Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Иран биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту.
Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө, транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты.