишинин стажы 18 жыл. Сокулук районунун Адвокатурасында адвокат, Бишкек шаарындагы Калкка акысыз юридикалык жардам берүү борборунда башчы болуп иштеген.

Азыркы убакта Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Адвокатурасында эмгектенет.

2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы  Эл аралык бейтарап (Третейский) сотунун арбитри.

Бишкек шаарында Калкка мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам берүү  боюнча адвокат. «Юристтер адам укуктары учун» коомунда адвокат.

40тан ашык, ошонун ичинде «Арбитраждык соттун алдындагы Бейтарап соттун арбитри», «Кепилденген юридикалык жардам жөнүндө  Кыргыз Республикасынын закондору», «Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү адвокаттын ишмердиги», «Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин нормаларын колдонуу», «Мурас укуктары боюнча суроолор жана жооптор», «Кыргыз Республикасынын Граждандык-процессуалдык кодексинин нормаларын түшүндүрүү жана колдонуу» курстарынан өткөндүгү туурасында сертификаттары бар.

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишмердигине  активдүү катышкандыгы үчүн», «Жигердүү эмгеги жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишмердигине активдүү катышкандыгы үчүн»  жана башка жетишкендиктери үчүн көптөгөн  Ардак грамоталар менен сыйланган.

«Баңги заттарын, психотроптук каражаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан жоруктар жана кылмыштар боюнча иштердеги алдынкы адвокаттык практика» практикалык куралынын авторлорунун бири.

Назира Байдалиева ар кандай сот инстанцияларында ондогон  процесстерде өзү жактоого алган тургундардын маселелерин кароодо жеңип чыккан. Коомчулукта резонанс жараткан көптөгөн иштерде жарандардын кызыкчылыктарын ийгиликтүү коргогон, ал иштер туурасында «Юристтер адам укуктары үчүн» коомунун Фейсбук баракчасынан окуй аласыздар.

Назира Байдалиевага төмөнкү телефон менен кайрылсаңыздар болот:

(+996 702) 43-11-30.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар